Ак-Талаа: кооптуу көпүрө оңдоло элек

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ак-Талаа районундагы төрт айылды облус жана район борборлору менен байланыштырган Нарын дарыясындагы көпүрө кулаганы турат. Ушундан улам бир ай мурда оор жүк ташыган машиналардын өтүүсүнө тыюу салынган. Чектөө качан алынарын али белгисиз. Ошон үчүн жүк ташыган эл айылдан сексен чакырым алыс айланма жол менен өтүп кыйналууда.