Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Кулчумановго кол салуу: соцтармактагы резонанс


Айбек Кулчуманов.
Айбек Кулчуманов.

«Азаттыктын» операторуна кол салуу социалдык тармактарда жана адистер арасында ар кандай бааланып жатат.

29-сентябрда Айбек Кулчумановдун расмий өкүлү Анара Мамиева анын медициналык абалы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, «Азаттыктын» оператору дарыланууга муктаж.

- Кечээ алган жараатынан улам бир аз баса албай, оң тарабы ооруп, томографияга түшүп жатат, - деди ал. - Азыр бөйрөгү да текшерилип жатат. Анткени оператор «жакшы дем ала албай жатам» дейт. Травматолог дары-дармектерди жазып берди. Аны үй шартында алууга мүмкүн эмес. Кечээ дарыгер «мээси чайкалышы мүмкүн» деген суроо койгон. Аны нейрохирург карайт экен. Бардык дарыгерлер эле травматологго жөнөткөн. Ал эми тергөө иштери боюнча милиция бүгүн бизге чалып, «келгиле» да деген жок. Жоготкон буюмдары кайтарылып бериле элек.

Ал эми Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы Замир Сыдыков Ош шаарында каракталып, тартылып алынган «Азаттыктын» жабдуулары актынын негизинде тергөөчүгө өткөрүлүп берилгенин билдирди. Анын айтымында, жабдуу окуяга байланыштуу далил буюмдар катары тергөө кызматында болот. Тергөөнүн же соттун чечиминин негизинде ал ээсине, «Азаттык» радиосуна кайтарылып берилет.

- Эки тарап тең арыздарын беришкен. Эки тараптын тең арыздары Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Кечээ кечке маал тартылып алынган видео аппаратуралар актынын негизинде тергөөчүгө өткөрүлүп берилди. Булар окуяга байланыштуу далил буюмдар катары тергөө кызматында болот. Тергөөнүн же соттун чечимине жараша жабдуулар ээлерине, башкача айтканда «Азаттык» радиосуна өткөрүлүп берилет, - деди ал.

28-сентябрда Ош шаарында белгисиз төрт киши күчкө салып, «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановдун видео камерасын толук комплектиси менен тартып алган.

«Азаттыктын» кабарчысына кантип кол салышкан?
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:29 0:00

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, анын айрым туугандары жана Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондогон долларлар тууралуу «Азаттыктын» иликтөөсү буга чейин 29-майда жарыяланган.

«Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов кезектеги теле иликтөөнүн алкагында Оштогу Ленин көчөсүндө дрон аркылуу 150 метрден жогорку бийиктиктен шаарды тартып жүргөн.

Ошол учурда белгисиз олбурлуу жигит басып келип, операторду артынан муштаган. Андан соң кучактап туруп колундагы дрондун пультун жана телефонун жулуп алган. Журналисттен дронду берүүнү талап кылган. Оператор Кулчуманов дронду асмандан түшүрүш үчүн пультту алышы керек экенин айткан. Бирок тартып алган адам пультту кайтарган эмес. Ошол маалда дрон башкаруусуз калган.

Анан дагы экөө басып келген да Кулчумановдон «Райымбек Матраимовду тартууга ким тапшырма берди?» деп суракка ала башташкан. «Лексус» автоунаасы токтоп, андан дагы бир киши түшүп келген. Ал да Кулчумановду суракка алып, опузалаган.

Андан соң алар оператор түшүп келген машинени ачып, андагы техниканы - штатив менен видеокамераны, Кулчумановго берилген «Азаттыктын» кызматтык күбөлүгүн, парламенттик кабарчы күбөлүгүн жана ал түшүп жүргөн автоунаанын ачкычын тартып алган.

Ошондон кийин «дрон табылбаса сени менен башкача сүйлөшөбүз» деп коркутуп, машинеге отуруп, белгисиз тарапка кетип калышкан.

Тартып алгандардын сөзүнөн улам кабарчыбыз Ыдырыс Исаков жабдыктарды Матраимовдорго байланыштуу адамдар алып кетиши ыктымал деп болжолдогон.

Ошондон соң ал Кара-Суу районунун акими Тилекбек Матраимовго телефондон байланышканда ал жабдыктар кайра бериле турганын айткан. «Берет-берет, милиция аркылуу берет» деп жооп кайтарат Тилекбек Матраимов.

Бул окуя социалдык тармактардын бир катар колдонуучуларын да, айрым коомдук уюмдарды да түйшөлттү. Алардын арасында журналист Эркин Рыскулбеков Интернет колдонуучуларды жакында орусиялык алып баруучу Андрей Малаховго кыргызстандыктарды кемсинткени үчүн сын айткандай эле жигер менен өлкөдөгү сөз эркиндигин коргоого үндөдү.

«Үмүт 2020» кыймылы 28-сентябрда «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановду уруп, колундагы болгон техникасын карактап кеткен окуяны кескин сындады. Бул тууралуу билдирүүнү кыймыл «Фесбуктагы» баракчасында жарыялады.

Айрымдары бул окуяны сөз эркиндигине кысым көрсөтүү, дагы башкалары жалпы эле өлкөдөгү абалдын көрсөткүчү катары баалап жатышат.

«Фейсбуктун» колдонуучу Авланбек Жумабаевдин пикири:

«Фейсбуктагы» Акбалык Калыевна аттуу колдонуучунун пикири:

Кээ бир колдонуучулар дронду колдонуунун укуктук жагын талкууга алышкан. Журналист Дилбар Алимованын пикиринде, эгерде бийик жерден тартылып жаткан болсо ал жеке менчик эмес, мамлекеттин аба мейкиндиги болуп саналат.

Комментарийлердин катарында Райымбек Матраимовду «кыргыздын чыгаан уулу» катары сүрөттөгөндөр да бар. Алардын бири, Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов «ооба, мен спортклубда иштейм. Раимбек Матраимов спортту аябай колдоп жатат. Жүздөгөн балдар ден-соолугун чыңдап спорт менен машыгууда. Тайландда өткөн Азия чемпионатында байгелүү орунга жетишип өлкөнүн намысын коргоп келдик» деп жүйө келтирген.

Кыргызстанда сөз эркиндиги өлкөдөгү саналуу жетишкендиктердин бири катары айтылып жүрөт. Кечээ эле Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 74-жыйынында Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков сөз сүйлөп, Кыргызстан адам укуктары жана сөз эркиндиги жаатында жетишкен ийгиликтерин санап өттү.

Чыңгыз Айдарбеков.
Чыңгыз Айдарбеков.

- 2019-жылдын апрелинде түзүлгөн сөз эркиндигинин рейтингине ылайык Кыргыз Республикасы 180 өлкөнүн ичинен 83-орунду ээлеп, өз ордун 15 орунга жакшыртты, - деди ал.

Маалымат каражаттарынын ичинен «Азаттыктын» иликтөөлөрү коррупция менен күрөштө маанилүү экенин коомчулуктун да, бийликтин да өкүлдөрү бир нече жолу белгилешкен. Акыркы ирет президент Сооронбай Жээнбеков «Эркин Европа/Азаттык» (RFE/RL) радиосунун президенти Жейми Флайды кабыл алган учурда ушундай пикирин билдирген. Жээнбеков радионун иликтөөлөрүнө көз салып турарын жана андагы айрым фактылар боюнча чоң иштер жасалып жатканын кошумчалаган.

Жейми Флай өзү бул окуя боюнча «Твиттерге» пикир калтырды. «Бул дем алыштарда Ошто журналист Айбек Кулчуманов кол салууга кабылып, кол салгандар анын жабдуусун тартып алышкан. Биз жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн тез арада иликтөө жүргүзүп, анын жабдуусун бошотууга чакырабыз», - деп жазды ал.

«Азаттыктын» журналисти Кулчумановдун арызы боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренеси 4-пунктунун («Адамдар тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгоду.

28-сентябрда кечки сегиздер чамасында тартып алынган камераларды жактоочусу менен кошо үч жигит милицияга алып келген. Алардын адвокаты журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартты.

Каракталган жабдыктардын жалпы суммасы 1 580 100 (бир миллион беш жүз сексен миң бир жүз) сом. Алар - видео камера, штатив, телефон жана дрон учуруучу пульт, Кулчумановдун автоунаасынын ачкычы жана документтери. Пульт каракталган соң асманга учурулган дрон да дайынсыз жоголгон.

Ош милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Азаттыкка» билдиргендей, журналисттин видео тартчу техникасын тартып алган экинчи тарап да арыз жазды. Азырынча алардын аты-жөнү айтылган жок. Ишембинин кечинде шаардык милициянын «Фейсбук» баракчасына чыккан маалыматта Ош шаарынын Супаналиев көчөсүнүн номери жок үйүнүн тургуну А. уулу О. «короодо турган учурда башына белгисиз учуп жүрүүчү дрон келип түшкөндүгүн, анын натыйжасында денесине залал келтирилгендигин» билдирип, арыз менен кайрылганы айтылат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG