Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:37

Ирактагы "тозокту" көргөн тажик жигит


Алишер Кодиркулов
Алишер Кодиркулов

Тажикстандык Алишер Кодиркулов үй-бүлөсү менен Ирактагы террорчулар көзөмөлдөгөн аймактан кайтып келди. Алишер ал жакта азаптуу күн кечиргенин, согушка катышуудан баш тартканда камалып, кыйноого кабылганын айтат.

Өткөн жылдын күзүндө кайсы бир түркмөн ишкери көмөк көрсөтүп, Алишер келинчеги жана эки баласы менен Ирактан качып чыгышкан.

Алар ирак-түрк чек арасынан өтөрү менен Түркиянын убактылуу абагына камалышат. Тажикстандын Стамбулдагы Башкы консулдугунун кийлигишүүсү менен быйыл февралда мекенине кайтып келишкен.

Алишерге Стамбулдагы тажик консулдугунан берилген документ
Алишерге Стамбулдагы тажик консулдугунан берилген документ

Алишер Иракта жүргөндө бардык документтерин жоготушканын, аларды Стамбулга алып келишкенде колдорунда “Тажикстандык мигрант үй-бүлө” деген кагаз гана болгонун айтат.

Мекенинде эки ай сурак бергенден кийин ал Кылмыш-жаза кодексинин 401-беренесинин эскертмесине ылайык бошотулган. Анда “Башка өлкөнүн аймагындагы куралдуу уюшмаларга, куралдуу жаңжалдарга же аскерий ишмердикке мыйзамсыз аралашуудан ошол уюшманын ишмердиг, же куралдуу жаңжал, аскерий аракеттер бүткөнчө баш тарткан адам кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат” деген маани камтылган. Тажикстанда бул норма 2015-жылы киргизилген. Ошондон соң Сирия менен Ирактан кайтып келип, бийликке кайрылган өлкөнүн 100 чамалуу жараны эркиндикте калды.

24 жаштагы Алишер Кодиркулов келинчеги менен Орусиянын Екатеринбург шаарына иштегени кеткен экен. Ал жактан Адам аттуу чечен улутундагы киши аларды Түркияга жөнөтөт. Анан адегенде Сирияга, кийин Ирактын Мосул шаарына алып кетишкен.

Талкаланган Мосул. Жоочулар көзөмөлдөгөн аймактан бошотулган аялдар жана балдар
Талкаланган Мосул. Жоочулар көзөмөлдөгөн аймактан бошотулган аялдар жана балдар

Алишер бала-чакасын багуу аргасын издеп барганын, Иракка келип түшкөндө гана алданганын билгенин айтты:

- Орусияда ылайыктуу жумуш жок болчу. Анан мага Иракта иштөөнү сунушташканда, мен албетте макул болдум. Бирок такай коркутуп, басым кылышкандарына карабай колума курал алган жокмун.

Айтымында, Ирак менен Сирияда «Ислам мамлекети» террордук тобунун катарында согушкан кыргыздар, тажиктер, өзбектер жана казактар башкаларга караганда көбүрөөк курман болушат.

- Иракта эки тажик жердешимди билчүмүн. Баш ийбегеним үчүн мени эки айга камашты. Ал эми чыгып келгенимде алардын бири Абусалмон дегени урушта өлгөнүн аялым айтты. Анын чын аты ким экенин билбей калдым. Ал жакта баарына жаңы ысым ыйгарышты. Мисалы, мени баары “Абуайша” башкача айтканда “Айшанын атасы” дешчү.

Баса, азыр төрткө чыккан кызы Айшаны Иракка ала барышкан. Ал эми уулу Шодибек ошол жакта төрөлгөн. Азыр экиде. Учурда экөө тең ооруканага, кызы онкологиялык ооруканага жаткырылган.

Ага адеп Сирияга келгенде азыраак акча беришкен экен. Бирок кийин ал буйруктарын аткарбай, урушка катышпай койгондо камалып эле тим болбостон каржы булагы да тыйылат. Жашоосу тозокко айланганын айткан Алишер акча таап, эптеп бүлөсүн багыш үчүн колго тийген кара жумушту жасайт. Бир жарым жылдан кийин гана качып келгенин айтты:

- Күйөөлөрү согушта өлгөн көптөгөн биздин жердеш келиндерди башка жоочуларга тийүүгө мажбурлашчу. Аларда кымындай да адамдык сапат калбаганын өз көзүм менен көрдүм. Ал бечара келиндер мекенине кайтууну аябай тилечү. Бирок ал жердеги тозокту таштап кетүү оңойго турбасын баары билишчү, - дейт Алишер.

Ал Ирактагы «жихадчылар» арасынан көбүнесе тажик, өзбектерди кезиктирген. Бирок жогорку жетекчилерди, анын ичинде аларга кошулуп кеткен тажик полковниги, азыр «Ислам мамлекети» террор тобунун аскер министри делип аткан Гулмурод Халимовду көрбөптүр.

Гүлмурод Халимов (солдон экинчи) террорчуларга кошулган жердештери менен
Гүлмурод Халимов (солдон экинчи) террорчуларга кошулган жердештери менен

- Мен согушка катышуудан баш тартканда мага ал жердеги тажиктер келишти. Баары беткапчан болчу. Бирок алар менен сүйлөшүп жатып айрымдары «жихадга» келгенине өкүнөрүн, бирок бул тууралуу ачык айтуудан коркорун билдим. Көбү кайра кайтчу жол жок дешет. Террор тобунун жетекчилиги деле «каапырлардын өлкөсүндө» кыйноолор менен ит өлүм күтүп турат деп аларды такай коркутуп турушат, - дейт Алишер.

Тажик бийлиги ушу тапта миңден ашуун жараны Сирия менен Ирактагы согушка кеткенин билдирүүдө. Алардын кеминде 300ү согуш талаасында өлгөнү ырасталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG