Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:45

ЖМК: Трамп Зеленскийге басым кылган


Владимир Зеленский менен Дональд Трамп.
Владимир Зеленский менен Дональд Трамп.

Бир катар негизги маалымат каражаттары жана демократтар президент Дональд Трампты «украин бийлигин америкадагы шайлоого аралаштырууну көздөгөн» деп айыпташууда.

Июлдун акырында Трамп украинанын президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшкөн. Бул сүйлөшүүнүн мазмуну Улуттук чалгын кызматынын суроосун жаратып, ал боюнча ички иликтөө да башталды.

АКШнын президенти Дональд Трамп жекшемби күнү Украинанын президенти менен июль айында сүйлөшкөн учурунда ага басым көрсөткөн сөз айтпаганын билдирди. Буга чейин ал Владимир Зеленский менен сүйлөшкөндө мурдагы америкалык вице-президент Жо Байденге жана анын уулуна карата Украинада иликтөө жүргүзүүнү талап кылганы тууралуу кабарлар чыккан. Бир катар америкалык маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Трамп телефондогу сөзүндө Зеленскийди Украинада Байденге жана анын уулуна карата иликтөө жүргүзүүгө сегиз жолу чакырган. Маалымат берген булактар Байденге каршы иликтөө ишинде Трамп Зеленскийди өзүнүн адвокаты Рудольф Жулиани менен кызматташууга көндүргөнү да белгиленет.

Мисалы, «Wall Street Journal» басылмасынын жазганына караганда, ал телефондук сүйлөшүүгө чейин жана андан кийин да Жулиани Украинанын расмий бийлик адамдары менен бир канча жолу кездешип, Байдендин уулуна байланышкан иликтөөнү күчөтүүгө чакырган.

Трамптын айтымында, 25-июлда украин президенти Владимир Зеленский менен телефондон сүйлөшүүсү эң сонун болгон жана анын, айрымдар талап кылып жаткандай, жеке адвокаты Рудольф Жулиани Конгрессте сүйлөшүнө эч кандай каршылыгы жок.

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

«Бул көбүнчө куттуктоо маанайындагы сүйлөшүү болгон. Негизинен коррупцияга арналган. Ал түпкүлүгүндө биз мурдагы вице-президент Байден жана анын уулу сыяктуу биздин адамдардын Украинада орун-очок алган коррупцияга жардамдашканын каалабай турганыбыз тууралуу болгон, - деди Трамп. - Жо Байден абдан туура эмес иш кылды. Кийин болсо ал «уулум менен сүйлөшкөн эмесмин» деп жатат. Буга ким ишенди? Буга чейин ал «уулум менен сүйлөшкөм» деп айткан болчу. Башкача айтканда ал кайрадан калп айтты. Менин түшүнгөнүмө караганда, ал өз уулунун жана компаниясынын ишин карап жаткан прокурорду иштен бошотмоюнча Украинага миллиарддаган доллар берилбей турганын айткан. Мен Байденге зыян келтиргим жок... Ал абдан осол кеп айтты».

Барак Обаманын администрациясынын тушунда вице-президент болгон Жо Байден Украинага байланышкан иштерди да көзөмөлдөп турган. Ошол учурда анын уулу Хантер Байден украиналык «Бурисма» газ компаниясынын директорлор кеңешинде кызматты ээлеген. «Бурисмага» карата Украинада кылмыш иши козголуп, бирок эч кандай мыйзам бузуу табылган эмес.

Трамптын адвокаты Жулиани маектеринде «Байден украин саясатына кийлигишкен жана андагы коррупциялык иштерге аралашкан» деп билдирип жүрөт. Атап айтканда, ал Байдендин уулунун «Бурисмадагы» иштерин иликтеген мурдагы украин башкы прокурору Виктор Шокин анын өтүнүчү менен жумуштан алынган деп эсептейт.

Бирок Байден анын дарегине айтылган дооматтарды четке какты:

Жо Байден.
Жо Байден.

«Мен эч убакта уулума чет өлкөлүк ишкерлик мамилелери тууралуу айткан эмесмин. Менин билгеним ушул. Ал эми Трамптын иши иликтениши керек деп эсептейм. Ал президенттиктин негизги эрежелерин бузуп жатат. Ага «Эмне үчүн чет өлкөлүк лидер менен аны коркутканга аракет кылып сүйлөшөсүң?» деп суроо бергиле. Трамп мен аны барабандай кагып жатканымды билет. Ошондой эле ал бийлигинен, президенттиктин ар бир ишинен кыянат пайдаланып, мени каралаганга аракет кылып жатат».

Жо Байден учурда демократтар арасында кийинки жылы боло турган президенттик шайлоого катышууга ниеттенгендердин лидери болууда. Ошондуктан Байдендин Украинага байланышкан иштерин козгоо ага бут тосуу катары да бааланып жатат.

Украинанын тышкы иштер министри Вадим Пристайко 21-сентябрда телефондогу сүйлөшүү учурунда «Трамп Зеленскийге басым көрсөткөн» деген маалыматты четке какты. Анын айтымында, Украина АКШдагы тигил же бул саясий күчтү жактабайт.

Вадим Пристайко.
Вадим Пристайко.

«Биз эгемен өлкөбүз, биздин өз сырларыбыз бар, президент башка президент менен жашыруун сүйлөшө алат, - деп түшүндүрдү ал. - Бул башкы шарт. Анткени кээде президенттер жашыруун маалыматтар менен бөлүшөт. Америкалык тергөөчүлөр маалымат суроого укуктуу. Эгер кимдир-бирөө биздин президентке басым болду деп ойлосо, ал муну далилдеши керек. Мен сүйлөшүү эмне тууралуу болгонун билем жана кандайдыр бир басым болгон деп ойлобойм. Сүйлөшүү учурунда лидерлер кандай гана көйгөйлүү маселе болсун талкуулай алышат. Бул көптөгөн, анын ичинде олуттуу жоопторду талап кылган маселелер талкууланган узак жана достук сүйлөшүүсү болгон».

Ал арада Трамп менен Зеленскийдин телефондук сүйлөшүүсү боюнча Улуттук чалгын кызматынын баштапкы иликтөөсү да башталды. Өкүлдөр палатасындагы Чалгын комитетинин башчысы Адам Шифф эгер иликтөө Трамп Зеленскийге Байдендин ишин иликтеш үчүн басым кылганын көрсөтсө, анда бул импичментке алып барарын билдирди.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG