Өкмөт сунуштаган долбоор 30-январда парламенттин дароо эки комитетинин колдоосуна ээ болду. Аны дагы төрт комитет карап, жактырса гана палатага чыгарылат. Документ кабыл алынса, бардык ЖМКлар кайра каттоодон өтүп, каржы булагын көрсөтүшү керек болот. Бул журналисттердин эркиндигин чектейт деген чочулоолор айтылууда.
Медиа өкүлдөрүнүн, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун каршылыгына карабастан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин эки комитетинде колдоо тапты. Бул медиа өкүлдөрүнүн кооптонуусун күчөттү.
Ош шаарында өткөн талкуу убагында юрист, “Тандем” юридикалык компаниясынын директору Таттуубүбү Эргешбаева жаңы мыйзам кабыл алынса, административдик чаралар жана журналисттерди камоо күч алышы мүмкүн деп эсептейт:
“Эгерде бул мыйзам кабыл алынса, эркин медиалар үчүн чектөөлөр күчөп, анын артынан административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мыйзамга кошумчалар киргизилет. Азыркы учурда журналисттерди кармоо, камоо ансыз деле болуп жатат. Мындан ары дагы басым кылуу үчүн жаңы беренелер чыгып калышы мүмкүн. Бул дагы бир коркунуч”.
Сунушталган мыйзамда кайсы бир чиновникти видео же аудиого журналист уруксат алгандан кийин гана тарта алат деген берене бар. Бирок азыркы шартты алсак, андай өз ыктыяры менен макулдугун берген аткаминерди табуу кыйын болуп калышы мүмкүн экенин талкууда журналист Кенжебү Мамасадыкова белгиледи.
“Биз, журналисттер, саясаттан сырткары жергиликтүү бийликтин ар кандай кадамдарын да чагылдырып турабыз. Журналисттер даярдаган материалдардын негизинде укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоп, жоопко тарткан мисалдар бар. Айталы, шаардык мэрия же райондун акимчилигине мыйзамсыз ишин ашкерелегенге макулдук сурап барсаң, алар уруксат бермек беле? Албетте, маалымат алууга каршы болот”, - деди журналист ал.
Документке ылайык, бардык жалпыга маалымдоо каражаттары, анын ичинен сайттар кайра каттоодон өтөт. Бул жерде талаптар дагы абдан татаал экенин айрым медиаэксперттер белгилеп жатышат. Маселен, басылма арызында материалдарды басып чыгаруунун болжолдуу мезгилдүүлүгүн, көлөмүн, таратуу аймагын көрсөтүшү керек. Журналисттер бул мүмкүн эмес экенин айтып жатышат. Сайтка бир күндө 5 же 50 деле материал жарыяланышы ыктымал болгондуктан, аны алдын ала аныктоо мүмкүн эмес. Бирок ушуга шылтап басылманын лицензиясын алып койсо болот деген чочулоо бар. Оштогу талкууда юрист Асылбек Кунгуров аталган мыйзам долбоорунда кемчилик көп экенин белгиледи.
“Бул мыйзам долбоорунун артыкчылыгына караганда журналисттердин жана бейөкмөт уюмдардын ишин чектей турган жактары көп экенин айта алам. Жалпыга маалымдоо каражаты дегенде саясий маселелерди сөз кылган медиаларды эле эмес, элдин көйгөйлөрүн, социалдык абалын чагылдырган ЖМКларды да эске алыш керек. Биз бүгүн долбоордун көптөгөн жоболору Баш мыйзамга карама-каршы келерин да талкууладык. Эми күтө туралы, мезгил көрсөтөт баарын”, - дейт юрист.
Мыйзамдын демилгечилери ЖМК тууралуу мыйзам 32 жыл мурда кабыл алынганын жүйө тартып, өзгөртүү мезгил талабы экенин айтууда. Азыркы технология өнүккөн маалыматтык доордо мыйзам жаңыланууга муктаж деген түшүндүрмө берди маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу парламент комитетинин 30-январдагы жыйынында:
"ЖМК тууралуу мыйзам эскиргенин белгилейбиз. Азыркы замандын чакырыктарына ылайык келбейт, ЖМК чөйрөсүндөгү коомдук мамилелердин азыркы талаптарын толук канааттандырбайт".
Комитет жыйынында мыйзамда бири-бирине каршы келген ченемдер бар экени да айтылды.
Анда "Журналисттер" коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дуйшөнбеков түшүнүксүз жагдайлар бар экенин, андан сырткары сунуш-пикирлер эске алынбай жатканын белгиледи:
“Биз бул убакка чейин бир канча толуктоолорду, сунуш-пикирлерди бергенбиз. Бирок биздин сунуштар эч кандай эске алынган жок. Мунун себебин түшүндүрүп беришкен жок. Биз жаңы мыйзамды кабыл алууга эмне негиз болду деген суроону койгонбуз. 2021-жылы президенттин жарлыгы менен бардык мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүлүп, ошондо ЖМК жөнүндө мыйзам олуттуу өзгөртүүлөргө муктаж эмес деген тыянак чыккан. Анда Юстиция министрлиги да катышкан. Ошол иштин жыйынтыгы эмнеге эске алынган жок?”.
Документ алдыда төрт комитеттен өтүп, колдоо тапса, анан парламенттин жалпы кароосуна келет
. Эл аралык жана жергиликтүү уюмдар да бул документ сөз эркиндигине кедергисин тийгизерин эскертип жатат.