Болтон АКШнын тышкы жана коргонуу саясатында катаал көз карашты карманып келгени белгилүү. Трамптын айтымында, ал Болтондун айрым сунуштары менен такыр макул болбой келген. Президент кызматка киришкенден бери ушуну менен коопсуздук боюнча үчүнчү кеңешчисин кызматтан кетирди.
АКШнын президенти Дональд Трамп улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтонду кызматтан кетиргенин 10-сентябрда «Твиттер» баракчасына жазып, анын себебине кыскача токтолгон.
«Кечээ кечинде мен Жон Болтонго Ак үйдө анын кызматы мындан ары бүткөнүн айткам. Мен администрациядагы башка адамдар сыяктуу эле анын көпчүлүк кеп-кеңешине макул болгон жокмун, ошондуктан анын кызматтан кетишин өтүндүм. Ал мага арызын бүгүн эртең менен берди», деп жазды Трамп.
Президент Жон Болтонго ыраазычылыгын билдирип, жаңы кеңешчинин атын кийинки жумада атай турганын да кошумчалады.
Ал эми Ак үйдүн маалыматына караганда, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчинин кызмат милдетин азырынча Чарли Купперман аткарып турмакчы. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз өкүлү Хоган Гидли маалымдады:
«Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчинин милдетин Чарли Купперман аткарып турат. Кечээ президент Жон Болтонду кызматтан кетүүнү суранган, ал бүгүн кабыл алынды. Жон Болтондун багыттары жана саясаты президенттики менен дал келген эмес. Кайсы гана президент болбосун, бул кызматка анын күн тартибин аткара ала турган адамды коёт».
Жон Болтон АКШ президентинин коопсуздук боюнча кеңешчиси болуп 2018-жылы 9-апрелде дайындалган. Ал тышкы саясат жана коргонуу маселелеринде катаал көз карашты карманганы менен белгилүү болчу. Болтон кызматка киришкенден тартып эле Түндүк Корея менен сүйлөшүү жүргүзүп, жакындашууга ишенбестик менен караган. Ал эми жакындан бери Трамптын Ирандын лидери жана ооган талибдери менен жолугушуусун уюштурууга каршы чыгып, Ак үйдүн ичинде сын айткандардын бири болуп келген. «Associated Press» агенттигинин талдоочусу Зеке Мюллер ушул себептерге токтолду:
Болтон менен президенттин ортосунда бир катар саясий маселелер боюнча карама-каршылык бар болчу.
«Болтон менен президенттин ортосунда бир катар саясий маселелер боюнча карама-каршылык бар болчу. Ал көп нерсеге, анын ичинде Түндүк Корея менен сүйлөшүүлөргө, ал эми жакында болушу мүмкүн длген Иран жана «Талибан» менен талкууларга скептикалык көз карашта болуп келген. Ал ушул маселелерде президент катаал көз карашты карманышын каалаган».
Жогоруда айтылгандай, Болтон АКШ менен талибдердин тынчтык макулдашуусуна жетишүүсү үчүн «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү менен Ооганстандын президенти Ашраф Ганинин Кэмп-Дэвидде, Мэриленд штатындагы президенттин резиденциясында жолугушуусун уюштурууга да макул болгон эмес.
Трамп талибдердин Кабулда 12 кишинин өлүмүнө алып келген жардыруусунан кийин бул пландан өзү да баш тартып, жолугушууну уюштурууну биротоло токтотту.
Деген менен Жол Болтондун кызматтан кетиши Трамп президенттикке киришкенден бери анын улуттук коопсуздук боюнча үчүнчү кеңешчиси кызматтан кетип жатканын билдирет.
«Болтон президент Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча үчүнчү кеңешчиси болду. Албетте, Майк Флинн аз эле убакыт иштеди. Менимче, биз президенттин кеңешчисинин күтүүсүз кызматтан кетишине эмне түрткү берип, саясий карама-каршылык эмнеде болгонун билишибиз керек. Бул жерде АКШнын дүйнөдөгү ордунун жана биздин президенттин тегерегиндеги чечим кабыл алуучу команданын туруктуулугуна тийгизген таасири деген маселе бар», - деди демократ-сенатор Крис Кунс.
Болтон мурда Рональд Рейгандын, улуу жана кичүү Жорж Буштардын администрациясында иштеген. Ошондой эле Юстиция министрлигинде жана Мамлекеттик департаментте ар кандай кызматтарды аркалаган. Кичүү Жорш Буштун тушунда ал АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү болгон.