Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:31

Украина: министрдин убактысын сатып ал


Сиз акча төлөп, кайсы бир министр же депутат менен жолугат белеңиз? Бул демилге Украинада ишке ашып жатат. Кайсы бир аткаминер менен театрга барып же түштөнүү үчүн аукцион өткөрүлүп, кадимкидей соодалашуу жүрөт экен. Максаты эмне? Түшкөн акча кайда кетет?

“Убакыт – акча” деген түшүнүк бар эмеспи. Украиналыктар аны түз маанисинде да колдоно баштады. Тагыраагы ProZorro мамлекеттик сатып алуу кызматы жергиликтүү чиновниктер менен көзмө-көз жолугуу мүмкүнчүлүгүн аукцион аркылуу сатышууда.

Ал үчүн ProZorro сайтына жетекчилерди аукцион товары – лот катары сүрөтүн, фамилиясын жайгаштырып, баштапкы бааны белгилеп коет. Анан жолугушуу бактысы үчүн каалоочулар өз баасын коюшат. Ошентип соода башталат.

- Соода башталгыча ким канча койгонун, канча киши катталганын эч ким билбейт. Белгиленген убакытта гана ачыкталып, ага канча киши акча сайганы билинет. Андан ары үч раунддук соодалашуу бар. Бир сааттын ичинде ким көбүрөөк айтса – лотту ошол алып кетет, - дейт өзгөчө аукциондун уюштуруучусу Алексей Соболев.

Процесске акчасы барлардын баары эле катыша алат. Уюштуруучулардын айтымында, демилге сууп калбастан ишке ашып келет.

Павел Петренко
Павел Петренко

Маселен юстиция министри Павел Петренкону кечки тамакка чакыруу 500 долларга бааланган. Дагы бир украин саясатчысы Иван Миклош менен чогуу чуркоо үчүн 800 доллар коюлган.

Ал эми 25 жаштагы ички иштер министринин орун басары, 25 жаштагы Анастасия Деевага байланыштуу аукцион кызып, бирөө дароо эле 11 млн гривен же 430 миң доллар коюп салган.

Анастасия Деева
Анастасия Деева

Кийин анча сумманы төлөөдөн баш тартып, жолугушуу мүмкүнчүлүгү 400 эле доллар сунуштаган кишиге тийген. Энергетика министринин орун басары Наталья Бойко менен театрга баруу “бактысын” харьковдук жигит 400 долларга утуп алган. Көрсө ал ошол жакта энергетика компаниясынын жетекчиси экен.

Наталья Бойко
Наталья Бойко

Адегенде чочулап жаткан жаш аткаминер Бойко азыр демилгеге таң берип турган учуру:

- Менимче бул сонун идея. Мен буга аябай позитивдүү көз караштамын. Театрда болбогонума оголе көп болуптур. Бүгүн Ремарктын "Үч дос” спектаклине билетти араң алдык.

Бирок аукциондон түшкөн акчаны ошол аткаминер же уюштуруучу албайт. Баары кайрымдуулукка кетет. Ушуну эскерткен уюштуруучу Алексей Соболев демилгени уят деп эсептебейт.

- Убактысын сатуу – биринчиден көңүлдүү иш. Экинчиден, балдарга жардам берип жатабыз. Көптөгөн кызыктуу адамдар бар. Алар менен жөндөн жөн эле жолуга албайсың. Демек биз жакшы иш кылып атабыз.

"Святитель Лука" кайрымдуулук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири Александра Телятникова да каражат максаттуу жумшаларына ишендирүүдө:

- Бардык каражаттар балдарга жасалма дем алдыруучу аппараттарды сатып алууга жумшалат. Азыр иштеп аткан аппараттардын абалы өтө кейиштүү. Жаңы деп жаткандарын сегиз жыл мурда алганбыз. Калганы совет доорунан калган.

Мындай социалдык демилге жаңы эмес. Айрым өлкөлөрдө уюштурулуп эле келет. Эми болсо Украинада да жайылып, элге, аткаминерлерге тарап жатат дешет уюштуруучулар. Жакын арада дагы кызыктуу лотторду жарыялоону убада кылышууда. Алардын арасында атактуу мушкер, Киевдин мэри Виталий Кличко менен машыгуу да белгиленген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG