Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:15

Бекешев ЖМК мыйзамы аркылуу медианы көзөмөлдөө аракети жүрүп жатканын айтты


Жогорку Кеңештеги Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кароосуна “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору келип түшкөнүн депутат Дастан Бекешев 22-январда билдирди.

Бул тууралуу өзүнүн Телеграм каналына жарыялаган эл өкүлү документти "бардык маалымат каражаттарын көзөмөлгө алуу жана катуу тартипке салуу аракети" деп мүнөздөдү.

Аталган мыйзам долбоору өткөн аптада парламенттеги эки комитеттин күн тартибине кирип, бирок каралган эмес. Депутаттар отурумга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри менен ички иштер министри келип, суроолорго жооп бериши керектиги айтышкан.

Кыргызстанда азыр иштеп жаткан ЖМК жөнүндөгү мыйзам 1992-жылы кабыл алынган. Бийлик андан бери медиа тармагында бир топ өзгөрүүлөр болуп, азыркы талаптарга жооп бербей калганын негиз келтирүүдө.

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн 2022-жылы декабрда жумушчу топ түзгөн. Президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчиси болгон. Бирок президенттик аппараттын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн берген сунуштарын акыркы 5-вариантка киргизбей калганда, алар Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылып, мыйзамды мындай абалда кабыл албоого чакырышкан.

Эл аралык Freedom House уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жыл катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын белгилеп келет. (SE)

XS
SM
MD
LG