Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Аскердик келишимден чыккан айыптоо


Орусиянын реактивдүү ок атуучу "Град" системасы.
Орусиянын реактивдүү ок атуучу "Град" системасы.

АКШ Орусияга каршы дагы дипломатиялык, экономикалык жана башка чараларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда.

Буга Орусиянын курал-жаракты көзөмөлдөө боюнча эки маанилүү келишимди бузганы себеп экени Конгресстин Өкүлдөр палатасында 10-декабрда болгон угууларда айтылды.

Угууда маалымдалгандай, Москва орто жана алыс аралыкка учуучу ракеталарды жок кылуу боюнча келишимди бузган. Эки өлкө бул келишимге 1987-жылы кол койгон. Кургактан атылчу мындай ракеталар 500 чакырымдан 5,5 миң чакырымга чейин жетет.

АКШ Мамкатчысынын Куралдарды көзөмөлдөө жана эл аралык коопсуздук маселелери боюнча орун басары Роуз Гетемюллер 10-декабрда Өкүлдөр палатасында сүйлөп, Вашингтон келишимди бекем тутканын эске салып, Москваны да келишимди бузбай аткарууга чакырганын айтты:

- Келишимге кайтуусу үчүн орусиялыктарга кысым жасоону улантуу аябай маанилүү. Непада биз келишимди таштачу болсок, аларга каалаганын эркин жасаганга жол беребиз.

Вашингтон июль айында да Москваны берегидей ракеталарды сактабоо, өндүрбөө жана сынабоонун шартын бузду деп күнөөлөгөн. Орусия болсо орто жана алыс аралыкка учуучу ракеталарды жок кылуу боюнча келишимге президент Путин 2007-жылы мораторий жарыялаганын эскертип, тескерисинче, АКШны келишимди бузууда деп айыптаган.

Бул типтеги ракеталар ийри-буйру траекториялар менен жапыз учканда кыр-дөңдөргө тийбей, буйтап кетүүчү жөндөмгө ээ.

Роуз Гетемюллер айым Европадагы орто ядролук жана кадимки куралдуу күчтөр боюнча келишимдерди да Орусия бузду деп, Мамдепартамент контр-чараларды ойлонуштуруп жатканын билдирди:

- Биз Орусия келишимди бузуусуна жооп ирети экономикалык чараларды колдонуу жагын караштыруудабыз. Орто жана алыс аралыкка учуучу ракеталарды жок кылуу боюнча келишимди бузуудан Орусия аскердик артыкчылык албоосу үчүн Кошмо Штаттар аскердик багытта да түрдүү варианттарды иликтеп көрүүдө.

Жыйында сүйлөгөн АКШнын коргоо министринин орун басарынын жардамчысы Брайн МакКеондун билдиришинче, Пентагондо да Орусия аталган келишимдерди бузганына байланыштуу ар кандай аскерий чаралар караштырылып жатыптыр.

Парламенттик комитеттер катышкан угууда Орусия биологиялык жана химиялык куралдар боюнча тийиштүү келишимдерди буздубу же жокпу деген да суроо берилди. Роуз Гетемюллер алдагы эки суроого тең “Совет заманындагы программалар жок” дегени менен кенен жооп бербеди.

Ошол эле учурда Орусия Ачык аба келишимин бузбай аткарганын белгиледи. Береги келишим, андан тышкары Ядролук куралдарды кыскартуу боюнча жаңы келишим эки тарапка пилотсуз учактар менен бири - биринин территориясын кыска мөөнөт байкоо жүргүзгөнгө уруксат берет. 8-декабрда Орусия айтылган келишимдерге ылайык, Кошмо Штаттардын үстүнөн чалгындоо жүргүзөрүн кулак какты кылган.

XS
SM
MD
LG