Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:35

Түгөйсүз эркектерди көбөйткөн саясат


Кытайдагы үйлөнүү тою.
Кытайдагы үйлөнүү тою.

АКШ жарыялаган баяндамада Кытайдагы "Бир бала" саясаты түйүлдүктүн жынысына карап жасалган миллиондогон абортко себеп болгону айтылат. Мындай саясаттын кесепетинен экономикасы кубаттуу коңшубузда аялдардын саны азайып кеткен.

АКШнын жакында эле жарыяланган "Адам сатуу" боюнча баяндамасында Кытайда "мыйзамсыз нике кыюуга мажбурлаган" кылмыштардын саны көбөйгөнү айтылат.

Мындай укук бузууларга көбүнесе Түштүк Азия, Түштүк-Чыгыш Азия жана Африкадан келген кыздар кабылат.

Расмий маалымат боюнча Кытайдын калкынын саны 1 миллиард 404 миллион болсо, эркектер аялдардан 30 миллионго көп.

БУУ 2018-жылы жүргүзгөн иликтөөдө өзгөчө 15 жаштан 29 жашка чейинкилер ортосунда айырма чоң экени байкалат.

Кытайда баш кошуп жаткан түйгөйдүн фотосессиясы.
Кытайда баш кошуп жаткан түйгөйдүн фотосессиясы.

​Маселен, мындай курактагы 280 эркекке 100 аял гана туура келет. Мындан улам Кытайдын алыскы айыл-кыштактарында жашаган эркектер үчүн жубай табуу башкы көйгөйгө айланган.

Алардын көбү үйлөнүүгө даярдыкты үй-жай камдоодон баштайт. Бул жагдай өлкөдөгү турак жайдын баасынын кымбатташына да себеп болот.

Ошол эле маалда үйлөнө турган жигит кызга кеминде 30 миң доллар калың даярдашы керек. Ушундан улам өлкөдө нике агенттиктеринин саны арбын. Чет өлкөлүк кыздар менен таанышып, үй-бүлө күтүү кызматы үчүн алардын акысы да чоң.

Эми гана баш кошкон жубайлар калыңга кеткен акчаны төлөө үчүн тынымсыз иштегенге аргасыз болгон же күйөөсү аялын сексуалдык кулчулукка сатып жиберген учурлар катталган.

Кытайлык кылмышкерлердин торуна көбүнесе материалдык абалы начар Пакистан жана Мьянмадан келген кыздар кабылат.

Москвадагы Чыгыш таануу мектебинин жетекчиси Алексей Маслов "Азаттык" радиосунун орус кызматы менен болгон маегинде мындай көрүнүштүн себептерине токтолду:

"Менимче бул саясат белгилүү болгону менен көпчүлүк сөз кылбаган жагы да бар. Өлкөдө "Бир бала" саясатынан кийин төрөлгөн көпчүлүк кыздар расмий каттоого алынган эмес. Мисалы, менин Кытайдын четки айылдарында жашаган тааныштарым бар. Алар "үч кыздан кийин уул төрөлгөн, алардын улуусун гана каттатканбыз, экөө үчүн айып төлөөгө акча жок " дешет. Демек, калган эки кыз расмий каттоодо жок. Ошол эле маалда Кытайдагы абал башка коңшу өлкөлөргө таасирин тийгизбей койгон жок. Ага жакында эле Пакистанда Кытайга адам саткан топ кармалганы мисал".

Социологдордун маалыматында ушу тапта Кытайда 60 миллионго жакын "көрүнбөгөн" же каттоосу жок кыздар жашайт. Алар мектепте, жогорку окуу жайда билим алууга, келечек кесибин тандап, жакшы шарттары бар жумушка орношо албайт.

"Дал ушул кыздардын көбү зомбулуктун түрдүү формаларына кабылат. Алар маянасы өтө аз жумуштарда же "чач тарач, укалоо" салону деген атты жамынган көмүскө сойкуканаларда жалданып иштөөгө аргасыз. Алардын укугун коргогон адам жок", - деди Алексей Маслов.

Деген менен, соңку жылдары Кытай өкмөтүнүн демографиялык саясаты өзгөрүп, ириде жаш үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыздоо долбоору ишке аша баштаган.

Көп жылдар бою калыптанган эркек бала төрөлүп, ал чоңойгондо окуп, иштеп кайра үй-бүлөсүн багат деген түшүнүк өзгөргөн. Көп ата-энелер баласын "өзүңдү гана бак" деп тарбиялай баштаган.

Адистер шаарда жашаган кытайлык жигиттер үйлөнүүдөн баш тартып же жеке агенттиктер аркылуу чет өлкөлүк кыздар менен никелешүүгө аракет кыларын белгилешет. Расмий маалымат боюнча 2026-жылы өлкөдө абал өзгөрүп, үч эркекке бир аял киши туура келет деген божомол бар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG