Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:43

Ирак армиясы Мосулду жоочулардан бошотту


Ирак аскерлери
Ирак аскерлери

Ирактын премьер-министри Хайдар ал-Абади Мосулда "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмун жеңгенин расмий жарыялады.

Дүйшөмбүнүн кечинде Ирактын шаарларынын көчөcүнө чыккан эл улуттук желектерди желбиретип, ураан чакырып, Мосулдун “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунан кайтарылышын майрамдашты. Бул - Ирак армиясынын акыркы жылдардагы эң ири ийгилиги болуп калды.

Үч жылдан бери Мосул калаасы жоочулардын таянычы болуп келген эле. Көчөгө агылган Багдад шаарынын карапайым тургундары эми өлкөдө тынчтык орнойт деген үмүтүн айтып жатышты:

- Өзүңөр көрүп жатасыңар бул жеңиш Ирак элин сүйүнүчкө бөлөдү. Иракта бейпилдик, коопсуздук өкүм сүрөт деп Кудайга жалынабыз. Биздин эл аябай азап чекти, Мосулдун жашоочулары үйүнө эми кайта алат деп ишенебиз, - деди шаар тургуну Махмуд Ахмед.

Хайдар ал - Абади
Хайдар ал - Абади

Анын алдында Ирактын премьер-министри Хайдар ал-Абади армиянын жеңгени жөнүндө расмий билдирген:

- "Ислам мамлекети" тобунун террочулары Мосул шаарында мындан үч жыл мурда жарыялаган жалган террорчу мамлекеттин жеңилишин жана ойрон болушун бүтүндөй дүйнөгө жар салам. Ирак элинин курмандыктары, күрөшү, канынын баасы менен бул канкор мамлекет сөрөйдү жеңдик жана аны тарыхтын таштандысына жөнөттүк.

Мосул шаарын жоочулардын кайтарууга катышкан коопсуздук күчтөрү менен жанаша туруп, премьер жергиликтүү жана коалиция аскерлерине ыраазычылык айтты. Толук жеңиш үчүн алдыда дагы көп кыйынчылыктар күтүп турганын унутпоо керектигин белгиледи.

АКШ президенти Дональд Трамп "Мосулдагы жеңиш “Ислам мамлекети” радикал уюмунун Сирия менен Ирактагы күнү бүттү дегенди ишара кылат" деп, Иракты куттуктады.

Ага чейин Кытай Ирактын терроризмге каршы күрөштөгү ири жеңишин жана коалициянын террорчуларга каршы кызматташтыгын кубаттап, Багдад өкмөтүнө колдоо билдирген.

Кошмо Штаттар баштаган коалиция өкүлдөрү Мосулду бошотуу экстремисттик топ үчүн чоң жоготуу болгону менен, жоочуларга каршы жалпы согуш аяктады деп айтууга эрте дешет.

Мосул, Ирак
Мосул, Ирак

"Бул ийгилик “Ислам мамлекети” радикал уюму түп-тамыры менен жок болду дегенди туюндурбайт. Бирок халифат делген аймактын борбор шаарынын бирин жоготуу алар үчүн чоң сокку болду", - деп айтылат АКШнын командачы генерал-лейтенанты Стефен Таунсенддин билдирүүсүндө.

Бирок маалыматтарга караганда Мосулдун айрым чөлкөмдөрүндө майда кагылышуу дагы эле уланууда.

Калаа 2014-жылдын июнунда жоочулар Ирактын ири аймактарын басып алганда алардын колуна өткөн. Дал ошол жердеги байыркы ал-Нури мечитинде “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун анабашы Абу Бакр ал-Багдади Ирак менен Сириянын алардын көзөмөлүндөгү бөлүктөрүндө халифат жарыялаган.

Катарына өкмөттүк армия, күрттөрдүн пешмерга кошуундары жана шиилердин куралдуу күчтөрү кирген 100 миңдей аскерден куралган коалициянын бөлүктөрү шаарды кайтаруу операциясын мындан тогуз ай мурда баштаган.

Быйыл жыл башында Мосулдун чыгыш конуштары бошотулганы жарыялангандан кийин батыш тарабын тазалоо операциясы башталган. Июндан тарта Байыркы шаар деген бөлүгү үчүн айыгышкан салгылашуу жүрүп келди.

Мосул урушунда миңдеген бейкүнөө кишинин каны төгүлдү, турак жайлар жер менен жексен болуп, калаанын басымдуу бөлүгү урандыга айланды. Улуттар уюмунун маалыматы боюнча операция башталган октябрь айынан бери 920 миңдей жайкын тургун үйүн таштап кетүүгө мажбур болду. Алардын 700 миңдейи азыркыга чейин башка жерлерде баш пааналап жүрөт.

Ал ортодо жоочулардын Сириядагы таянычы Ракка шаарын кайтаруу операциясы уланып жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG