Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:53

Порошенко: Украина орус империясынан кол үздү


Киевдеги аскердик парад.
Киевдеги аскердик парад.

24-августта Киевде Эгемендик күнүнө карата аскердик парад өттү. Ага негизинен украин жоокерлери, техникасы, ошондой эле 18 өлкөдөн келген 300дөй жоокер катышты. Аскердик парадда президент Петро Порошенко Украина орус империясы менен бардык байланышын үзгөнүн айтты. Украина көз карандысыз экенин СССР расмий чачырардан төрт ай мурда, 1991-жылы 24-августта жарыялаган. Азыр Киев бийлиги өлкө чыгышында Орусия колдогон жикчилдер менен кармашып келе жатат.

Украина орус империясы менен бардык байланышын үзгөнүн украин президенти Петро Порошенко 24-августта Киевде Эгемендик күнүнө арналган аскердик парадда жар салды.

- Силер мага украин президентинин кызматын ишенип тапшыргандан бери, мамлекеттик компас Батышты карай көргөзгөн багытынан тайган жок. Орусиядан болсо ажырады жана ага кылчая элек. Мындан да олуттуусу - биз Евробиримдик менен НАТОго киргибиз келген мүдөөбүздө бекем турабыз жана бул биздин Конституциябызда көргөзүлгөн.

Президент Порошенко Украина православ чиркөөсүнүн Орус православ чиркөөсүнөн ажырашы армияны чыңдоо, тилди коргоо сыяктуу эле маанилүү маселе экенин, “бул Украинанын тарыхый багытынын дагы бир олуттуу максаты, эгемендиктин компоненти” экенин кошумчалады. Анын айтымында, Москвадагы орус проваслов чиркөөсү “Путиндин гибриддик согушуна бата берип" келет:

- Адамдын жан дүйнөсү туткундалып турганда анын денеси эркин боло албайт. Бизди алар – Константинополдо, Москвада жана Ватиканда так жана ачык угушсун. Биз биротоло акыркы арканды да үзүшүбүз керек, империя аны менен бизди байлап алгысы келип жатат.

Украина өз алдынчалыгын СССР расмий чачырардан төрт ай мурда, 1991-жылы 24-августта жарыялаган. Киевдеги аскердик парадга Украинанын өзүнүн 4,5 миң аскери, 250дөй аскердик техникасы, 18 чет өлкөдөн 300дөй жоокер да катышты.

Украина Европа Биримдигине жана НАТОго мүчө болуу ниетин билдирип келет. Эгемендик күнүнө арналган парадга АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон да катышып, украин президенти жана премьер-министри менен жолугушууларды өткөрдү:

Жон Болтон менен Петро Порошенко Киевдеги парадда.
Жон Болтон менен Петро Порошенко Киевдеги парадда.

- Менимче, азыркы администрацияда Украинанын кызыкчылыктарына жигердүү көңүл бурулууда. Бир канча кадамдар жасалды. Көп нерсе Украинанын өзүнөн жана анын НАТОго мүчө болуудагы саясий-аскердик шарттарды аткаруусунан көз каранды. Бирок менимче, прогресс бар. Албетте бул абдан жакшы өнөктөштүк.

Москва НАТОну "өзүн коргонуу союзу катары көргөзгөнү менен чабуул куралдарын сатып алууну күчөтүп жатат”, Орусияны айыптоону өз активдерин Балтика менен Түндүк Европанын бир кезде тынч аймактарына жылдыруу үчүн жүйө катары колдонууда”, - деп сындап келет.

Орусия президенти Владимир Путин 22-августта Финляндия президенти менен жолуккан кезде жогорудагыдай оюн кайталаган:

Владимир Путин.
Владимир Путин.

- Биз өзүбүздүн аскер күчтөрүбүздү чек арабыздан НАТО өлкөлөрүнүн чегине жылдыраган жокпуз. Ал эми НАТОнун аскердик инфраструктурасы биздин чек арабызга жылып жатат. Техникалары болсо чек арабызга уламдан улам жакындап, машыгууларын өткөрүүдө. ​

Москва менен Киевдин мамилеси Орусия 2014-жылы жазында Крымды аннексиялап алып, Украинанын чыгышындагы жикчилдердин куралдуу жаңжал чыгарышына көмөк көрсөткөндөн кийин кыйла начарлап кеткен.

2014-жылы Украинанын чыгышындагы Орусия колдогон жикчилдер аймакта ”Донецк элдик республикасы» жана «Луганск элдик республикасы” деп жарыялап, украин өкмөтү менен согушуп келет.

Порошенконун айтымында, 23-августта болгон кармашта эле беш жоокер курман болгон. БУУнун билдирүүсүндө, Украинанын чыгышында чатак башталган 2014-жылдан бери 10 миң 250 киши өлүп, 24 миң 600 адам жараат алган.

Европа Биримдиги, АКШ жана башка мамлекеттер Орусиянын Крымды аннексиялап алганына жана 10 миң адам өлгөн Украинанын чыгышындагы согуштагы ролуна байланыштуу санкцияларды киргизген. Кремл өзүнө коюлган дооматтардын баарын четке кагып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG