Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Польшада грузин мигранттары көбөйдү


Варшавадагы жумуш таап берүүчү агенттиктин кеңсесине чогулган чет элдиктер. 2018-жыл, апрель.
Варшавадагы жумуш таап берүүчү агенттиктин кеңсесине чогулган чет элдиктер. 2018-жыл, апрель.

Эки жыл мурда Евробиримдик грузин жарандарына виза маселесин жеңилдеткенден тарта шаркеттин аймагына, өзгөчө Польшага агылган грузин мигранттарынын саны кескин өстү.

2014-жылы Польша Евробиримдикке мүчө болгондо «эмигранттар мамлекети» деген репутацияга ээ болгон. Анткени бул өлкөдөн иш издеп Батыш Европага жана Скандинавия мамлекеттерине агылган мигранттардын саны абдан көп эле. Маселен, бир эле Британияга кеминде миллионго чукул польшалык жакшы жашоону көздөп кеткен.

Анткен менен беш жыл өтпөй экономикасындагы өсүштөр жана коңшу мамлекеттердеги көйгөйлөр Польшаны эмигранттардын өлкөсүнөн иммигранттар агылган аймакка айлантты. Алардын көбүн мурдагы Советтер Союзунун курамына кирген - Украина, Беларус жана Грузиядан баргандар түзөт.

Саясат талдоочу Ирина Ткешелашвилинин айтымында, башында Польшага IT адистери жана жаштар көп барышса, кийинчерээк улуу муундагылар да кете баштаган.

Грузиндер Польшада иштөөгө уруксат берген документти саналуу күндө эле алат. Ал эми туристтер визасыз эле кирип-чыгат. Бирок жакшы жашоо издеп кеткендердин баары эле Польшада жыргап кетти дегенге болбойт.

IT менежер Автандил Мамалашвилинин айтымында, көйгөйлөр тилден баштап, бюрократияга чейин уланат. Ошол себептен жергиликтүү грузин диаспорасындагылар өз ичинде жаңы келген мекендештерге жардам көрсөткөн кызмат түзүүнү чечкен.

"Грузин жарандарында кандайдыр бир маселе жаралса, Вроцлавда элчилик да, консулдук да жок. Алар кимге кайрылып, кимден жардам сурайт? Өзүбүз баарын баштан өткөргөндүктөн, жаңы келгендерге чын дилден эле жардам беребиз", - деген Автандилдин жардамы Майя Несуашвили менен Нане Гамсемлидзеге тийген.

Алар Вроцлав шаарына үй жыйнап иштөө үчүн бизнес-виза алганы менен шылуундарга алданып калышкан. Документтерин бүткөрүп, ишке мыйзамдуу орноштурууну убада кылган ортомчулар 1,5 миң евросун алгандан кийин көздөн кайым болушкан.

Грузиядагы мигранттарды ишке чакырган агенттиктин жарнамасы. Варшава. 2018-жыл, апрель.
Грузиядагы мигранттарды ишке чакырган агенттиктин жарнамасы. Варшава. 2018-жыл, апрель.

Минтип алданып калган мигранттардын маселеси Грузия менен Польшанын 8-майда өткөн жолугушуусунда да көтөрүлдү.

Польшанын лидери Анджей Дуда өнүгүп бараткан Польша экономикасына кошумча жумушчулар талап кылынарын айтканы менен Варшава мигранттардын агымына даяр эместигин моюнга алды.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили мыйзамсыз миграциядан арылуу эки өлкө үчүн маанилүү деп эсептейт.

Польшанын президенти Анджей Дуда жана Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили. Варшава. 7-май, 2019-жыл.
Польшанын президенти Анджей Дуда жана Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили. Варшава. 7-май, 2019-жыл.

Байкоочулар эгер Грузия Евробиримдикке кирсе, бул маселе өзүнөн өзү чечилерин айтышат. Эки жыл мурда Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү жана парламент мүчөлөрү Грузия менен визасыз каттам тууралуу келишимди ишке киргизе турган документтерге кол коюшкан.

Польшада саатына болжол менен 2,5 евро төлөнөт. Квалификациясыз жумушчу айына 700-800 евро таба алат. Учурда Польшадагы мигранттардын 80 пайызын Украинанын жарандары түзөт. 2018-жылы бул өлкөдө иштөөгө уруксат алгандардын саны 12 миңге чукул. Алардын төрт миңдейи гана консулдук аркылуу мыйзамдуу документтерди алып барышкан. Калганы турист катары барып, иштеп калып калышкандар. Грузиянын өзүндө жумушсуздуктун деңгээли 12,7% түзөт. Бул 2018-жылга болгон расмий маалымат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG