Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:05

Акылбек Жапаров: Кумтөрдөн келерки жылы 12 тонна алтын өндүрүлөт


Акылбек Жапаров Кумтөр алтын кенинде. Иллюстрациялык сүрөт.
Акылбек Жапаров Кумтөр алтын кенинде. Иллюстрациялык сүрөт.

Кумтөр алтын кенинен буга чейин 17 тоннадан алтын алынып келинсе, быйылкы жылы 12,5 тонна алтын алынды. 2025-жылы дагы ушул эле өлчөмдө алтын казылат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 14-ноябрда Жогорку Кеңеште өкмөттүк саат учурунда депутат Нилюфар Алимжанованын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

"Быйыл 12,5 тонна алдык. Кийинки жылы дагы 12 тоннанын айланасында алабыз деген божомол бар. Андан кийин 2026-жылдан тартып, калдыктарды иштете баштайбыз, жер алдынан казганга өтөбүз. Ошондон тартып, кайра алтынды алуу көтөрүлө баштайт. 2027-30-жылдарга чейин жылына 15-30 тоннага чыгабыз", - деди Акылбек Жапаров.

2024-жылдын тогуз айында Кумтөр алтын кенин казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы салык жана башка төлөмдөр менен мамлекеттик бюджетке 10 млрд 37 млн сом төккөн. Бул убакыт аралыгында Кумтөрдөн 7 тонна 960 килограмм алтын казылганы, бул белгиленген пландан 81 килограммга көп экенин кабарланган.

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому 2023-жылы Кумтөр кенинен 14 тонна алтын өндүрүү планын коюп, соңунда 13 тонна 567 килограмм алтын алган. Мамлекетке салык жана башка төлөмдөр түрүндө 17 миллиард 241 миллион 71 миң сом которгон.

Кыргыз өкмөтү 2021-жылдын май айында канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштеткен Кумтөр кенин башкарууну өз колуна алып, узак талаш-тартыштан кийин – 2022-жылдын апрелинде аны толук өткөрүп алган. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG