Ысык-Көл районунун Бостери айылында токмоктолгон 44 жаштагы аял каза тапты. Милиция кылмышка шек санап маркумдун күйөөсүн кармады. Адам өлүмүнө жеткирген бул окуя үй-бүлөлүк зомбулук темасын кайрадан күн тартибине чыгарды.
Ысык-Көл облустук милициясынын маалыматына ылайык, күйөөсүнөн токмок жеген аял райондук ооруканага 10-майда жаткырылган. Денеси көгала болуп, мээси чайкалган аял 11-майда эсине келбей каза болгон.
Милиция бул окуяга байланыштуу шектүү катары аялдын 50 жаштагы күйөөсүн кармады. Мекеменин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов окуя тууралуу кыскача маалымат берди.
“Кылмышка шектүүнү суракка алган учурда, ал 9-майда мас абалында болгонун, кечки саат 8-9дар чамасында аялын сабап, башка жана курсакка бир нече жолу урганын айткан. Аялы эс-учун жоготуп жыгылган экен. Күйөөсү болсо уктап калганын айтууда. Эртең менен турган уулу апасынын жерде жатканын көрүп "Тез жардам" чакырган”.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, Ысык-Көл райондук милициясы териштирип жатат. Маркумдун күйөөсү кылмышка шектүү катары учурда Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу камоочу жайында отурат.
Үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү менен байланышууга мүмкүн болбоду. Милициянын маалыматына караганда жубайлардын бойго жеткен үч баласы бар.
Бостери айыл аймагынын башчысы Курманбек Сопуев үй-бүлө башка жактан келип, айылда убактылуу жашап жатканын гана айтты.
Акыркы жылдары күйөөсүнүн таягынан жантаслим болгон аялдардын саны көбөйүүдө.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда соңку алты жылда эле жүздөн ашуун кыз-келин үй-бүлө зомбулугунан каза тапкан. Көбү үрөй учурган окуялардын курмандыгы болгон.
Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индекстин (WPS) 2021-жылкы иликтөөсүндө Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө деп табылган.
Мындай өлкөлөрдүн катарында Ооганстан, Сирия, Йемен, Пакистан жана Ирак бар.
Үй-бүлөлүк зомбулук маселеси Жогорку Кеңеште бир нече жолу көтөрүлгөн. Акыркысы парламенттин 6-чакырылышында каралып, анда депутаттар мындай кылмышка айыпталгандарга жазаны күчөткөн мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алган.
Мыйзам токугандар арыздардын дээрлик 90% ашыгы сотко жетпей эле ар кандай жагдайда кыскарып кетерин белгилешкен. Мындан улам жабырлануучу тосмо арыз жазганына карабай ага зомбулук көрсөткөн киши жазага тартылышы тийиш экени көрсөтүлгөн.
Депутат Дастан Бекешев бул демилге аягына чыкпай калганын, учурда зомбулукка байланыштуу башка долбоор даярдалып жатканын кеп кылды.
“Ошол бойдон калып кетти. Кийин кодекстер кабыл алынбадыбы. Ага кирдиби же жокпу, билбейм. Бирок азыр үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу мыйзам долбоору кайра даярдалып жатат. Жакынкы бир ай ичинде коомдук талкууга алып чыгабыз. Анда айыпталуучу сөзсүз эркинен ажыратылышы керек деген пункт каралган. Тактап айтканда, ал айып пул төлөп же шарттуу кесилип, жоопкерчиликтен кутулуп кетпейт”.
Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы иш алып барган активисттер жазаны катаалдаштыруу зарыл экенин дайыма белгилеп келет. Азыркы мыйзамга ылайык, аялын ур-тепкиге алган эркек ашып кетсе бир канча суткага камалып же айып төлөп, боштондукка чыгып кетет.
Зомбулукка каршы күрөш жана коопсуздук маселеси козголгондо адатта милиция кызматкерлеринин ишине сын көп айтылат.
Юрист, “Коомдук анализ институту” коомдук бирикмесинин жетекчиси Айсулуу Айтбаева аны мындайча чечмеледи.
"Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу мыйзамдар жетиштүү. Бирок толук иштебейт. Анын аягы коррупцияга барып такалат. Биз ушуну жойсок, зомбулуктун кесепетине да бөгөт коет элек. Мындан тышкары биздин менталитет да таасирин тийгизет. Күйөөсүнүн таяк жеген аял чыдап жүрө берет. Кордук көргөн аялдарды мамлекет камкордукка албайт. Ага өкмөткө караган бир дагы кризистик борбор жок экени мисал".
"Аялын сабоо - жапайычылык": зомбулукту сындаган эркектер - "Аялзат" подкасты:
Кыргызстанда 2021-жылы 10 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Башкы прокурор Курманкул Зулушев 5-апрелде парламенттеги жыйында балдарды, аялдарды, майыптыгы бар кишилерди жана улгайган адамдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо өлкөнүн актуалдуу маселеси бойдон калып жатканын белгилеген.
Зомбулук фактыларынын арасынан 8 миңден ашууну сотко чейинки өндүрүшкө алынган.