Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:32

Ливан Саудияга доомат артты


Ливандык сүрөтчү өлкөнүн премьер-министри Саад ал-Хариринин сүрөтүн тартып жатат.
Ливандык сүрөтчү өлкөнүн премьер-министри Саад ал-Хариринин сүрөтүн тартып жатат.

Ливан президенти Сауд Арабияны өлкөнүн премьер-министрин барымтада кармоодо деп айыптап жатат. Саад ал-Харири өкмөт башчылыктан кеткендигин мындан эки апта мурда Эр-Риядга баргандан кийин сыналгы аркылуу жарыялаган. Кызматтан чегинүүсүн ал Иран колдогон “Хезболла” кыймылынын аймактык жаңжалдардагы аракеттерине да байланыштырган. Ошондон бери мекенине келе элек.

"Ливандын кызматтан чегингенин жарыялаган премьер-министри Саад ал-Харири Сауд Арабиянын барымтасында" деп президент Мишел Аун 15-ноябрда билдирүү жасады:

- Биздин премьер-министр Сауд Арабияда кармалып турат. Аны менен байланыш азырынча чектелген. Ал өзү көздөгөндөрдү айта албай жатат. Бул - Ливанга каршы кастык аракеттин көрүнүшү. Мындай нерсе өкмөттүн кызматтан чегинишине окшошпойт. Бул бизге жана биздин эгемендикке кол салуу.

Ливан өкмөтүн 2016-жылдан бери башкарып келген Саад ал-Харири кызматтан чегингенин 4-ноябрда Сауд Арабиядан туруп теле аркылуу жарыялаган.

Мунун алдында 3-ноябрда ал Бейрутта Ирандын жогорку лидеринин атайын кеңешчиси менен жолугуп, андан кийин Эр-Риядга барган эле.

Андан бери ал мекенине келе элек, андыктан кызматтан кетүү жөнүндө арызы да расмий кабыл алынбай турат.

Саал ал-Харири
Саал ал-Харири

Харири кызматтан кеткенин жарыялаганда анын эки себебин: Иран колдогон “Хезболла” согушчан тобунун Ливанды “мыкчып” турганын, ошондой эле жеке өз өмүрүнө да коркунуч барын айткан.

Ошону менен катар ал "араб дүйнөсүнүн ички иштерине кийлигишүүдө" деп Иранды да сындап өткөн.

- Иранга жана анын колдоочуларына айтып койгум келет. Алар араб дүйнөсүнүн иштерине кийлигишүүдө жоготууга учурап жатат. Биздин мамлекеттер да буга чейин боло келгендей эле кайра көтөрүлүп, аларды бизге Йемен менен Бахрейнди кайтарып берүүгө мажбурлагандай эле кадамга бара алат. Ал биздин кымбат өлкөбүздүн бардык бөлүктөрүн кайтарып берүүгө аргасыз болот, - деген Харири мындан төрт күн мурдагы телеинтервьюсунда Перс булуңундагы Араб өлкөлөрү “Хезболла” тобунун Ливандагы аракеттеринен улам Бейрутка каршы санкция киргизиши мүмкүн экенин да жокко чыгарган жок.

Харири ошондой эле "Саудияда эркинен тыш кармалып турат" деген кепти төгүндөп, Ливанга жакынкы күндөрү кайтып барууга убада берүүдө.

"Ливан премьерин кызматтан кетүүгө мажбурлады" деген пикирлерди сауд бийлиги да четке кагып, тескерисинче бул үчүн “Хезболланы” күнөөлөдү.

“Хезболланын” лидери Хассан Насралла болсо "Харирини кызматтан чегинүүгө мажбурлады" деп Сауд Арабияны айыптаган.

Ливандын президенти Мишел Аун
Ливандын президенти Мишел Аун

"Премьер-министрди барымтада кармап турат" деп Сауд Арабияны күнөөлөгөн президент Мишел Аун - Ливанда “Хезболланын” саясий өнөктөшү.

Ал эми премьер-министр жана сунни мусулман Саад ал-Харири үчүн Сауд Арабия негизги тышкы колдоочу болгон.

АКШ террордук уюм катары санкция киргизген “Хезболла” Ливанда маанилүү саясий жана эркин аскердик күч болуп да саналат. Ал Саад Харири 2016-жылы кураган улуттук биримдик өкмөтүнө кошулган. Бирок коңшу Йемендеги жаңжалда ал Саудияга каршы Иран тарапта аракеттенип келет.

Айтор, Ливан премьеринин бул жолку кызматтан чегиниши өлкөнүн аймактык атаандаштары Сауд Арабия менен да, Иран менен да мамилесин курчутту.

Кырдаалды жөнгө салууга аракет кылып, Евробиримдиктин Ливан менен тыгыз катышкан мүчөсү болгон Франциянын президенти Эммануэл Макрон Саад Харирини Парижге чакырды:

- Мен чындап эле Ливандагы кырдаал тынчыйт, саясий чечимдер анын институттарынын алкагында кабыл алынат деп үмүттөнөм. Биз кубаттуу, аймактык жактан бүтүн, лидерлери өз жолун эркин тандаган Ливанга муктажбыз.

Кызматтан чегиниши маселе жараткан Саадал-Харири - Ливандын 2005-жылы машинеде жардырылып өлтүрүлгөн премьер-министри Рафик Хариринин уулу.

Кичүү Хариринин кызматтан кетишин аймактык оюнчулардын бири болгон Иран “АКШнын, Израилдин, Саудиянын Ливанда жана аймакта чыңалуу жаратуу боюнча кутуму" деп сыпаттаса, Израил “эл аралык коомчулук үчүн коңгуроо”, “Ирандын агрессиясы” деп баалаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG