Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Йемен: жаатташкандар сүйлөшүүгө чогулат


Йемен.
Йемен.

Йемендеги жоолашкан тараптар эки жылдан бери биринчи жолу Бириккен Улуттар Уюмунун ортомчулугу менен өлкөдөгү согушту токтотуу максатында тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөргөнү жатат.

БУУнун атайын чабарманы Мартин Гриффитс тараптарды Швециянын борборуна чогултту. 2015-жылдан берки уруштардан Йеменде он миңдеген адам өлдү. Жүз миңдеген киши жер которду.

Швециянын тышкы иштер министри Маргот Вальстремдин айтымында, Стокгольмго Йемендеги согушка тиешеси бар тараптар келди.

Анын сүйлөшүүлөрдү утурлай “Нью-Йорк Таймс” басылмасына жазган макаласына караганда, бул жолугушуу согуш азабын баштан кечирип жаткан миллиондогон йемендиктерге бейпил турмуштун үмүтүн себет.

Швециянын тышкы иштер министри Маргот Вальстрем менен БУУнун өкүлү Мартин Гриффитс.
Швециянын тышкы иштер министри Маргот Вальстрем менен БУУнун өкүлү Мартин Гриффитс.

​Швецияга эң башкысы тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого макул болгон Йемен өкмөтү менен куралдуу хусит тобунун делегациялары келиши чоң утуш катары каралууда.

- Бардык маселелерди талкууласак болот, биз кайсы бир жаатты гана сүйлөшөлү деп чектеген жокпуз. Бирок бири-бирибизге ишенимди жаратуу үчүн бир канча документ, анын ичинде туткундарды бошотуу, экономиканын абалы, гуманитардык иш-аракеттер боюнча макулдашуулар болот. Йемендеги кризисте ушундай жол менен жалпы саясий чечим болушу зарыл, - деди хуситтердин делегациясынын мүчөсү Галиб Мутлак.

Жергиликтүү шиит жамааты жана "Иран колдойт" деп эсептелген хуситтер өлкөнүн түндүк-батыш бөлүгүн, борбор шаар Сананы, ошондой эле Кызыл деңиздин жээгиндеги Ходейда порттук шаарын 2015-жылдан бери ээлеп турат.

Сауд Арабиясы баштаган аскердик коалиция үч жылдан бери эл аралык коомчулук тааныган өлкө лидери Абд-Раббу Мансур Хадинин бийлигин калыбына келтирүү үчүн бул жаңжалга аралашып, абадан сокку уруп келет. Аларды айрым Батыш мамлекеттери жана АКШ да колдогон. Бирок үч жылдан берки уруш токтобой, он миңдеген адам өлдү, 500 миңдей киши жер которууга аргасыз болду.

Йемендеги ачарчылыктын азабын тарткан көчөт кыз.
Йемендеги ачарчылыктын азабын тарткан көчөт кыз.

Ал эми 15 миллион йемендик ачарчылыкты баштан кечирип жатат. Йемендин көйгөйү Бириккен Улуттар Уюмунун күн тартибиндеги биринчи маселе болуп турат.

- 2019-жылы да эң көйгөйлүү мамлекет бул - Йемен болот. Биздин эсеп боюнча, 24 миллион калкы бар Йемендин 75 пайызы гуманитардык жардамга муктаж. Бириккен Улуттар Уюму 15 миллион адамга жардам берүүнү мерчемдеп жатат. Бул үчүн 4 миллиард доллар керектелет, - деди Бириккен Улуттар Уюмунун гуманитардык маселелер боюнча өкүлү Марк Лоукок.

БУУ азыр сунуш кылып жаткан план ок атышууну токтотуу менен катар Йеменде өткөөл өкмөт түзүүнү камтыйт. Буга чейинки тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо аракеттери бир канча жолу ийгиликсиз аяктаган.

Маселен, үч ай мурда Женевадагы сүйлөшүүгө хуситтер кайра артка аман-эсен кайтып кетүүгө кепилдик жок экенин айтып, келбей койгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG