Президент Петро Порошенко Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөрдүн долбоорун парламентке 2-июлда жолдоду. Ага чейин бул жолку реформанын маңызын коомчулукка жарыялап жаткан кезинде өлкөнүн чыгышында атышуулар маал-маалы менен уланып жаткан Донбасс аймагы үчүн орусиячыл жикчилдер талап кылгандай жарым автономия же өзгөчө макам каралбаганын баса белгиледи:
- Конституцияны өзгөртүү боюнча долбоор Донбасстын эч кандай өзгөчө макамын карабайт. Мындай сөздөрдүн баары жөн эле ушак. Долбоордо Донецк менен Луганск облустарынын айрым аймактык –административдик бирдиктеринде жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун өзгөчө тартибин киргизүү мүмкүнчүлүгү гана каралган. Бул өзүнчө мыйзам менен аныкталат.
Президент Порошенко азыркы конституциялык реформанын алкагында буга чейин президенттик жана аткаруу бийлигинин карамагында турган ыйгарым-укуктар менен каржылык ресурстардын эбегейсиз көлөмү жергиликтүү бийликтерге өткөрүлөрүн кошумчалады.
Кыргызстан сыяктуу эле Украина да постсоветтик мейкиндикте Конституциясын кайра-кайра өзгөрткөн мамлекеттердин бири.
Киевдик саясий талдоочу, Кырдаалдарды моделдештирүү боюнча агенттиктин директору Виталий Бала “Азаттык” менен маегинде түшүндүргөндөй, азыркы реформа аркылуу Украина бийликти децентралдаштырууга жана өз тарабынан Минск тынчтык келишиминин шарттарын аткарууга барууда:
- Президент тааныштырган сунуштардагы башкы өзгөртүү - бийликтин децентралдашуусу, өлкө аймактарынын эң биринчи кезекте жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн экономикалык укуктарынын кеңейиши. Эгер Минск келишимдери тууралуу айтсак, чын эле анын өткөөл жоболорунда Луганск жана Донецк облустарынын айрым аймактарында жергиликтүү башкаруунун өзгөчө тартибин киргизүү мүмкүнчүлүгү каралган. Жогорку Рада ал үчүн атайы эки мыйзамды буга чейин эле кабыл алган болчу. Эми бул маселе боюнча биринчи кезекте Орусиядан айыптоо, ошондой эле башкы өнөктөштөрүбүз Евробиримдик менен АКШда Украина Минск келишимдерин аткарбай жатат деген түшүнүнбөстүк болбошу керек.
Бирок Украина чыгышында өзүн-өзү жарыяланган "республикалардын" жетекчилери жана Москва Порошенконун жаңы демилгелерине кайра эле канааттанган жок.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Донбасска өзгөчө макам берүүдөн баш тартууну элдешүү планынан чегингендик катары мүнөздөдү.
Ал эми Донецк элдик республикасынын лидери Александр Захарченко Конституцияны өзгөртүү аракети бир тараптуу түрдө көрүлүп жатканына токтолуп, муну Киевдин Минск тынчтык жараянынан де-факто чыгуусу катары баалады. Захарченко "Донецк элдик республикасынын" аймагында эми өзүн-өзү башкаруунун өзгөчө режими иштерин жана алар жергиликтүү шайлоону 18-октябрга белгилешкенин жарыялап жиберди.
Киевдик талдоочу Виталий Баланын пикиринде, орусиячыл жикчилдердин шайлоо жөнүндөгү жарыясы - сүйлөшүүлөрдө кысым көргөзүүнүн аргасы гана. Канткен күндө да Украина Донбасстын өзгөчө макамына эч убакта бара албайт:
- Менимче бул жөн эле кысым көргөзүү ыкмасы, жолугушуу –сүйлөшүүлөрдө соодалашуунун элементи. Ал эми Донбасстын өзгөчө макамы жөнүндө сөз жүрүшү мүмкүн эмес. Орусия Украинага конституциялык түзүлүштү өзгөртүүнү таңуулоого умтулуп жатат. Москванын көз карашында, Украина федеративдүү өлкө болушу керек экен. Буга кошумча тышкы саясатка да кийлигишүүгө аракеттенишип, талаптарга Украинанын бейтарап макамы жөнүндөгү маселе да кошулууда. Бирок менимче бул жерде сөз Украинанын ийгиликтүү мамлекет болушуна мүмкүндүк бербөө жөнүндө жүрүп жатат.
Былтыр сентябрдагы алгачкы Минск келишиминин шарттарына ылайык, Киев Украина чыгышында жергиликтүү шайлоону ошол жылдын декабрына дайындаган. Бирок өзүн өзү жарыялаган Донецк жана Луганск "республикаларынын" жетекчилери буга көнбөй ноябрда өзүнчө шайлоо өткөрүп жиберишкен. Киев ал шайлоолорду тааныган эмес.