Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

Саудия Иракка чек арасын ачат


Сауд Арабиянын чек арачысы Ирактын Арар шаарына жакын жердеги чек араны кайтарууда, 2015-жыл.
Сауд Арабиянын чек арачысы Ирактын Арар шаарына жакын жердеги чек араны кайтарууда, 2015-жыл.

Сауд Арабия 27 жылдан кийин Ирак менен чек арасын ачууну чечти. Расмий Рияд региондогу атаандашы саналган Иранга ыктап турган Ирак менен алакасын эмне үчүн жакшырткысы келет?

Расмий Багдад менен Эр-Рияддын ортосундагы ымала жакшырып жатканын чек ара ачылат деген кабар дагы бир ирет күбөлөдү. Эки өлкө 1990-жылдан бери жабык турган чек арадагы негизги Арар өткөрмө бекетин соода байланыштары үчүн ачууну чечкенин Сауд Арабиянын маалымат каражаттары жазып чыгышты. Мындан 27 жыл мурда Ирактын ал учурдагы лидери Саддам Хусейн Кувейтти басып алып, Сауд Арабияга кыска убакытка коркунуч жараткандан кийин расмий Рияд Ирак менен чек араны жапкан.

Андан бери Ирактын Анбар провинциясына караган бул чек ара бекеттен Меккеге ажылыкка баргандар гана убактылуу өткөрүлүп келген. Дүйшөмбү күнү Сауд Арабиянын Багдаддагы элчилигинин өкүлдөрү жана Ирактын расмийлери Арар өткөрмө бекетине келип, ирактык зыяратчылар менен жолугушту.

- Бул бекеттин ачылышы Сауд Арабияга жана Иракка инвестициялык жана экономикалык мүмкүнчүлүк түзөт", - деди Анбар провинциясынын губернатору Сохаиб Ал-Рави.

Ирактын премьер-министри Хайдар ал-Абади жана падыша Салман. Мекке, 19-июнь, 2017-жыл.
Ирактын премьер-министри Хайдар ал-Абади жана падыша Салман. Мекке, 19-июнь, 2017-жыл.

2011-жылы АКШ аскерлерин чыгарып кеткенден кийин Ирак бийлигине шиит мусулмандары басымдуулук кылган Ирандын таасири арта баштаган. Бул жагдай сунниттер бийлеген Сауд Арабия менен Ирактын мамилесинде чыңалуу жараткан. Ирактын Иранга көбүрөөк ыктаган мурдагы премьер-министри Нури ал-Малики 2014-жылы кызматтан кеткенден кийин эки тараптын алакасы жакшыра баштаган. Натыйжада Сауд Арабия 25 жылдан кийин кайра Багдадда элчилигин ачкан.

Июнь айында Ирактын премьер-министри Хайдар ал-Абади Эр-Риядга барып, падыша Салман менен жолугуп келди. Жарым ай мурда Ирактын белгилүү шиит диниятчысы Моктада ал-Садр да Сауд Арабиянын мураскер ханзадаасы Мухаммад Бин Салман менен Жидда шаарында кездешкен. Бул жолугушуудан кийин Сауд Арабия Ирактын өкмөтүнө жардам иретинде 10 миллион доллар берери кабарланган. 13-августта болсо Ирактын ички иштер министри да Сауд Арабиясына барган.

Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштын эмне үчүн азыр активдешип жатат? Бул багытта Лондон экономика мектебинин саясат таануучусу Саад Жавад "Ал-Жазира" телеканалына ой бөлүштү:

- АКШнын жана Ирандын Ирак лидерлерине кысымы буга себеп болду деп ишенем. Эки тарап тең Ирактын жетекчилигин, белгилүү адамдарын өз тарабына тарткысы келет. Америка Иранды обочодо калтыруу үчүн Иракты Сауд Арабия жана араб өлкөлөрү тарапка түртүп жатат. Иран болсо өзү тарапта кармап турууну каалайт.

Катардын борбору Доха
Катардын борбору Доха

Сауд Арабиясы жана Иран көптөн бери Жакынкы Чыгыштагы үстөмдүк ролу үчүн атаандашып келатканы белгилүү.

Быйыл май айында АКШ президент Дональд Трамп Сауд Арабияга барып кеткенден көп өтпөй, араб өлкөлөрү Катар менен дипломатиялык алакаларын токтоткон. Алар Катардан Иран менен мамилесин үзүүнү талап кылышкан.

Август айынын башында Ирак Сауд Арабиясы менен Ирандын ортосундагы мамилени жөнгө салууга ортомчу боло аларын билдирип чыкты. Аны улай Ирандын ички иштер министри Абдолреза Рамани Фазли Тегеран Сауд Арабия менен жакшы мамиледе болууга умтулуп келгенин, карама-каршылыкты биринчи болуп баштабай турганын айткан.

Ошентип Сауд Арабия менен Ирактын ымаласы жакшырып жатканы байкалып жатат. Бирок азырынча бул жакындашуунун чөлкөмгө кандай пайда-зыянын тийери билине элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG