Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:10

Акылбек Жапаров Асман шаарын курууга акча табылганын айтты


Асман шаарынын долбоору.
Асман шаарынын долбоору.

Асман шаарынын курулушун долбоорлоого 480 млн доллар каражаттын булагы табылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 14-ноябрда Жогорку Кеңеште өкмөттүк саат учурунда билдирди. Ал өкмөт тарабынан башка да шаарларды өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүлүп жатканын белгиледи.

Анын сөзүнө караганда, Жалал-Абад шаарына 2,2 млрд сом, Караколго – 2 млрд сом, Кара-Балта, Токмок шаарларына – 1 млрд сомдон, Балыкчы менен Талас шаарларына 300 млн сомдон берилген.

Президент Садыр Жапаров октябрь айында жарлык чыгарып, Министрлер кабинетине келерки жылдын 1-мартына чейин Асман шаарынын курулушунун концепциясын иштеп чыгып, бекитүүнү тапшырган. Анда шаар курулушунда экологиялык коопсуздук маселесин биринчи орунга коюу милдеттендирилген.

Мамлекет башчы быйыл май айында Ысык-Көлдөгү Асман шаарынын курулушу жайында башталарын билдирген.

Кыргызстандын бийлиги Ысык-Көлдүн жээгине экологиялык, заманбап, бардык шарттары бар шаар куруу дымагын 2021-жылы жай айында билдирген. Ошол эле жылы күздө өкмөт Асман шаарын куруу мамлекеттик дирекциясын түзгөн. Былтыр мартта жаңы калаанын курулушун көзөмөлдөө милдети Президенттин иш башкармалыгына өткөн.

Садыр Жапаров 2023-жылы 30-июнда бул шаарды курууну баштоо аземине катышкан. Капсула салынгандан кийин курулуш токтоп калган.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, шаардын курулушунун баасы 20 млрд доллар деп эсептелген. Аны курууга түштүк кореялык компания 1 миллиард доллар инвестиция салууга ынтызарлыгын билдиргени расмий айтылган. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, “Асман” шаары 500 миң кишиге ылайыкталат. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG