Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:27

Коомдук парламент козголду


Азаттыктын архивинен
Азаттыктын архивинен

15-декабрда Бишкекте Коомдук парламент жыйналат. Оппозиция жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн турган уюмдун жыйынында энергетика, тариф маселеси талкуулана турган болууда.

2007-жылдагы парламенттик шайлоодо негизги оппозициялык күчтөр Жогорку Кеңешке кирбей калган. Алар шайлоону акыйкатсыз, адилетсиз жана мыйзамсыз деп атап, Коомдук парламентти түзүүгө киришкен. Анын алгачкы жыйынын 2008-жылы 20-февралда өткөрүшкөн. Юстиция министрлиги дароо эле Коомдук парламенттин легитимсиз экенин билдирип чыккан.

100гө чукул мүчөсү бар Коомдук парламент алгачкы мезгилде мамлекеттик башкаруу системасы, экономика, коопсуздук, энергетика багытында бир топ маселелерди козгоп, алар боюнча талкууларды уюштурган. Бирок акыркы мезгилде иши солгундап, бир жылга жакын убакыттан бери жыйын өткөрбөй калган. Коомдук парламенттин төрагасы саясатчы, коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев, ал эми анын орун басары “Интербилим” өкмөттүк эмес уюмунун лидери Асия Сасыкбаева.

Коомдук парламент 15-декабрда чогулуп, энергетика, тарифтердин көтөрүлүшү боюнча маселени талкуулоону көздөп жатканын Асия Сасыкбаева билдирди:

- 15-декабрда “Ак кеме” мейманканасында экинчи кабаттагы конференц залда Коомдук парламенттин жыйынын өткөрөбүз. Чукул жыйын деп жатабыз. Анткени белгилүү болгондой, бир жылдан бери Коомдук парламент иштебей калган. Шейшемби күнү эми энерго тармагындагы кырдаал, тарифтердин көтөрүлүшү боюнча талкуу кылалы деп жатабыз.

Коомдук парламенттин жыйынына катышуу чакырыгы өкмөттүк эмес уюмдар, эл аралык уюмдар, бийлик жана оппозиция өкүлдөрүнө, адистерге жолдонду.

Коомдук парламенттин мүчөлөрү тууралуу суроого Асия Сасыкбаева буларды билдирди:

- Жүзгө жакын мүчө бар. Бирок жаңыдан кошулгандар бар. Чыгып кеткендер да бар. Ал тактоону талап кылат. Кийинки жыйында аны тактайбыз. Кворум деген маселе чыкпайт. Анткени бул кеңиртилген жыйын болот. Бул жолу өкмөттүк эмес уюмдар көп катышат. Андан тышкары депутаттарды да чакырдык. Мамлекеттик институттардан да өкүлдөрдү чакырдык.

Президенттин маалымат кызматы Коомдук парламенттин жыйыны тууралуу маалыматы жок экенин билдирүүдө. Бийлик буга чейин да Коомдук парламенттин ишин четке кагып келген. Ал эмес ага теңтайлаш Коомдук палатаны түзгөн. Бирок ал уюм түзүлгөнүнө бир жыл болуп баратса да расмий түрдө бир дагы жолу жыйнала элек.

Саясат таануучу Марат Казакбаев Коомдук парламенттин жыйналышын оң баалады:

Бул нааразылык акция аркылуу таасир этүү куралы эмес. Бул цивилизациялуу, легитимдүү курал.
- Менин оюмча Коомдук парламент бизге керек. Бул оппозициянын институту, чоң легитимдүү куралы. Белгилүү болгондой оппозиция көбүнчө нааразылык акциялар менен чектелип келген. Мына башка жолдору бар экени Коомдук парламент аркылуу көрүнүп турат. Ушул институт аркылуу оппозиция бийлик менен сүйлөшүүгө чыгабы, сындайбы- максатын ишке ашырса болот. Бул нааразылык акция аркылуу таасир этүү куралы эмес. Бул цивилизациялуу, легитимдүү курал.

Коомдук парламенттин жыйынында талкууланган маселе боюнча чечим кабыл алынып, ал Президентке, Жогорку Кеңешке жана Өкмөткө жолдонмокчу.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG