Саясий уюм жетекчилиги муну бийликтердин “буйругу” деп санашууда.
Алматы шаардык атайын адистештирилген экономикалык соту Казакстан Комунисттик партиясынын (КПК) ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча өкүмдү 3-августта чыгарган. Бирок партия жетекчилиги бул тууралуу кабарды 10 күндөн кийин гана колуна алган.
Партиянын биринчи катчысы Толеубек Махыжанов соттун чечимин саясий жүйөгө байланыштырып, апелляциялык арыз берерин билдирди:
- Бул сотко биздин партиянын бир да мүчөсү катышкан жок. Иш таптакыр туура эмес жагдайда каралган. Коммунисттик партиянын борбордук аппараты Семей шаарында жайгашса, булар соттук ишти Алматы шаарында карап атышат. Мен биринчи отурумда эле процессти Семей шаарына жылдырууну соттон талап кылгам. Ошол себептен мен Алматы шаарына баруудан баш тарткам. Бирок биз катышпасак да, сот биздин партиянын иши токтотулсун деген чечим чыгарып коюптур. Биз аягына чейин турабыз. Зарыл болсо Бириккен улуттар уюмуна чейин арызданабыз.
Махыжановдун айтуусунда, Компартиянын үстүнөн Юстиция министрлиги атайын арыз жазган. Министрлик партиянын мүчөлөрү жетишсиз деген бүтүмдүн негизинде ушундай жолго барган:
- Биз Юстиция министрлигине 58 миң мүчөбүз бар экендигин далилдеп, керектүү документтерди жөнөткөнбүз. Министрлик болсо Казакстан Коммунисттик партиясынын 38 миң эле мүчөсү бар деп сотко билдирүү бериптир. Эмнеге мынчалык жалган айтышат? Эмнеге алар ишенишпесе, келип биздеги тизмени кайрадан эсептеп чыгышпайт? Маселен, биздин партиянын бир дагы мүчөсүн сураган жок, бирөөбүздөн да тактап маалымат алган жок, - дейт партия лидери Толеубек Махыжанов
Казакстандагы саясий партиялар тууралуу мыйзамга ылайык партияны каттоо үчүн 40 миң мүчөсү болуш керек.
Казакстандын Коммунисттик партиясы биринчи лидери Серикболсын Абдильдиндин учурунан тарта оппозициялык маанайды карманып келет. Ал лидерликти 2010-жылы Газиз Алдамжаровго өткөрүп берген эле. 2014-жылдан бери партияга Толеубек Махыжанов жетекчилик кылып келатат.
Казакстан коммунисттик партиясы 2004-жылы оппозициялык «Казакстандын демократиялык тандоосу» партиясы менен бирге шайлоого барган. Ошондон кийин оппозициячыл Казакстан коммунисттик партиясы менен, алардын «клону» саналган, бийликчил Казакстан элдик коммунисттик партиясынын ортосунда ажырым пайда болгон.
Ушундан улам Казакстан коммунисттик партиясына карата бийликтин кысымдары күчөгөн. Ал тургай партияны сот аркылуу үч жолу токтотуп салып, кайра каттоодон өтүүгө аргасыз болушкан.
- 2011-жылы парламенттик шайлоонун алдында биздин мүчөлөр Газиз Алдамжаров жана башка бир нече адам «Калк майданы» уюмунун уруксатсыз жыйынга катышкан деп, партиябыздын ишмердүүлүгүн токтотуп салышкан. Бул ачыктан-ачык мыйзам бузуу болгон. Мыйзам боюнча Казакстандын жарандары партияга мүчө болуу менен, бир эле убакта ар кандай коомдук уюмдардын аракеттерине да катыша алат. Шайлоонун алдында үч айга ишибизди токтотушкан, а биз шайлоого катыша албай калдык. Бизге карата мындай кысмакка алуулар ондоп саналат, - дейт партия лидери Толеубек Махыжанов
Ал эми бийликчил Казакстан элдик коммунисттик партиясынын парламенттеги депутаты Владислав Косарев болсо, өздөрүнүн мурдагы өнөктөшү Казакстан коммунисттик партиясынын жабылышын мыйзам ченемдүү деп эсептейт:
- Бул партия лидерлеринин шалаакылыгынын айынан ушундай соккуга туш болду. Эки жыл мурда буларды «Элдик фронт» менен байланышканы үчүн жапкан. Кийин болсо аларда уюштуруу иштериндеги тартип жоктугунан ишин токтотту. Маселен, кээ бир комитет башчылары –Актөбө, Актау облустарындагы партия өкүлдөрү алар менен партиянын борбордук аппараты такыр иштешпей атканын айтып, «ушундан көрө партияны жаап салалы» деп чыгышкан. Балким алар чындап эле партияны өздөрү жаап салып, биздин катарга өтүп кетишер.
Юстиция министрлиги Компартиянын айланасындагы окуя тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты. Алар муну партияларды, коомдук уюмдарды жана укуктук жактарды каттоочу жана көзөмөлгө алчу башкармалык жооп берерин айтты. Бирок бул орган дагы «коммунисттердин маселеси» боюнча маалымат берүүдөн качууда.