Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Жовтенко: Украинадагы трагедия Борбор Азияга сабак болсо...


Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко.
Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко.

Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко “Азаттыкка” курган экслюзивдүү интервьюсунда Украинанын “Жеңиш планы”, кыргыз-украин мамилелеринин жандануусу жана Украинадагы согуштун Борбор Азия өлкөлөрү үчүн сабагы тууралуу кеп кылды.

"Азаттык": Аз күн мурда Украинанын президенти Владимир Зеленский Жогорку Раданын сессиясында, андан соң Еврошаркетте “Жеңиш планын” презентация кылды. Ал кандай чечимдерди камтыйт жана аны аткаруу канчалык мүмкүн?

Жовтенко: “Жеңиш планы” – бул убакыттын талабы. Документ биздин өнөктөштөр менен кызматташууну эске алып, Украинаны жеңишке алып келе турган тийиштүү алгоритмдерди сунуштайт. Ал беш пункттан турат. Биринчиси – саясий, экинчи-үчүнчүсү – аскердик мүнөздө. Төртүнчүсү – экономикалык жана бешинчиси коопсуздук маселесин карайт.

Кыскача түшүндүрө кетейин, биринчи пункт – Украинаны НАТОго чакыруу – бул өтө маанилүү пункт. Мында кеп Украина НАТОго мүчө болору жөнүндө эмес, Украина чакыруу алат деген жөнүндө гана болуп жатат. Чакыруу менен мүчөлүк ортосунда өтө чоң процедуралык аралык бар. Бул Европадагы туруктуулук жана тынчтык үчүн түпкүлүктүү нерсе. Украина – азыр агрессиядан коргонуп жаткан Европадагы чоң өлкө.

Экинчи пункт – бул коргонуу. Мында жөн гана Украина согушту бүтүрүү үчүн ала турган куралдардын так тизмеси. Үчүнчү пункт – бул токтотуу. Мында биз бардык аскердик агрессияга жооп бере ала турган стретегиялык куралды биздин аймакка жайгаштырууну сунуштап жатабыз. Бирок бул жерде өзөктүк пакет жөнүндө кеп жок. Ошол эле маалда биз бул пунктта Орусия жөнүндө гана сөз кылып жаткан жокпуз.

Төртүнчү пункт – бул экономикалык потенциал. Бизде триллиондогон америкалык долларга тете ресурстарыбыз бар жана өнөктөштөр менен так ушул багытта кызматташууну сунуштап жатабыз. Ресурстардын көбү уникалдуу, мамлекеттердин азыркы стратегиялык өнүгүшүнө таасир эте турган литий, титан сыяктуу кендерибиз бар.

Соңку, бешинчи пункт – бул коопсуздук. Ал согуштан кийинки мезгилге багытталган. Анын ичинде биз, эгер өнөктөштөр макул болсо, Европанын аймагындагы америкалык куралдуу күчтөрдүн контингентин украин аскерлери менен алмаштырууну сунуштап жатабыз.

"Азаттык": Бул планды аткаруу реалдуубу?

Жовтенко: Муну аткаруу биздин өнөктөштөргө, алар канчалык даяр экендигине көз каранды. Азыр “саясий эрк” деген сөз популярдуу эмеспи. Эгер буга даярдык болсо дегендей... Украин күчтөрү азыр өзүнүн эң жогорку моралдык духун көрсөтүү менен чектелбей, мыкты согуштук чеберчилигин да көрсөтүп жатат. Ал бизге өнөктөш болгон бардык мамлекеттерге пайдалуу болот деп ойлойбуз.

"Азаттык": Украинанын тургундары буга макулбу? Адатта мындай маселелер өтө оор кабылданат эмеспи. Айрыкча, парламент менен макулдашуу татаал болсо керек...

Жовтенко: Албетте. Парламенттеги добуш берүү – бул демократиялык процесс, саясий кызыкчылыктар кагылышы. Бул жерде биз бардык европалыктар Европанын коопсуздугун күчөтүшү керектиги жөнүндө кеп кылып жатабыз. Украин куралдуу күчтөрү да тиешелүү тажрыйбага жана батыш үлгүсүндөгү курал-жаракка ээ болуп туруп, согуштук аракеттерди алып баруу жана адамдарды окутуу жаатындагы билгендерин башка өнөктөштөр менен да бөлүшө алат.

"Азаттык": Орусиянын аскерлеринин Украинага кол салганына 2,5 жыл болду. Азыр өлкөдө кырдаал кандай? Фронттун линиясындагы жагдай кантип жатат?

Жовтенко: Украиналыктар кол салуунун биринчи күнүнөн тартып эрдик жана мекенчилдик менен өзүнүн аймагын коргоп келет. Азыркы тапта согуш жүрүп жаткан 1000 километрден ашык фронттук линия бар. Анда динамика ар дайым өзгөрүдө.

“Киевди үч күндө алабыз”, “Украинаны үч аптада басабыз”, “Украинаны денацификациялоо” деген риторика, же жөнөкөй сөз менен айтканда украин элин, украин армиясын жок кылуу планы кыйрап калды. “Атайын аскердик операция” деген жомогу да ойрон болду. Азыр эми “Орусия НАТО менен согушуп жатат” деген риторикага өтүп алышты.

Алар "НАТОну Орусиянын аймагынан алысыраак жылдыруу үчүн Украинага басып кирдик" деп айтышкан. Бирок жыйынтыгы кандай болуп калды? Өткөн жылы Финляндия менен Швеция НАТОго мүчө болду. НАТО жылмак тургай, тескерисинче, Орусиянын аймагына жакындап калды.

"Азаттык": Мурдараак Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу аянтчасында украиналык кесиптеши Андрей Сибига менен жолугушту. Анда эмне жөнүндө сөз болду жана жолугушууга эмне түрткү болду?

Жовтенко: Бул жолугушуу украин тараптын демилгеси менен өттү. Максаты – Украина менен Кыргызстандын ортосунда диалогду жандантуу. Биз Кыргызстан менен мамилебизге, Чыгыш менен Батыштын ортосундагы байланыш түйүнү сыяктуу оптимисттик маанайда карайбыз. Ал жолугушууда биздин мамилелердеги актуалдуу көп маселелер, Тышкы иштер министрлигинин ортосунда саясий кеңешмелерди, өкмөттөр аралык отурумдарды өткөрүүдөн баштап кызыкчылыктарыбызды бириктирген маселелерге чейин сүйлөшүлдү. Менимче, бул жолугушуу биздин эки тараптуу мамилелердин активдешүүсүнө импульс берди.

"Азаттык": Ошол эле маалда Украинанын президенти Владимир Зеленский “Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери нейтралитет жөнүндө айтышканы менен тышкы саясатта көбүрөөк Кремлге ыктап жатышат” деп айтпадыбы. Бул дисбаланс кайсы нерселерден көрүнүп жатканын түшүндүрүп бере аласызбы?

Жовтенко: Өзүңүздөр билгендей, ал кеп быйыл май айында Владимир Зеленскийдин Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын журналисттери менен жолугушуусунда айтылган. Кездешүү Харьковдо өткөн жана журналисттер Орусиянын агрессиясынын жыйынтыгын өз көздөрү менен көрүп келишкен. Ага чейин 2 миллиондой тургун жашаган Украинанын ири өндүрүштүк шаарында болушкан.

Президенттин сиз айтып жаткан сөзү, мамлекет башчы Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан турган геосаясий абалды жакшы түшүнөт дегенди билдирип турат.

Украина азыр өтө оор мезгилди башынан өткөрүүдө, Орусиянын агрессиясына болгон куралы менен аргасыз туруштук берип, чоң курмандыктарга туш болууда. Мунун баары жөн гана көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн сактап калуу үчүн жана жөн гана жашоо үчүн, өзүбүз каалагандай жашоо үчүн гана болуп жатат. Так мына ушул нерсе Борбор Азия өлкөлөрү үчүн эл өз тагдырын өзү гана чечиши керек деген сабак болушу кажет.

"Азаттык": Бир катар маселелерде экономикалык көз карандылык бар экенин эске алганда сиз айтып жаткан өлкөлөр башкача кадамга бара алышы мүмкүнбү?

Жовтенко: Дароо айтып койгум келет, биз Кыргызстандын суверенитетин сыйлайбыз. Кыргызстан суверендүү өлкө катары кандай чечим аларын, ким менен мамиле курарын өзү чечет деп эсептейбиз. Бирок ошол эле маалда Борбор Азия өлкөлөрү азыркы замандагы бардык геосаясий факторлорду, анын ичинде Украинада болуп жаткан трагедияны да эске ала жүрүшү керек. Анткени, Украинада бир чоң өлкө башка бир өлкөнү жок кылуу аракети болуп жатат. Бул тушта Кыргызстан кандай чечим кабыл алат, бул Кыргызстандын суверендүү укугу.

"Азаттык": Өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 35 млн долларды түзүптүр. Ал сооданын ичинде Украинадан Кыргызстанга дары-дармек жеткирүү да бар экен. Азыр бул боюнча абал кандай? Дарыканаларда препараттар жетишпей жатса керек...

Жовтенко: COVID эпидемиясына чейин биздин товар жүгүртүүбүз 60 млн долларга чейин жеткен. 2023-жылдын жыйынтыгында соода алакабыз 36 млн долларга түшүп калыптыр. Бирок 2024-жылдын биринчи жарымында эле 20 млн долларлык көрсөткүчкө жете алдык. Биздин Кыргызстанга жасаган экспортубуздун 30% – фармацевтика. Ооба, дарыканаларда дарылар азайышы мүмкүн, бул логистика менен байланыштуу. Бирок бул жакка алып келинип жаткан дары каражаттарынын көбү бул – ооруканаларга берилчү дарылар. Ал препараттар операция маалында анестезия үчүн же операциядан кийинки калыбына келтирүү процедураларында колдонула турган дары-дармектер.

"Азаттык": Мурда Кыргызстандан жашылча-жемиштерди, курулуш материалдарын ташып кетчү экенсиздер. Азырчы?

Жовтенко. Салттуу түрдө биз Кыргызстандан азык-түлүктөрдү жана кездеме буюмдарын импорт кылабыз.

Эгер тамак-аш азыктары жөнүндө кеп кыла турган болсок, мында технологиялык кызматташтык жөнүндө айта кетиш керек. Кыргызстанда TomatKG деп аталган компания таза помидорлорду өндүрүп, паста чыгарат. Аны Германия, Италия жана башка өлкөлөр сатып алып турушат. Так ошол компанияда украиналык адистер эмгектенет. Анда көбүрөөк үрөн фонду жана жерди кайра иштетүү сыяктуу технологиялар иштетилет. Мына ушундай нерселерди биз өндүрүмдү кайра иштетүүнүн бардык багыттарында сунуштай алабыз.

"Азаттык": Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы санкциялардын аткарылышы жөнүндө улам-улам эскертип жатышат. Кыргызстанда болсо андан буйтаган бир нече компаниялар аныкталды. Бирок аз убакыт мурда Кыргызстандын экономика министри “өлкө бул жаатта бардык милдеттемелерди аткарып жатат” деп айтты. Элчилик буга көз салып турабы?

Жовтенко: Бул Кыргызстандын ички иши. Мен министр Амангелдиев мырзанын “Кыргызстандын аймагы аркылуу өткөн товарлардын кыймылын көзөмөлдөгөн соода компаниясы түзүлөт” деген сөзүн кубаттаймын. Бул ниети жаман чет элдик компаниялар Кыргызстандын юрисдикциясын пайдаланып кетпеши үчүн зарыл нерсе.

Шерине

XS
SM
MD
LG