Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:59

Пакистандагы терактка эки уюм жоопкерчилик алды


Жарадарлардын саны 100дөн ашты.
Жарадарлардын саны 100дөн ашты.

Пакистандын Квета шаарындагы ооруканага 8-августта жасалган чабуулдан мерт кеткендер саны 70ке жетти. Жарадар болгондор жүздөн ашты. Калаба үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму жана “Талибан” кыймылынын Пакистандагы бутагы бирдей алышты.

Пакистандын түштүк-батышында жайгашкан Белужистан провинциясынын борбору Квета шаарындагы оорукана киши колдуу болгон белгилүү адвокат Билял Каси менен коштошуу зыйнаты учурунда жардырылды. Касини акыркы сапарга узатуу зыйнаты аталган ооруканада өтүп жаткан элe.

Жардыруудан негизинен адвокат менен коштошкону келген маркумдун кесиптештери, журналисттер набыт болушту.

Канабайрамдан соң ооруканада атышуунун үндөрү угулганын күбөлөр айтышууда. Алардын бири Мохаммад Дин Какар “Азаттыкка” төмөнкүлөрдү айтып берди:

Пакистан, 8-август, 2016-жыл
Пакистан, 8-август, 2016-жыл

- Ооруканага эртең мененки онго 15 мүнөт калганда келдим. Мен Кашинин сөөгүн жана аны курчап турган юристтерди көрдүм. Анан адвокаттардын бири күзөттө турган полицияны эшикти жаап, элди киргизбөөнү суранды. Биз сыртка чыкканда эле жардыруу болду. Андан соң эс-учумду жоготуп койдум.

Адвокат Каши менен коштошуу үчүн ооруканада 200дөй адам топтолуп турган. Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф чабуулду кескин сынга алып, Белужистан провинциясынын башчысына жабыркагандарга ыкчам жана толук медициналык жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Пакистандагы адвокаттар коллегиясынын ассоциациясы жардырууну сот адилеттигине жасалган чабуул деп сынга алды. Сөөктү узатуу зыйнатында жасалган канабайрамды Улуттар Уюму да айыптап чыкты.

Уюмдун баш катчсы Пан Ги Мун Пакистандын Белужистан провинциясындагы Квета шаарындагы ооруканага жасалган жардырууну сынга алды:

- Баш катчы маркум менен коштошкону келгендерге каршы уюштурулган чабуулду жырткычтыкка теңейт. Пан Ги Мун Пакистан өкмөтүн калктын коопсуздугун сактап, жардыруу үчүн жоопкер кылмышкерлерге тиешелүү чара көрүүгө чакырат. Ал бүгүн набыт кеткендердин жакындарына, үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, жарадар болгондордун тез сакайып кетишин каалайт, - деди уюмдун маалымат катчысы Фархан Хак.

Пакистан, 8-август
Пакистан, 8-август

Жардыруу үчүн жоопкерчиликти экстремисттик эки топ удаа өз моюнуна алды. Алгач “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жардырууну өз мүчөлөрү уюштурганын билдирди. Эгер алардын айтканы чын болсо, бул теракт Белужистан аймагында дал ушул топ уюштурган биринчи жардыруу болот.

Ал тапта пакистандык талиптердин курамына кирген “Жамаат-Ул-Ахрар” тобу да чабуул үчүн жоопкерчиликти өз моюнуна алганын кабарларды. Уюмдун маалымат катчысы Эхсанула Эхсан жардыруунун видеосун жакын арада интернетке жарыяларын билдирди. Ушул эле топ үстүбүздөгү жылдын март айында Лахор шаарында болгон жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган. Анда 72 адам курман болгон.

Иран жана Ооганстан менен чектешкен Белужистан провинциясы мунай коруна бай аймак. Чөлкөмдө шиит жана суннит мусулмандардын тирешүүсү күч.

Ал эми Квета шаары ооган талиптери орун-очок алган жай катары эсептелет. "Талибан" кыймылынын башчылары мурдараак дал ушул жерде жолугушууларын өткөрүп келгени маалым.

Пакистанда мурда бир нече жолу ооруканалар бутага алынып, кол салуулар болгон. 2010-жылы Карачи шаарындагы ооруканага жасалган чабуул 13 адамдын өмүрүн алган.

Пакистандагы жардыруу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:46 0:00

XS
SM
MD
LG