Мыйзамга ылайык, демонстранттар администрациялык имараттарды бошотуп, жолду ачканда гана мунапыс берилет. Оппозицияга мындай шарт менен кабыл алынган мыйзам жаккан жок.
УДАР партиясынын лидери, депутат Виталий Кличко бийликтин бул аракети “коомду тынчтандырмак тургай, кайра нааразылыкты күчөтөрүн” айтты. Ал ошондой эле жаңы мыйзам аркылуу бийлик өкмөттүк имараттарга кирип алгандарды “туткундады” деп сындады:
- Мунапыс мыйзамы адегенде күчүнө кирип, андан кийин ишке ашуусу керек. Ага карабастан, бул мыйзам, башка дагы көптөгөн мыйзамдар сыяктуу эле элдин кызыкчылыгына дал келбейт. Азыркы кабыл алынган мыйзам туткундарды алмашкан Сомалидеги каракчыларга каршы мыйзамга окшош.
Жаңы мыйзам көчөдөгү нааразылыктын катышуучуларынын дагы кыжырын келтирди. Ал ортодо президенттин кеңсеси Виктор Янукович тумоолоп, ишке чыга албай калганын билдирди.
Шаршембиде Жогорку Рада мунапыс жөнүндө мыйзамды 232 добуш менен жактырган. Бул мыйзам долбоорун парламенттен өткөрүү үчүн президент Янукович Радага келүүгө мажбур болгон. Президенттин “Региондор” партиясы жапырт колдогон мыйзамга оппозициялык депутаттар каршы добуш берген.
Украинанын Киев жана башка шаарларындагы массалык нааразылык акциялары учурунда жүздөн ашуун демонстранттар камакка алынган. Оппозиция аларга карата мунапыс жарыялоо өлкөдөгү кризистен чыгууга өбөлгө болорун айтып келет.
Киевде өкмөткө каршы чыккандар маанилүү имараттарды, анын ичинде шаар бийлигинин кеңсесин ээлеп алышты. Алар эки айдан бери нааразылык акциясы уланып жаткан шаар борборунда баррикадаларды тургузуп салышкан.
Президент мунапыс мыйзамын сунуштаганга чейин шейшембиде премьер-министр Микола Азаровду кызматтан кетирген. Ошол эле күнү парламент эки апта мурун кабыл алган нааразылыкка чыккандарга каршы мыйзам кайра чакыртылган.
Украинада маасалык нааразылык ноябрь айынын этегинде, бийлик Европа Биримдиги менен ассоциациялык келишимге кол коюудан баш тарткандан кийин башталган.
Шаршембиде президент Путин Украинда жаңы өкмөт түзүлгүчө мурда убадаланган 15 миллиард доллар насыяны бербей, кармап турарын билдирди.
Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт “Кремлдин мындай ишарасы Украинага каршы экономикалык чаралардын колдонулушу“ деп сындап, Твиттерге жазды.
Төрт коңшу Чехия, Польша, Венгрия жана Словакия кирген Вышеград тобу Украинада массалык нааразылыктын мындан аркы күчөшү өлкөнү «толук дестабилдештүүгө» жеткирерин эскертти.
Кошмо Штаттар эгерде зордук-зомбулук күчөсө, украин бийлигинин өкүлдөрү менен нааразылык акциясынын лидерлерине каршы финансылык санкцияларды киргизе тургандагы кабарланды.