Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

Арканга күнү түшкөн акталаалыктар


Көпүрөнүн азыркы абалы.
Көпүрөнүн азыркы абалы.

Ак-Талаа районундагы төрт айыл жана Казарман району байланышсыз калды. Анткени бул айылдарга каттаган жолго салынган Казарман Акталчат унаа жолундагы көпүрөнү суу жууп кетти.

Район борборунда зарыл жумушу бар айыл тургундары суу кечип, эптеп аркы өйүз менен байланыш түзүп жатышат. Бир жылдан бери айылдыктар көпүрө түйшүгүнөн арыла элек.

Казарман-Акталчат автоунаа жолундагы көпүрө былтыр июнь айында "кооптуу, кулап калышы толук мүмкүн" деген негизде кайра оңдолмок болгон. Бирок андан бери бир жылга жакындап калса да жаңырган көпүрө эмес, мурда каттап жүргөн эле эски көпүрө айылдыктардын көзүнөн учуп турган кези.

Анткени эки жагынан көпүрөнү жаңыртып келип, ортодо он метрдей жер бүтпөй турганына бир жылдай болду. Андан бери көпүрөнү оңдоп жаткан курулуш компаниясы бир тараптуу каттам болушу үчүн сууну буруп, шагылдан жол салып койгон. Бирок анысын да эки күн мурун суу жеп кетти. Куртка айылынын тургуну Жылдызбек Бейшеналиев көпүрөнүн нары жагына өтүш үчүн аркан байлап, ага асылып араң өтүп жатканын айтты:

- Бир кагаз бериш үчүн ушинтип аркан менен араң өтүүгө туура келип атат. Биз го эптеп өтөбүз. Ооруган кемпир-чалдар, боюнда бар аялдар кантет? Бул жерден жөө өткөнгө жол бар болчу. Суу киргенде жеп кетти. Эми машинелерибиз башка өйүздө, өзүбүз башка өйүздө калдык. Айланып, алыс жолду басып өтүш керек. Бир жылдан бери кыйналып жатабыз. Эртелетип оңдоп беришсе жакшы болмок.

Суу жеп кеткен көпүрө.
Суу жеп кеткен көпүрө.

Көпүрөнүн аркы өйүзүндө Ак-Талаа районунун Куртка, Тоголок Молдо, Жогорку Май, Ак-Кыя айылдарында он миңдей киши жашайт. Алар мындай убаракерчиликти былтыр да баштан кечирген.

Курулушу бүтпөгөн көпүрөнүн айынан элеттиктер бир жылдан бери 200 чакырымдай начар, айланма жол менен каттоого аргасыз.

Эми минтип көпүрөнүн көбү бүтүп, азы калганда кайра машакат тартып жатканына Куртка айылынын дагы бир тургуну Сапия Асылканова нааразы:

- Айла жок, беш сааттык жолду айланып жатабыз. Келинимдин ашына бармакмын. Барбай койсо да болбойт. Эң эле улуусу мен элем. Бийликтен өзгөчө өтүнөт элек - ушул көпүрөнү эртелетип бүткөрүп беришсе, бизди кыйнабай...

УКМК бул Нарын дарыясындагы көпүрөнү оңдош үчүн “Кербен жол курулуш” ишканасы менен Транспорт жана жолдор министрлигинин Жол чарба департаменти 45,8 млн. сомго мыйзамсыз келишим түзгөн деп шек саналып жатканын кабарлаган.

Мекеменин маалыматына караганда, сөз болуп жаткан келишимдин негизинде эч кандай кепилдиги жок эле ишканага 35 млн. сом которулган. Оңдоо иштери башталып, бирок белгисиз себептерден улам аягына чыкпай токтоп калган.

Быйыл ага мамлекеттик бюджеттен кайра каражат бөлүнүп, "Ремстроймост" компаниясы ишти улантып жатат. Ак-Талаа районунун акими Нурбек Молдокадыров "көпүрө ушул айдын аягына чейин бүтүп, колдонууга берилет" деп ишендирди:

- Тынымсыз жааган жаандын кесепетинен жөө адамдар өткөн жолду суу жеп кетти. Бул көпүрөнү куруп жаткан компания "бул жолдон жөө адамдар өтпөсүн" деп талап койгон. Бирок биз каттам токтоп калбашы үчүн ага карабастан элге убакыт бердик. Эми суу тартылса, өзүнчө дамба куруп, бир күндүн ичинде даяр турган төрт устунду койсок, кишилер өтүшүнө мүмкүнчүлүк алабыз. Көпүрө бүтсө, каттам калыбына келип, кыйынчылыктар жоюлат деген үмүттө турабыз.

Ак-Талаа: аркы өйүзгө аркан менен өткөн эл
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:53 0:00

​Курулушу бүтпөгөн бул кооптуу көпүрө үчүн быйыл жазында Бишкектин Биринчи май райондук соту Транспорт жана жолдор министрлигинин Жол чарба департаментинин жетекчиси Арстанбек Ибраевди эки айга камоо тууралуу чечим чыгарып, кылмыш ишин козгогон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG