Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:10

Саудия Ирандын ишарасын четке какты


Адел ал-Жубеир Лондондогу басма сөз жыйынында. 5-сентябрь, 2017-жыл.
Адел ал-Жубеир Лондондогу басма сөз жыйынында. 5-сентябрь, 2017-жыл.

Сауд Аравия коңшу Ирандын быйылкы ажылык зыяраттан кийинки ишарасын четке какты. Быйылкы ажылык зыяраттын ирандыктар үчүн кынтыксыз өткөнүн эске алган Тегеран бийликтери бул көрүнүш эми башка маселелер боюнча сүйлөшүүлөргө жол ачышы мүмкүндүгүн ишара кылган эле.

Соңку күндөрү Ирандын мамлекеттик медиаcы аркылуу Сауд Аравия бийликтеринин ирандык зыяратчыларга карата мамилесин кубаттаган сөздөр айтылып жатты.

“Биз Сауд Аравиянын ирандык зыяратчыларга карата жаңы багытты карманганына ырахмат айтабыз",- деди Тегерандын ажылык маселесин тейлеген башкы расмий өкүлдөрүнүн бири Али Гази-Аскар мамлекеттик теледен берилген билдирүүсүндө.

Гази-Аскардын пикиринде, ажылык зыяраттын алар үчүн ийгиликтүү өтүшү эки тарапка тең эми башка чөйрөлөрдөгү бир катар маселелерди чечүүсүнө мүмкүнчүлүк жаратты.

Быйылкы ажылык зыяраттын жүрүшүнөн бир көрүнүш. Сауд Аравия, 31-август, 2017-жыл.
Быйылкы ажылык зыяраттын жүрүшүнөн бир көрүнүш. Сауд Аравия, 31-август, 2017-жыл.

Ал эми мамлекеттик ИСНА жаңылыктар агенттиги тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зарифтин ажылык зыяраттын артынан эми дипломатиялык визиттер болушу мүмкүн деген сөздөрүн келтирет.

Анткен менен Саудиянын тышкы иштер министри Адел ал- Жубеир 5-сентябрь күнү Лондондогу басма сөз жыйынында Тегерандан айтылган сунуштарды четке какты.

“Эгер Иран Сауд Аравия менен жакшы мамилени көздөсө, анда өз саясатын өзгөртүшү, эл аралык мыйзамдарды урматташы керек”,- деди Саудиянын тышкы саясий мекеме башчысы.

Адел ал-Жубеир ошондой эле ирандык кесиптешинин эми дипломатиялык визиттер болушу мүмкүн деген сөздөрүн “күлкүлүү” деп сыпаттап, дал азыркы учурда биз “алар жакшы коңшу болууга олуттуу” маани берерин көргөн жокпуз деп кошумчалады.

Иран менен Саудиянын ортосунда өзү Йемен жана Сириядагы аскерий жаңжалдар, мындан башка бир катар аймактык маселелер боюнча да карама-каршылыктар узактан бери бар:

- Биздин Сауд Аравия менен проблемабыз - Иран менен Сауд Аравиянын проблемасы эмес. Маселе Сауд Аравия Йемендин иштерине кийлигишип, террорчул топторду колдогонунда. Биз алар мындай аракеттердин келечеги жоктугун, Йеменди Йемен элине калтырып, террорчуларды колдоону токтотуу зарылдыгын түшүнүштү деп үмүттөнөбүз. Себеби, бул баарыбыз үчүн зыян. Эгер ушул эки көйгөй жөнгө салынса, Иран менен Сауд Аравия ортосунда да көйгөй болбойт, - деп ырастаган болчу өткөн айдын соңунда, мамлекеттик теледеги интервьюсунда Ирандын президенти Хасан Роухани.

Йемендин 2014-жылдан бери уланып жаткан жарандык согушунда Саудия өкмөттү, ал эми Иран бул өлкөдөгү шийит тайпасы-хусит козголоңчуларын колдойт.

Иран хуситтерге курал берет деген ырастоолорду четке какканы менен Йемендин өкмөтү менен бирге Саудия да Йеменде террорчуларды Тегеран колдоп жатканын айтып, айыптап келишет.

Сауд Аравия баш болгон төрт сунни араб өлкөсүнүн Катар менен террордук топторду каржылап, колдойт деген жүйө менен дипломатиялык жана башка карым-катышты токтотуусунун бир себеби катары расмий Доханын Тегеран менен мамилеси да айтылган.

Тегеран менен Эр-Рияддын ортосундагы дипломатиялык мамиле болсо, акыркы ирет 2016-жылы январда Сауд Аравия белгилүү шийит динаятчысын өлүм жазасына тарткандан кийин үзүлгөн.

Анда кыжырланган ирандыктар Саудиянын Тегерандагы элчилигине кол салышкан болчу.

Дипломатиялык ажырым жана 2015-жылкы ажылык зыярат учурундагы тебелендиде жүздөгөн ирандыктардын өмүрү кыйылышынан улам да начарлап, былтыр Иран жарандары ажылыкка да барбай калышкан.

2015-жылкы зыярат учурунда каза тапкан 2300дөй адамдын көбү ирандыктар болгон. Мекке, 24-сентябрь, 2015-жыл.
2015-жылкы зыярат учурунда каза тапкан 2300дөй адамдын көбү ирандыктар болгон. Мекке, 24-сентябрь, 2015-жыл.

Бирок аймактык эки атаандаштын сүйлөшүүлөрүнөн улам быйыл 86 миңдей ирандык зыяратка катыша алды. Бирок Саудиянын тышкы иштер министри бул сүйлөшүүлөрдү мамиленин нормалдашуусу деп баалаган жок.

“Ажылык боюнча жолугушуулар саясатка эч бир тиешеси жок, бул диний маселе”,- деди Адел ал-Жубеир 5-сентябрдагы билдирүүсүндө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG