Аларга президент Садыр Жапаров 30-августта Кемин районунда “Терек-Таш” клинкер чыгаруу заводунун жана Ысык-Ата районунда цемент заводдун ачылышында старт берип, муну экономикалык саясаттын жемиши катары баалады.
Ошол эле маалда экономикада эске ала турган жагдайлар бар экенин айткандар бар.
100 жылдыкка 100 объект
Эгемендик күнү утурлай ачылышы уюштурулган 100 объектинин 60ы социалдык жайлар: мектептер, бала бакчалар, маданий мекемелер, спорттук комплекстер жана 40 өндүрүш ишканалары: кичи ГЭСтер, заводдор, фабрикалар. Алардын ар бири жеринде кызыл тасмаларын даярдап, онлайн байланышта турушту.
Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров клинкер жана цемент чыгаруучу заводдун өзү жөнүндө айтып, жалпы эле ачылган объектилерге токтолду:
“Бүгүн биз сыймыктануу менен клинкер чыгаруучу жаңы завод ачып жатабыз. Бул Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алдында өлкө президенти белгилеген чоң максаттарды ишке ашыруудагы олуттуу кадам. Үч жылга отуз жыл батты. Мен азыркы тарыхый кырдаалды дал ушундай аныктайт элем. Терек-Таш” заводунун ачылышы менен бир эле мезгилде өндүрүштүк жана социалдык маанидеги 100 объектини ачып жатабыз. Акыркы үч жыл олуттуу өзгөрүүлөрдүн жана жетишкендиктердин мезгили болду. Президенттин жана анын командасынын аракеттери реалдуу натыйжаларды көрсөтүп жатканын көрүп жатабыз – элдин турмушу жакшырып жаңы жумуш орундары түзүлүп жатат. Глобалдык кризиске карабастан, биз туруктуулукту жана өсүштү көрсөтүү менен алдыга ишенимдүү кадам шилтеп жатабыз”, – деди Акылбек Жапаров.
Министрлер кабинетинин төрагасы буга чейинки маалыматтарга кайрылып, 2020-жылы консолидацияланган бюджет 248 млрд сом болсо, 2024-жылы анын көлөмү 670 млрд сом деп пландалып жатканын айтты. Ал бул да азыркы бийликтин саясий жана экономикалык саясаттарынын жемиши экенин белгиледи. Ал экономика “Илбирс секириги” деген этапка келгенин жарыялады.
Мындан соң президент Садыр Жапаров объектилердин ачылышына онлайн старт берип, атайын баскычты басты. Ал дагы өз сөзүндө Кыргызстандын ички дүң продуктусу (ИДП) 2023-жылы 1 трлн сомдон ашканын кайталап, 2024-жылы сумма дагы да жогорулай турганын кеп кылды.
Мамлекет башчы “көптөгөн жылдар бою ар кандай себептер менен ишке ашпай келген “Камбар-Ата-1” ГЭСи жана деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү болгон “Кытай - Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушу сыяктуу ири долбоорлор” башталып жатканын жетишкендик катары сыпаттап, жаңыдан ишканалардын ачылышы да экономикалык саясаттын жыйынтыгы катары баалады.
“Бүгүн биз жөн гана жаңы завод-фабрикаларды ачпастан, өлкөбүздүн өнөр жайында көз карандысыздыкты камсыз кылган жаңы доордун башталышын да белгилеп жатабыз. Бул ишканалар жаңы жумуш орундарын түзүп, экономиканын өсүшүнө, элдин жашоо сапатынын жакшырышына жана өлкөнүн технологиялык деңгээлинин көтөрүлүшүнө зор салым кошот. Жаңы ачылган ишканалар прогресстин символу болуп, келечекте өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, ал эми жаңы ачылган мектеп, бала бакчалар билим сапатын арттырууга жол чабат деп ишенем. Учурдан пайдаланып, өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган долбоорлордун ишке ашуусуна салым кошкон бардык тараптарга ыраазычылык билдире кетейин. Бүгүнкү биз ачып жаткан 100 объект ар бир жарандын жашоосун өзгөртүүгө жана экономикалык жылышка негиз болоруна толук ишенем”, – деди Садыр Жапаров.
Жаңы ачылган ишканалардын катарында Чүйдөгү “Терек-Таш” клинкер чыгаруучу жана цемент чыгаруучу заводдон сырткары Кадамжайда “Исфайрам-1”, Ноокатта “Курак-Тектир” чакан ГЭСтери, Ат-Башыда “Кара-Булак” соода-логистикалык аймагы, эт комбинаты, Нарында “Миң-Булак” курулуш материалдар ишканасы, Жайылда “Жунда” мунай заводунун бир бөлүгү, Кара-Балтада алтын куймаларын чыгаруу заводу, Сузакта мунайды кайра иштетүүчү завод, Чаткалда алтын иргөөчү фабрика ачылды.
Цемент өндүрүшүндөгү жылыш
Кеп болуп жаткан Кемин районундагы клинкер чыгаруучу жана Ысык-Ата районундагы цемент заводго “AAA GROUP” корпорациясынын курамына кирген “Терек-Таш” жоопкерчилиги чектелген коому ээлик кылат. Ал Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун, Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы, “Демир кыргыз эл аралык банкы” жана “AAA GROUP” компаниялар тобунун каржылоосу менен ишке берилди.
Заводду курууга эки жыл ичинде 160 млн доллар жумшалса, анын 90 млн доллары насыя болгон.
"Терек-Таш" заводунун башкы директору Акыл Түгөлбаев журналисттерге буларды билдирди:
“Бул заводдун уникалдуулугу жаңы заманбап технологиялар менен жабдылды. Мында жылына 1,2 млн тонна клинкер чыгарууга жетишебиз. Анан бул жактан клинкерди Новопокровкадагы цемент майдалоочу заводубузга алып барып, иштетебиз. Ал жактан буюрса 1,7 млн тонна цемент чыгарууга мүмкүнчүлүк болот. Бүгүнкү күндө толук түрдө бардык иш-чаралар бүттү. Ак-Таш карьери, топурак, көмүр, күл жана башка нерселердин баары даяр”.
Клинкер демекчи, бул да жарым фабрикат курулуш материалы. Ал акиташ, чопо жана шлактын агломерацияланган аралашмасын жогорку температурада күйгүзүү жана андан кийин майдалоодон пайда болот. Клинкерди иштетүүдөн цемент пайда болот.
Мында масштабды жана заводдун экономикага салымын түшүнүү үчүн жалпы статистиканы бир карап алышка туура келет. Айталы, Кыргызстанда учурда 8 млн тонна цемент керектелсе, өлкөдөгү заводдор буга чейин 5 млн тонна өндүрүп келчү. Жаңы завод 1,7 млн тонна өндүрсө, муктаждык дээрлик жабылып, импортко көз карандылык жоюлат экен.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев мындай маалыматтары менен бөлүштү:
“Кыргызстандын экономикасынын темпи жогорулап, курулуш көп болуп жатат. Курулуш тармагы бир жылда 44,5% өсүштү көрсөттү. Мына ушунда улам жылдан жылга, айрыкча быйыл цементтин тартыштыгы сезилди. Азыркы учурда өзүбүздө өндүрүлгөн цемент жетпей, сырттан ташып келип жатабыз. Ошондуктан президент тараптан ири цемент заводдун долбооруна колдоо көрсөтүп, ички керектөөлөрдү толук жабуу тапшырмасы коюлган. Бул заводду куруу 2022-жылы башталып, 2024-жылы бүтүп жатат. Мында тиешелүү финансы уюмдарына заводду курууга берилчү насыя үчүн Финансы министрлиги кепилдик берди. Бул завод муктаждыктын бир бөлүгүн жабат. Азыр бизде планда дагы 2 цемент заводдун курулушуна көмөктөшөбүз. Алар да курулса калган керектөөлөрдү толук жабабыз деген үмүт бар”.
Ачык булактардагы маалыматтарда өлкөдө беш-алты цемент завод бар экени жазылып жүрөт. Алардын айрымдары майда ишканалар жана кээлери жабылып, кайра ачылып турат экен.
Негизинен цемент завод – Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында “Түштүк кыргыз цемент” заводу, Ош облусунун Араван районунда “Араван цемент” заводу жана Чүй облусунун Кант шаарында “Кант цемент” заводу көбүрөөк белгилүү.
Экономикада эске алчу жагдайлар
Кыргыз өкмөтү Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында 2024-жылы республика боюнча 100дөн ашык социалдык объект жана 100дөн ашык өнөр жай ишканалары ачыларын маалымдаган. Жыл башынан бери эки топтон тең бир топ объектилер ачылды, жыл соңуна чейин да ачылыштар өтөт экен.
Кыргызстандын бийлиги соңку эки-үч жылдан бери бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди.
Буга байланыштуу Бишкек шаарында, башка аймактарда, анын ичинде Ош шаарында бир нече жолу нааразылык акциялары өттү. Өкмөт айрым чечимдирин бир аз артка жылдырып, айрымдарын жумшартууга аргасыз болду.
Өкмөттүн фискалдык саясаты бир жагынан ушундай нааразылыктарга алып келип жатса, экинчи жагынан катар-катар ишканалардын ачылышы кубаттоого алынууда. Ошол эле мезгилде айрымдар ишкерлерге дагы да кошумча шарттарды түзүүгө чакырып келишет. 100 объектинин ачылышында Жогорку Кеңештин айрым депутаттарына микрофон сунуп, ойлорун сурап көрдүк.
Дастан Бекешев, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Темпи жакшы. Экономикалык өсүштөрдү колдоо керек. Салык көбөйүп жатат, демек ишканалардын жүгүртүүлөрү да жайында деп кабыл алсак болот. Бажыда да төлөм көбөйдү, демек, өткөрмө бекеттерде көзөмөл күчөдү деп түшүнсөк болот. Мына жаңы заводдордун ачылышы да ушул көрсөткүчтөрдүн бири. Бирок дагы да алдыга жыла беришибиз керек. Башка бир жагдай, жаңыдан ачылып жаткан ишканаларга көбүнчө өкмөт өзү салым кылып жатат. Же кепилдик берет, же насыя берет же жер тилкесин берет. Сырттан келген чоң инвесторлор ири акча салуудан карманууда, ал эми колдоо албаган жергиликтүү ишкерлер азыраак. Ошондуктан бардык ишкерлер инвестиция салып, ишкана ачууга болчудай шарттарды жаратуу керек".
Улугбек Ормонов, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Убагында Кыргызстанда жүздөгөн заводдор болгон. Тилекке каршы эгемендик алган соң алардын көбү менчиктештирилип, базарларга айланып кеткен. Өндүрүштө иштеген миңдеген жарандар соодага чыгып кетишти. Эми кайра жаралуу процесси, же өндүрүштүн көбөйө баштаганы кубандырууда. Жеңил машинелерди өндүрүүчү завод ачылды, электромобилдерди чыгаруучу завод эми ачылганы жатат. Оор жүк ташуучу транспортторду чогулта турган да ишкана ачылууда. Жалпы жонунан ишкерлерге жеңилдиктер берилип жатат, текшерүүлөр токтогону жана башкаларды айтсак болот. Бирок ошентсе да аларга жеңил насыяларды берип, салыктык жеңилдиктерди берсек дагы да чоң өбөлгө болмок".
Марлен Маматалиев, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Менимче ишканалардын ачылышы системалуу түрдө жүрүп жатат. Ар бир аймакта, ар бир айыл округда завод курулат дегендей саясат кетүүдө. Жыл башынан бери ачылды, дагы ачылганы турат. Менимче ишкерлер азыркы фискалдык саясатка көндү. Экономикабыз ушул темп менен кете бергени туура. Албетте, ККМге байланыштуу ишкерлерди, же митингге чыгып жаткандарды түшүнүп жатабыз. Бирок салыктык режимдерди иретке келтирип, аларга бир сыйра ыңгайлуу кылып берсек болот. Кечээ биз Акылбек Үсөнбекович менен сүйлөшүп, айрым кичи соода жайларына ККМди киргизбей эле, мобилдик тиркемелерди киргизсе болорун кеп кылдык. Ушул сыяктуу нерселерди киргизсек болот. Жеңилдете турган, же мөөнөтүн жылдыра турган нерселерге барсак болот, бирок жалпысынан ККМ бизге керек".
Орусия Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасынын (РСФСР) курамындагы Кара-Кыргыз автономдук облусу 1924-жылы 24-октябрда түзүлүп, 1925-жылы май айында Кыргыз автоном облусуна айланган. Аталган түзүм 1926-жылы Кыргыз АССРи деп өзгөртүлүп, 1936-жылдан тартып Кыргыз ССРи болгон. Негизинен ошол аймактын чегинде Кыргызстан 1991-жылы эгемендик алган.
Өлкө эгемендигинин 33 жылдыгында – 2024-жылы Кара-Кыргыз автономдук облусунун 100 жылдыгы мамлекеттик масштабда белгиленүүдө.