Экинчи орунда 17,03% добуш менен ЛДПР баратат, Коммунисттер партиясы 16% менен үчүнчү орунда, ал эми төртүнчү орунга алты пайыздай добуш менен “Адилеттүү Орусия” партиясы чыкты. Ал тапта оппозициядагы бир да партия беш пайыздык босогодон өтө алган жок.
Бир мандаттуу округдарда да БШКнын маалыматына ылайык, “Бирдиктүү Орусия” партиясынын мүчөлөрү алдыда. Бийликтеги партиянын өкүлдөрү өз атаандаштарынан 225 округдун 144үндө озуп өткөнү маалым болду. “Адилетүү Орусиянын” мүчөлөрү алты округда жеңишке жетсе, Коммунисттер партиясы менен ЛДПРдин өкүлдөрү ар бири төрттөн округда алдыда экени айтылды. Оппозициядагы ПАРНАС партиясынын бир өкүлү Москвадагы округдардын биринде жеңгени айтылууда, азырынча бул маалымат тактала элек.
“Коомдук пикир” фонду сурамжылоонун жыйынтыктарын чыгарды. Ага ылайык, “Бирдиктүү Орусия” - 48,7%, Коммунисттер партиясы - 14,9% , ал эми “Адилеттүү Орусия” -7, 6% добуш менен парламентке өтөт.
Алгачкы жыйынтыктар чыга баштаганда эле Орусиянын президенти Владимир Путин менен премьер-министр, “Бирдиктүү Орусия” партиясынын башында турган Дмитрий Медведев биргелешкен маалымат жыйын өткөрүп, “партия жеңди" деп ишенимдүү айта берсе болорун билдиришти.
- Мен шайлоо бекеттерине келип, өз позициясын билдирип, добуш берген өлкөбүздүн бардык жарандарына ыраазычылык билдирем. Алардын көбү “Бирдиктүү Орусия” үчүн добуш беришти. Ошондуктан биздин партия жеңди деп ишенимдүү айта берсек болот, - деген Медведевди Путин колдоп, "бул көрсөткүч элдин туруктуулукка болгон ишеними" деп баалады.
Ошол эле маалда Путин мурдагы парламенттик шайлоолорго салыштырмалуу бул ирет жарандар добуш берүүгө абдан аз катышканын моюнга алды.
Тилекке каршы, орусиялыктар демократиялык мамлекеттин эң маанилүү институту деп эсептелген шайлоо бир нерсе чечерине ишенбей калышты. Бул абдан кейиштүү.Михаил Касьянов
БШКдан маалым болгондой, кечки саат алтыга чейин добуш берүүгө шайлоочулардын 39% гана келген, бул мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу кыйла төмөн көрсөткүч.
2011-жылкы парламенттик шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 50% катышкан. Эң төмөнкү активдүүлүктү Москва жана Санкт-Петербургдун тургундары көрсөтүштү. Ал эми эң жогорку көрсөткүч Чеченстан, Карачево-Черкесия жана Кабардин-Балкария катталды. Ал жактарда шайлоочулардын 80% добуш берүүгө катышкан.
Оппозициядагы ПАРНАС кыймылынын лидери Михаил Касьянов “Азаттыктын” орус кызматына берген маегинде шайлоочулар аз келгендиктен абал мурдагы бойдон каларын билдирди.
- Тилекке каршы, орусиялыктар демократиялык мамлекеттин эң маанилүү институту деп эсептелген шайлоо бир нерсе чечерине ишенбей калышты. Бул абдан кейиштүү. Биз үгүт өнөктүгүндө жарандарды ойготуп, бизде бир нерсени өзгөртүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар экенин жеткирүүгө аракет кылдык. Бирок өзүңөр көргөндөй биздин чакырыктар ийгиликтүү болгон жок.
Сурамжылоонун маалыматтарына ылайык, ПАРНАС партиясы Москвада үч пайыздан ашыгыраак, ал эми жалпы өлкө боюнча бир пайыздай шайлоочулардын добушун топтой алды.
Ошол эле маалда жарандык активисттер добуш берүү мыйзам бузуу менен коштолгонун билдиришти. “Добуш” кыймылынын мүчөлөрү кабарлагандай, Мамлекеттик Думага шайлоо учурундагы одоно мыйзам бузуулар боюнча түшкөн даттануулардын саны 400дөн ашты.
Алардын көпчүлүгү шайлоочулардын, участкалык шайлоо комиссияларынын жана журналисттердин укуктары бузулганы тууралуу арыздар болуп чыккан.
Мындан тышкары жарандар шайлоочуларды массалык түрдө ташуу, добуш берүү жараянындагы мыйзам бузуулар тууралуу да маалымдашкан.
Коммунистик партия шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча түшкөн миңдей арызды БШКга өткөрүп бергенин маалымдады.
Мурдараак добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар тууралуу ПАРНАС жана “Яблоко” партиялары да билдиришкен.
"Рейтер" агенттиги "жекшембиде өткөн шайлоо Путинди 2018-жылы кайрадан президентикке шайлоого болгон даярдык" деп жазды. Ал тапта крым татарлары шайлоого катышуудан баш тартышты. Алар дээрлик добуш берүүгө келген жок. Межлистин өкүлдөрүнүн айтымында, добуш берүүгө барбоо бул көңүлкоштук эмес, ойлонулуп жасалган каршылык. Ал эми Украинанын Киев жана Одесса шаарларындагы Орусиянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн алдында Мамлекеттик Думага өтүп жаткан шайлоого каршы ондогон адамдар нааразылык акциясына чыгышты. Одессадагы Орусиянын консулдугунун алдына чыккан “Оңчул сектордун” төрт мүчөсү камакка алынды, Киевде оңчул “Свобода” партиясынын да мүчөлөрү кармалды. Оңчулдар Москванын Украинанынан каршылыгына карабай дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө шайлоо бекеттерин ачканына нааразылыгын билдиришип, имаратты көздөй таш, петарда жана башка заттарды ыргытышкан.
Орусиянын Мамлекеттик Думасына 450 депутаттык орун үчүн 14 саясий партия ат салышты. Мурдагы шайлоолордон айырмаланып, бул жолу депутаттардын жарымы партиялык тизме менен шайланса, калган 225 орунга талапкерлер бир мандаттуу округдардан аттанышты.