Калыстар тобу 90 чүрөктүн арасынан иргеп отуруп, финалга үчөө – Түштүк Африка, Венесуэла жана Филиппиндин өкүлдөрү чыгышты.
Салтка айлангандай эле, үч кыз сахнада кучакташып, наамдын кимге берилерин күтүп турушту.
Ошентип, филиппиндик 24 жаштагы Катриона Грей 2018-жылкы "Аалам сулуусу" деп жарыяланды.
Жарыштын финалдык айлампасында Грей Филиппиндин борбор шаары Манилада жакырлар жашаган конуштарда ыктыярдуу иштегенин айтып берип, жеңүүчү болсо акчаны муктаждарга жумшоо жолун табарын айтып катуу таасирлентти.
Ааламдын жаңы чүрөгү - студент, университетте музыка теориясын окуйт. Филиппин президенти Родриго Дутертенин маалымат катчысы "бул бийкечтин жеңиши өлкөнү дүйнөдө сулуулугу жана сымбаттуулугу” менен таанытат деди.
Аалам сулуусу ВИЧ/СПИД тууралуу маалымат жайылтуу уюму менен иштешерин айтты.
Ушуну менен 67-жолу өтүп жаткан сынакка Кыргызстандын атынан Бегимай Карыбекова катышты. 21 жаштагы модель "Кыргызстан сулуусу - 2017” сынагын жеңип алган. Ошол эле жылы өтө турган “Дүйнө сулуусу” сынагына катышууга жолдомо алган.
- Сулуулук сынактары мени көп нерсеге үйрөттү. Чет өлкөнү кыдырдым. Менин башкы максатым - “Дүйнө сулуусу” конкурсуна аттануу, - деген Бегимай.
Кыздар эркиндиктер, адам укуктары, мигранттар маселеси, аялдарга ыдык көргөзүүгө каршы “MeToo” деген кыймылына байланышкан жана башка суроолорго түз эфирде тартууланган конкурстун жүршүндө жооп беришти.
Бул жолу калыстар тобуна жалаң аялзаты камтылган. Арасында ири бизнес жетекчилери, ар кайсы жылдары "Аалам сулуусу" деген наамга татыгандар болду.
Баса, бир кездери сынактын ээси АКШнын азыркы президенти Дональд Трамп болгон.
Испаниянын өкүлү Анхела Понсе сулуулар конкурсуна катышкан алгачкы жынысын алмаштырган талапкер катары тарыхка кирип калды. Трансгендер же жынысын алмаштыргандардын катышуусуна тыюу 2012-жылы алынган,
Анхела Понсе адамзаттын жаңы мууну толеранттуу болот деп үмүттөнөрүн айтты.
Арийне сынактын өзү сабырдуулук менен айырмаланган жок. АКШдан келген талапкердин Вьетнам жана Камбоджа чүрөктөрүнүн англисче жакшы сүйлөй албаганын шылдыңдап жазганы социалдык тармактарда тез эле тарап кетти. Бирок кийин америкалык кыз "Инстаграм" аркылуу эки талапкерден кечирим сурады.