Коомдук парламент: Энергетикалык саясат - элге каршы

Коомдук парламент өкмөттүн энергетика жана жылуулук кубатына тарифтерди жогорулаткан чечимдерин сынга алды.
Коомдук парламент менен бирдикте Аялдардын саясий дисскусиялык саясий клубу уюштурган жыйында отун-сууга тарифтердин кымбатташы, карапайым элдин социалдык жактан кандайча корголоору, он беш жыл аралыгында электр тармагын оңдоп-түзөөгө жана жабдыктарын жаңыртуу үчүн Дүйнөлүк банк менен Азия өнүктүрүү банкы баш болгон эл аралык уюмдардан келип түшкөн 400 млн. доллар өлчөмүндөгү кредиттердин кандайча-каякка жумшалганы талкууланды.

“Адам укуктары боюнча бюронун” жетекчиси Зульфия Марат чет элдин финансы уюмдарынан алынган карыздар боюнча жарандык иликтөөнүн жыйынтыгы жөнүндө маалымат берип, Кыргызстандагы электр тармагын оңдоп-түзөө, жаңыртуу багытында жылыга 20-30 миллион доллардан бөлүнүп келгенин, бирок эч кандай натыйжа болбогонун билдирди. Анын айтымында, азыр кыргыз энергетика тармагы чет элдик донорлорго карызы 400 миллион долларды түздү.

“Мына ошол акча берген Дүйнөлүк банк менен Азия өнүктүрүү банкы өздөрүнүн сунуштарын таңуулап отун-кубатына бааларды жогорулатууда. Алар берген акчалар туура эмес, максатсыз пайдаланып, чиновниктер жеке кызыкчылыктарына пайдаланган. Ошондуктан бул багытта атайын комиссия түзүп, текшерүү жүргүзүп, чет элдик каржы уюмдарына карыздарды берүүнү токтотуу керек”,- дейт Зульфия Марат.

“Улуттук электр түйүндөрү” ишканасынын өкүлү Виталий Витальевич чет элдик донорлордон келген акча каражаттарына кошумча электр подстанциялары курулганын, айрым ишканаларда жабдыктар жаңыртылып, зымдар тартылганын билдирди.

Талкуунун жүрүшүндө сөз сүйлөгөндөрдүн дээрлик бардыгы азыркы бийликтин отун - кубатка тарифтерди беш эсе жогорулатуу тууралуу жүргүзүп жаткан саясаты элге каршы келерин, бийлик сырттан келген адамдардын кызыкчылыгын көздөп 29-декабрда электр кубатын бөлүштүрүүчү тармактарды атайын арзан баага сата тургандыктарын белгилешип, өлкөдө социалдык өтө оор кырдаал түзүлөрүн айтышты.

Жыйынды алып барган Коомдук парламенттин төрагасынын орун басары, “Интербилим” өкмөттүк эмес уюмунун лидери Асия Сасыкбаеванын көз карашында, бийлик отун-сууга карата тариф саясатын токтотпосо жакырчылыкта жашаган 70 пайыз элдин турмуш шарты ого бетер начарлап, көп балалуу үй-бүлөлөр менен кары-картаңдар, карапайым калк жабыр тартат.

-Электр менен жылуулукка тарифтердин көтөрүлгөнү менен эле токтоп калбайт. Тамак-ашка баалар өсөт, тейлөө кызматтары бааларын кымбататат. Ансыз деле биздин мамлекетте иштеген иштери жок адамдар абдан көп. Майыптардын саны дагы бир топ. Кары-картаңдар, жаш балалуу үй-бүлөлөр өкмөт сунуштаган бааны төлөй албай калышы толук ыктымал.

Эмгек ардагери Валентина Житьенова болсо келерки жылы өкмөт согуш ардагерлери менен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга акча каражатынан жөлөк пул беребиз дегени менен тескерисинче жардамга берүүчү каражаттардын санын кыскартып, эмгек ардагерлери менен кары-картаңдарды “үлүшүнөн” таптакыр ажыратууга аракет кылып жатканын белгилеп, Данияр Үсөновду кызматтан кетирүүнү бийликтен талап кылууну сунуштады.

Белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиев болсо “маселени кабыргасынан коюп, коалициялык өкмөт түзүп, биринчи-вице-премьерликке жана энергетика тармагына оппозициянын өкүлдөрүнөн коюш керек” деди.


Анын пикиринде өлкөдөгү коррупцияга жана мамлекеттин, элдин каражатын уурдагандарды оппозиция гана ооздуктай алат.

- Эгерде оппозициядан коалициялык өкмөткө эр азаматтар келсе жарым жылдын ичинде коррупцияга кетип жаткан акча каражаттарын токтомок. Ошол коррупцияга кетип жаткан миллиардаган акчаны электр тармагын оңдоого жумшабайбы, тарифтердин баасын көтөрүп карапайым элди кыйнабай.
Эгерде бул маселени өкмөт жөндөй албаса, анда оппозицияга өткөрүп бериши керек. Оппозиция бул тармакты жөнгө салганга даяр.

Исмаил Исаков


Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков дагы отун-кубатка тарифтерди көтөрбөй эле кризистен чыгууга болоорун, эгерде азыркы өкмөт бул оорчулуктан чыгуунун жолун билбей, мүмкүнчүлүктөрү жетишпесе бийликке оппозицияны
аралаштырыш керектигин айтты.

Исамил Исаков ошондой эле отун-сууга баанын көтөрүшү менен өкмөт жаратылыш кырсыгына алдап келерин белгилеп, Кыргызстандын элинин жашоо-шартын жакшыртуунун бир гана жолу бар, “ал эл үчүн иштеш керек, ал үчүн уурдабаш керек, ал үчүн тууган-уруктарын бийликке койбош керек”,- дейт.

Өлкөдөгү отун-кубатына байланыштуу маселени козгогон Коомдук парламенттин жыйынында резолюция кабыл алынып, анда бийликке тарифтерди көтөрүү саясатын токтотуу, электр кубатын бөлүштүрүүчү тармактарды сатпоо, энергетика системасын кооптуу жагдайга алып келишкен чиновниктерди жоопко тартуу, бул маселелерди парламент отурумунда кароо жана башка бир катар талаптар коюлду.


Энергетика министрлигинин алдындагы электр кубаты боюнча агенттиктин өкүлү Кубанычбек Тургунбаев жарандык коомдордун өкүлдөрүнүн өкмөттү таратуу демилгеси негизсиз экендигин, бул маселени өтө эле коозутпай ийри-отуруп түз кеңешип чечүү зарылдыгын айтты.

-Булардын койгон маселелеринде кээ бир пункттары туура эмес деп ойлойм. Биздин жумушта дагы бир топ кемчиликтер бар. Ошондуктан муну шашпай жакшылап талкуулап, бир пикирге келип бул маселени чечсе болот.

Оппозициялык күчтөр тарабынан мындан бир жарым жыл мурда түзүлгөн Коомдук парламенттин жыйыны келерки жылдын январь айынын соңунда өткөрүлө турган болду.

Бул отурумуна анын төрагасы жана курамындагы белгилүү саясатчылар белгисиз себептер менен катышкан жок.