“Азаттыктын” мына ушул бир жыл ичиндеги ишмердигинин урунттуу учурларын, чыгармачылык чабыттарын жана алардын тыянактарын тизмектеп эске сала кетели.
"Азаттык" жана коом
“Азаттык” радиосу 2018-жылы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата анын мурастарын жайылтууга салым кошуу максатында “Мен билген Айтматов” аттуу онлайн сынак жарыялаган.
Бир жыл ичинде конкурстун кат куржунуна жүздөн ашык эскерүү баяндар, блогдор келип түшүп, алардын дээрлик бардыгы “Азаттыктын” сайтына жарыяланып турду. Анын негизинде китеп чыкты. Анын ичине сайтка жарыяланган Чыңгыз Айтматовду эл арасында көргөн, качандыр бир кезде жолуккан адамдардын мыкты деп табылган кызыктуу эскерүүлөрү, талдоолор топтолду.
Дүйнөлүк жазуучуну аздектеген замандаштарга, адабият сүйүүчүлөргө, Айтматов таануучуларга, студенттерге, окуучуларга арналган бул китептин бет ачары 7-июнда «Азаттыктын» Бишкектеги кеңсесинде өткөн.
“Айтматовдун элдеги элеси” – “Азаттык” радиосу чыгарып жаткан төртүнчү китеп. Буга чейин маркум Азамат Алтайдын өмүр баянына арналган "Азаттык жана демократиянын жарчысы", “Үркүн – 100: кылымдар унутулгус кыргын”, “Улан Эгизбаев: Чындык деп жанган өмүр” китептери жарык көргөн.
2019-жылы «Азаттыкка» түз болбосо да кыйыр таасири бар китептер жарык көргөнүн эске сала кетели. Анын бири америкалык Жеффри Лилинин кыргыздын чыгаан жазуучусу менен «Азаттыктын» кыргыз кызматынын негиздөөчүсүнүн тагдырларын баяндаган «Азамат Алтай жана Чыңгыз Айтматов: Темир тордун эки тарабындагы тагдырлар» китеби.
Экинчиси – Сталиндик репрессия жана советтик идеологиянын курмандагы болгон адамдардын тагдырын баяндаган «Эсимде: өткөн тарыхты эстеп» долбоорунун «Чиеш тагдырлар» китеби.
Тарыхчы Элмира Ногойбаеванын бул долбоору «Азаттык» радиосу менен жыл бою кызматташты. Анын жыйынтыгында окурмандарыбызга катаал жылдардын курмандыгы болгон адамдар тууралуу макалаларды, фактыларды билүүгө мүмкүнчүлүк ачылды.
"Азаттыктын" атайын долбоору
"Азаттык" 1999-2000-жылдары Кыргызстандын түштүгүндө болгон окуялар тууралуу "Баткен окуясынын актай барактары" аттуу беш сериядан турган даректүү тасма чыгарды. Анын таасирдүү тасма болуп калгандыгын миңдеген көрүүчүлөр далилдеди. Бул тасма "Азаттыктын" чоң чыгармачыл тобунун 2019-жыл ичиндеги үч-төрт айлык ишинин үзүрү болду. Ал топтун ичинде Баткен окуясынын изине түшүп, көптөгөн материалдарды топтогон кабарчыларыбыз Замира Кожобаева, Медербек Ниязалиев жана операторубуз Айбек Кулчуманов да бар.
“Өзбекстандын ислам кыймылынын” (ӨИК) террордук согушкерлери менен Кыргызстандын аскерлеринин 20 жыл мурдагы кагылышуусу “Баткен согушу”, “Баткен окуясы”, “Баткен коогалаңы” деген ат менен тарыхта калды. Анда 53 адам курман болуп, 130дан ашыгы жараат алган.
«Азаттык» радиосу 2019-жылы журналисттик иликтөөлөргө, жер жүзүнүн көйгөйүнө айланган экология маселелерине да басым жасады.
«Эксперттер талдайт», «Жашыл планета», "Элдик экономика", "2х1", "Эже-сиңдилер" берүүлөрү баштаган саясий, социалдык, маданий жана жаштар долбоорлору жаңыча формат, изденүүлөр менен чыга баштады.
Кайталангыс фотобаяндарды топтоп, элге тартуулоо да сайттын быйылкы табылгасы болуп калды.
Учурда «Азаттыктын» сайтында «Мен коррупцияга каршымын» аттуу сынакка келген макалалар четинен жарыяланып жатат. Сынакка макала кабыл алуу 1-декабрдан тарта токтогон, жыйынтыгы январь айында чыгат.
«Азаттык» жеке эле радио, теле жаатында эмес, социалдык медиада да активдүү иш жүргүзүп келет. Күндөн күнгө көбөйүп жаткан окурмандардын талабын эске алып, ар багыттагы кызыктуу видео, сүрөт жана репортаждарды даярдаганга аракет кылып кылат. Учурдан пайдаланып, быйыл август айында «Азаттыктын» «Инстаграмдагы» баракчасына жазылгандар миллиондон ашканын айта кетели.
"Азаттыктын" жамаатынын жылдык иши тууралуу видео төмөндө.
Уланбексиз бир жыл
Улан Эгизбаев бул жалганда 28 жыл гана жашаса да коррупция, коомдогу терс көрүнүштөр тууралуу иликтөөлөрү менен кыргыз журналистикасына чыйыр салып кетти. Уланбектин жүрөгү токтогону менен баштап кеткен иликтөөлөрү токтогон жок. Анын артында калган иши, максаттары экинчи өмүрүнө айланды.
Уланбек каза тапкан 2018-жылы 14-сентябрда Журналисттик иликтөөлөр фонду ишке киришкен эле.
Уюм Уланбек Эгизбаев атындагы 12-февраль - туулган күнүнө жыл сайын ыйгарылчу журналисттик иликтөө сыйлыгын негиздеген.
2019-жылдын 12-февралында "Азаттыктын" кабарчысы Ыдырыс Исаковдун үч иликтөөсү бул сыйлыкты жеңип алган.
Апрель айында Уланбек Эгизбаевдин иликтөөлөрү жана башка эмгектери орус тилине которулуп, басылып чыкты. Уланбек Эгизбаевдин кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыккан («В поисках истины», "Чындык деп жанган өмүр") китеби «Азаттык Медиа» мекемесинин демилгеси жана «Сорос - Кыргызстан» фондунун каржылык колдоосу менен жарык көргөн.
Башта айткандай Уланбектин жолу, экинчи өмүрү улана берет. Анын калтырган эмгектери, чындык үчүн күрөшкөн өмүрү кыргыз жаштары үчүн үлгү бойдон кала берет.
“Азаттыктын” кабарчылары алган сыйлыктар
Башта айткандай, Журналисттик иликтөөлөр фонду 2019-жылдын башында жарыялаган сынактын баш байгесин «Азаттыктын» Ош облусундагы кабарчысы Ыдырыс Исаков жеңип алган.
Кыргызстан журналисттер союзу маркум Уланбек Эгизбаевге жана «Азаттыктын» башкы редактору Бурулкан Сарыгуловага «Мыкты журналист» сыйлыгын тапшырса, «Азаттыктын» кабарчылары Бакыт Орунбеков менен Руслан Калматовго аталган бирликтин сыйлыгынын лауреаты төш белгисин ыйгарды.
«Азаттыктын» кабарчысынын тасмасы эл аралык фестивалда 1-орун алды
«Азаттык плюс» телеберүүсүнүн алып баруучусу Айдана Топчубаеванын «Аяна» аттуу фильми IV Түрк дүйнөсү даректүү тасмалар фестивалында 1-орунду ээледи. «Тогуз өлкө, тогуз шаар, бир фестиваль» урааны менен өткөн фестивалга дүйнө мамлекеттеринен 150дөн ашык тасма катышкан.
«Аянада» улакчы болууну кыялданган кичинекей кыздын күнүмдүк турмушу чагылдырылган. Айдана аны дипломдук иш катары филология илимдеринин кандидаты Гүлзада Станалиеванын көркөм жетекчилиги менен тарткан.
Ноябрь айында Айдананын ушул эле тасмасы КМШ мамлекеттеринин жаш киночуларынын «Үмүт» кинофестивалында «Мыкты фильм», «Бир дүйнө - Кыргызстан» кинофестивалында "Эң мыкты улуттук тасма" наамдарын жеңип алды.
«Бир дүйнө - Кыргызстан» кинофестивалында» «Азаттыктын» дагы бир журналисти Санжар Эралиевдин «Дарт тооруган балалык» тасмасы жаш калыстардын мыкты деген баасына татыды.
Ноябрь айы “Азаттыктын” кабарчылары үчүн жемиштүү болду десек болот. Ош облусундагы кабарчыбыз Медербек Ниязалиев чек ара маселелерин чагылдыруу боюнча журналисттер арасында “Немис толкуну” радиосу уюштурган сынакта биринчи орунга татыды.
Жалал-Абад облусундагы кабарчыбыз Руслан Калматов "Курак" аялдар форуму" коомдук бирикмесинин сыйлыгын жеңип алды. Кабарчы сынакка Базар-Коргон районундагы тандыр жасаган жалгыз бой аялдын ишин чагылдырган видеобаяны менен катышкан.
2019-жылдан 12-декабрында "Азаттыктын" маркум журналисти Уланбек Эгизбаевге Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы ыйгарылды. Күбөлүгү жана төш белгиси Бишкектеги Улуттук опера жана балет театрында Уланбектин жакындарына тапшырылды.
Жыл аяктап баратканда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерине сыйлык тапшырды.
26-декабрда сыйлык алган журналисттердин катарында "Азаттыктын" эки кабарчысы: Рахат Кеңешова менен Кубанычбек Жолдошев да бар.
Кабарчыларыбыз ишинен тышкары чыгармачылыгын дагы илгерилетип, коомдук иштерден, процесстерден калбай үн кошуп келет. Алсак, быйыл маданият темасын чагылдырган кабарчыбыз Зайырбек Ажыматовдун “Жүрөктөгү бороон” аттуу ырлар жыйнагы жарык көрдү.
Акындын бул эмгеги бааланып, жыл аягында, тагыраагы 30-декабрда президенттин жарлыгы менен Ажыматовго Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер деген ардактуу наам ыйгарылды.
Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн ондогон ишмерлер, белгилүү адамдар мамлекеттик сыйлыктарга татыды.
Ажыматов «Жалгыздык» (1996-жыл), «Мелмил» (2005-жыл), «Нөлү көп жылдар» (2011-жыл) жана "Жүрөктөгү бороон" (2019-жыл) ыр жыйнактарынын автору.
Ушул эле сыйлыкка “Азаттык” радиосунун баяндамачысы, публицист Бакытбек Орунбеков да татыды.
30-декабрда президент кол койгон жарлыкка ылайык ага “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам ыйгарылды.
“Азаттыктын" жардамы тийген мекендештер
2019-жылы февраль айында “Караңгыдан жарык издеген Замира” аттуу видео жарыяланган. Санжар Эралиев тарткан бул чакан тасмада көзү тубаса азиз Замира Калыбек кызы тепкичтен жыгылып, ноутбугу сынып калганын, жаңысын алууга каражаты жетпей жатканын, айлыгы аз болгондуктан банк насыя бербей койгонун билдирген. Илимдер академиясында иштеген бул кыз бош убактысында түймө түйүп, кол өнөрчүлүк менен алектенери кеп болгон.
Видеобаян жарык көргөндөн кийин аталган мекеменин жетекчилиги Замирага ноутбук белек кылган. Андан тышкары, китепканада азиздер үчүн шарт түзүп, брайль шрифтинде жазылган адабияттар менен толуктоого убада беришкен.
Март айында “Азаттыктын” каарманы Азамат паспорттуу болгонун эске сала кетели. Маркум Уланбек Эгизбаевдин көзү тирүүсүндө тарткан «Бир койго сатылган Азамат» аттуу видеобаяны кызуу талкууга түшкөн. Коомчулуктун кийлигишүүсү менен Азамат кулчулук торунан бошонуп, өз алдынча жашоо кечире баштаган. Көп өтпөй ата-энесин издеп жүрүп акыры тапканын кабарлаган.
Азамат Уланбек Эгизбаевдин жана “Азаттыктын” видеосунан кийин коомдун назарына илинген жалгыз каарман эмес.
2019-жылы 27-мартта Жети-Өгүз районундагы Чырак айылынын тургуну Имаш Азарбаев айылды өнүктүрүүгө салым кошкону үчүн жарандык коомдун "Прецедент-2018" сыйлыгын алды.
Имаш Азарбаев айылда, өзүнүн үй-тиричилик шарттарын экологиялык жактан таза жабдыктар жана күн нурунан кубат алуучу жабдуулар менен түзүп, бул демилгесин жалпы айылга жайылткан. Мындан тышкары ал айылга таза суу чыгарууга жардам берген.
2019-жылы сентябрь айында «Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы Мирлан Кадыров алты балалуу эненин турмушу тууралуу видео тарткан.
Анда Кочкордо жашаган Динара Турдубекова бирөөнүн эски тамында айына миң сом төлөп жашап жатканы, нан табуу үчүн талаада жалданып иштегени тууралуу сөз болгон. Видео жарык көргөндөн кийин бир ай өтпөй кайрымдуу адамдар бул үй-бүлөгө турак үй сатып беришкен.
Быйыл жыл башында "Азаттык" өлкөдөгү кыздардан түзүлгөн жалгыз хоккей командасы тууралуу тасма тарткан. Анда кыздар формасы жок болгондуктан мелдештерге катыша албай жатканын баяндаганбыз. Тасманы "Азаттыктан" көргөн Швейцариядагы мекендештер кыздар үчүн формаларды чогултуп, жакында эле Кыргызстанга жиберди.
Ысык-Көл облусундагы Отрадное айылындагы хоккейчи кыздар тууралуу видео баян.
Ак-каранын кармашы же иликтөөлөр токтобойт
Башта айткандай, «Азаттык» радиосу бул жылы иликтөөлөргө өзгөчө басым жасап, коррупциялык торду ашкерелөө аракетинде бир катар резонанстуу иликтөөлөрдү жасады.
Март айында Кыргызстанда электрондук паспортту даярдоо боюнча тендер жаңжал менен коштолуп, ага катышкан компаниялардын бири тандоонун жыйынтыгына нааразы болуп, өлкө башчыларына кайрылган. УКМК бул боюнча кылмыш ишин козгоп, бир катар жооптуу мамлекеттик кызматкерлерди «тендерди литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясынын утушуна кызыкчылыгы болгон» деп айыптаган.
"Азаттыктын" бул тууралуу иликтөөсү чыккандан кийин Мамкаттоонун төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев камакка алынып, тергөө менен кызматташканы үчүн үй камагына чыккан. Ал эми Мамкаттоонун төрайымы Алина Шаикова кызматтан кетип, кийинчерээк издөө жарыяланган. Чырдан улам УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.
"Миллиондун" изи
29-майда "Ыңгайсыз суроо" телеберүүсү аркылуу көрсөтүлгөн «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөдө журналист Али Токтакунов өлкөдөн чыгарылып кеткен жүз миллиондогон доллар жанан анын Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго тиешеси тууралуу сөз кылган.
Бул иликтөө коомчулукта ар кандай реакция жаратты. Айрымдар кубаттаса, башкалары кайсы бир топтордун буюртмасы катары көргөзүүгө аракет кылышты.
Мындан кийин август айында «Эркин Европа/Азаттык» (RFE/RL) радиосунун президенти Жейми Флай Кыргызстанга келип, өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолуккан.
Мындан кийин ал «Азаттык» радиосу туш болуп жаткан чабуулдарга карабай, коррупцияны ашкерелеген иликтөөлөрүн мындан ары да уланта бере турганын билдирген.
Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бул жолугушууда «Азаттыктын» журналисттик иликтөөлөрү коррупция менен күрөштө абдан маанилүү экенине токтолуп, аларга такай көз салып турарын жана андагы айрым фактылар боюнча чоң иштер жасалып жатканын белгилеген. Ошондой эле «Азаттыктын» туруктуу угарманы экенин кошумчалаган. Мамлекет башчы «Азаттык» бардык тараптын үнүн уккан, микрофон берген, бейтарап медиа экенин айткан.
Ыдырыс Исаковго кысым
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы быйыл 2-октябрда «Азаттык» радиосунун кабарчысы Ыдырыс Исаковго карата мурда токтотулган иш кайра тергеле турганын кабарлаган.
Ыдырыс Исаков быйыл 17-апрелде «Ош: салыктан буйтаган "ишкерлер"» деген иликтөөсүн жарыялаган. Иликтөөдө жылына Кыргызстандын казынасына көмүскө экономиканын айынан 40 млрд. сом түшпөй калары айтылып, салыктан качкан ишкерлер жөнүндө сөз болгон. Мындан кийин милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев Исаковду сотко берип, кийин арызын кайтарып алган.
Айбек Кулчумановго кол салуу
28-сентябрда иликтөөнүн Бажы кызматындагы коррупцияга байланыштуу иликтөөнүн экинчи бөлүгүн тартып жүргөн “Азаттыктын” оператору Айбек Кулчумановго Ош шаарында кол салуу болгон. Аны белгисиз адамдар омуроолоп, телефонун жана машинесинин ачкычын тартып алышкан.
Кийинчерек операторго кол салгандар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атын аташкан.
Алар да «жеке менчигибизди тасма тартып, коопсуздугубузга коркунуч жаратты» деген негизде милицияга арызданган.
Кулчумановдун арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пунктунун («Топ адам тарабынан уюшкан каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгогон.
Экинчи иликтөө жана коомдун реакциясы
Бажыдагы коррупция тууралуу иликтөөнүн арты күтүлбөгөн окуялар менен коштолду.
"Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи" аттуу иликтөөсүндө кеп болгон жеке ишкер Айеркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбул шаарында өлтүрүп кетишти. Анын көзү тирүүсүндө берген бир катар документтер «Азаттык» радиосунун, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени», «Миллиондордун изи: Абдукадырдын кланынын сансыз мүлкү» деген иликтөөлөрдүн жарык көрүшүнө себепчи болду.
Бул иликтөөлөрдө көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар бар. Ири суммадагы акча каражаттары адалданып турганы да айтылган.
Ошондой эле бул иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.
Коррупция тууралуу экинчи иликтөө коомдо резонанс жаратты. 25-ноябрда жарандык активисттер Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «#REакция» жарандык акциясына чыгышты.
Акциянын катышуучулары «Райым камалсын!», «Уурулардын орду түрмөдө!», «Реакция. Реалдуу реформалар жүргүзүлсүн!» деген ураандарды айтып, бийликтен коррупция менен күрөшүүнү, жемкорлорду камоону талап кылышты.
Журналисттик иликтөөгө байланыштуу Райымбек Матраимов УКМКга чакырылып, 29-ноябрда беш сааттан ашык сурак берип чыкты.
УКМК болсо иликтөөгө байланыштуу бир нече кишини анын ичинде «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Али Токтакунов (Мухаммедали Токтакунов) менен Ыдырыс Исаковду 2-декабрда күбө катары суракка чакырган.
Журналисттер учурда «Азаттыктын» Прага шаарындагы баш кеңсесинде иштеп жаткандыктан «Азаттык» алар "Скайп" аркылуу тийиштүү суроолорго жооп берүүгө даяр экенин билдирет.
9-декабрда Бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов жана анын жакындары "Азаттык" радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койду.
«Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленген арыздын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койгон. Бирок бир күндөн кийин Матраимовдордун адвокатынын арызынын негизинде эсептер кайра камактан чыгарылды.
Соттошууга жана суракка чакырууга байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар тынчсыздануусун билдирип, кыргыз бийлигин сөз эркиндигин сактап калууга чакырышууда.
Ал эми жарандык коомдун өкүлдөрү жана бир катар жарандар 18-декабрда экинчи жолу коррупцияга жана сөз эркиндигин муунткан аракеттерге каршы «REакция 2.0» аттуу акцияга чыгышты.
Нааразылык акциясына чыккандар бийликтен жемкорлукка каршы чечкиндүү күрөшүүнү жана сөз эркиндигин коргоону талап кылышты. Алар Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык схемалар боюнча журналисттер бир нече иликтөө жасап, мыйзамсыз иштерди ашкере кылганына карабай президент дагы деле факты талап кылып жатканын сынга алышты.
19-декабрда Матраимовдордун үй-бүлөсү үч басылмага жана журналистке каршы жазган арызынын негизинде алгачкы сот отуруму өттү. Кийинки соттук кароо 2020-жылдын 20-январына калды.
Жогоруда "Азаттыктын" жыл ичиндеги иши тууралуу кыскача баяндап бергенге аракет кылдык. Келе жаткан жылы ар бир окурманыбызга, угарман жана көрүүчүлөрүбүзгө ийгилик, ден соолук каалайбыз! Үйүңүздөргө береке кирип, Кыргызстаныбыздын асманы ачык, келечеги кең болсун!
"Азаттыктын" жамааты баарыңыздарды келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайт!
"Азаттыктын" резонанстуу 14 иликтөөсү