Президент Курултайда өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин кайталады
Бишкекте өтүп жаткан үчүнчү Элдик курултайда делегаттардын бири Асылбек Абдыкадыров “Азаттык”, "Кактус Медиа", "Политклиника" басылмаларынын өкүлдөрүнө сөз берүүнү сунуштады. Абдыкадыров аталган медиалар бийликти сындап келерин айтып, ойлорун угуп коюу туура болорун айтты.
Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев бул сунуш боюнча президент Садыр Жапаровдун пикирин сурады. Жапаров өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин кайталап, аталган медиалардын өкүлдөрүнө сөз берүүнү Элдик курултайда делегаттары чечерин айтты.
“Кандай гана маселе болбосун трибунага чыгып ачык айткыла. Чапаныңарды эч ким чечип албайт, бир тал чачыңар түшпөйт. Азыркы киши туура айтты. Сөз эркиндиги бизде бар, болуп келген, мындан ары дагы болот. Мен бүгүн дагы кайталап койсом. Сөз эркиндиги менен ушак айыңды, бирөөгө жалган жалаа жаап, мазактоону, анан калп айтууну алмаштырып албаса болду. Так факт менен айта бергиле", - деди Жапаров.
Кыргызстан Freedom House, Human Rights Watch (HRW) сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын акыркы баяндамасында төртүнчү жылы катары менен “эркин эмес” мамлекет деп аталды. Буга өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгону негиз кылынган.
Кыргызстанда 2021-жылы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзам боюнча ЖМКга чыккан кайсы бир маалымат боюнча арыз түшсө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги соттун чечими жок эле медианын ишин эки айга токтотуп, сайтын бөгөттөп коё алат.
Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен.
Журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилип, эки журналист сот залынан бошотулган. Калган жети журналисттин аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталган.
11 журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” менен айып тагылып, алар коюлган кинени четке кагышкан.
Социалдык тармактарда өзүнүн пикирин жазганы үчүн соттолуп же кылмыш иши козголуп, сот жообуна тартылгандар же тергөө абагында отургандар да бар. Коррупцияга каршы бир катар иликтөөлөрү менен таанылган “Клооп Медиа” коомдук фонду сот чечими менен жабылган.
2025-жылы Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнөт
Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнө турганын Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 20-декабрда Элдик курултайда билдирди.
“Бизде билим берүү жана илим министрлиги аябай чоң тармак. Министрлик бир эле учурда мектепке чейинки билимди, мектепти, лицейлерди, кесиптик, жогорку окуу жайларды, илим изилдөө институттарын, Илимдер академиясы өндүү 8-9 багытты алып барат. Буга эки баштуу министрликти койсок дагы алып кете албай жатат. Мен министрликти бөлүш керек деп, парламенттин триубунасынан да бир-эки жолу айттым. Мектеке чейинки жана мектептеги билим берүү өзүнчө Агартуу министрлиги, ал эми Жогору билим жана илим министрлиги өзүнчө түзүлүшү керек. Демилгени урматтуу президентибиз кубаттап, жаңы жылда жаңы министрлик түзүлгөнү турат”, - деди Нурланбек Шакиев.
Садыр Жапаров: Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыкты
Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыкталганын 20-декабрда Элдик курултайда да айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн расмий кайрылуусунда билдирди.
"Биз бүгүн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы толугу менен чечилгендигин сыймыктануу менен айта алабыз. Коңшубуз – Тажикстан Республикасы менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыкты. Эми эки тараптуу чечимдерди формалдуу бекитүү иштери гана калды. Чек ара маселелери боюнча бири-бирибизди түшүнүүнүн жана бардык тараптан сүйлөшүүлөрдүн, дипломатиялык чеберчиликтин, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого бекем берилгендиктин аркасында гана ийгиликтерге жетишилди", - деди Садыр Жапаров.
Анын айтымында, чек ара маселесинин 100 пайыз чечилиши аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу менен катар, республиканын эл аралык кызматташтыктарын жаңы деңгээлге көтөрөт. Мындан тышкары, чек ара аймактарындагы жарандарыбыздын жашоо шартын жакшыртууга жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзүлөт.
"Мурда чек араларда бөлүнүү сызыгы болуп келсе, бүгүн ал биригүүнүн жана кызматташуунун символу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жана жарандарыбыздын жашоо деңгээлин жакшыртуунун аянтчасы болуп калды," – деп кошумчалады мамлекет башчы.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталат
Президент Садыр Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталарын билдирди. Бул тууралуу ал 20-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп жаткан үчүнчү Элдик курултайда айтты.
“Биз бул долбоорго киришкенде ага ишенбегендер “бул жомок” деп шылдыңдап күлгөндөр болгон. Азыр ал ишке ашып жаткан кадимки долбоор экенине баарыңыздар күбө болуп жатасыздар”, - деди президент.
“Кытай - Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорунун курулушу утур-утур жылып келаткан. Садыр Жапаров быйыл июль айында үч өлкөнүн темир жолунун курулушу августта башталарын билдирген.
“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Рыскулбек Жумабаев октябрда башталарын айтса, Министрлер кабинетинин ошол кездеги төрагасы Акылбек Жапаров ноябрдын аягында курулушка старт берилерин кабарлаган.
Бишкекте “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу” ишканасы түзүлдү. Анын негиздөөчүсү – Кытайдын China Railway International компаниясы, Кыргызстандын “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы жана Өзбекстандын “Узбекистон темир йуллари” акционердик коому. Бул ишкана темир жолду куруу үчүн Биргелешкен долбоорлоочу компания болот. Кошкон каражатына жараша компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет.
2024-жылы 6-июнда Бээжин шаарында “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууну биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюлуп, долбоорду каржылоо маселеси чечилген. Жогорку Кеңеш макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун 19-июнда кабыл алып, президент Садыр Жапаров ага 27-июнда кол койгон.
“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорунун наркы 4 млрд 665 млн доллар деп көрсөтүлгөн. Мунун жарымын – 2 млрд 332 млн долларды Кытай үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоорлоочу компанияга (БДК) насыя катары берет.
Кыргыз өкмөтү Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол курулушунун уставдык капиталына 11 млрд сом бөлөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги жарыялаган 2025-жылга мамлекеттик бюджеттин долбоорунда жазылган.
Темир жол “Кашкар - Торугарт - Макмал - Жалал-Абад – Анжиян” багытында түшөт. Анын узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Кыргыз жергесинде 18 бекет, 81 көпүрө, 41 тоннель курулат. Макмалдын эки жагындагы колея эки башка өлчөмдө курулуп, ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат. Темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткара алат.
Шерине