Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:48

AI: Ирандагы арабдар кысымга кабылды


Ирандагы арабдар жергиликтүү бийлик менен жолугуп жатат.
Ирандагы арабдар жергиликтүү бийлик менен жолугуп жатат.

13-ноябрда Эл аралык Мунапыс укук коргоо уюму - Amnesty International (AI) Иран бийлигин Ахваз шаарындагы жүздөгөн араб тууралуу маалымат берүүгө үндөдү.

Лондондо жайгашкан укук коргоо уюмунун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча өкүлү Филип Лютердин айтымында, 22 кишинин жашыруун өлтүрүлүшү тастыкталса, бул – “эл аралык мыйзамдар боюнча кылмыш гана эмес, адилет сотту көзгө илбөө, шылдыңдоо болуп саналат”.

Уюм 24-сентябрдан бери 600дөй жергиликтүү араб белгисиз жерде кармалып, алар сырткы дүйнө менен байланыша алышпай, жакындары же адвокаттарына жолугушууга уруксат берилбейт жатканын билдирди.

22-сентябрда Ирандын түштүк-чыгышындагы Хузестан провинциясынын борбору Ахваз шаарында аскердик парад маалында кол салуу болуп, бери дегенде 25 киши каза тапкан.

Ирандын маалымат каражаттары аскердик униформа кийген бир нече куралчан адам расмий адамдар турган трибунаны аткылай баштаганын кабарлашкан. Аскердик иш-чара 1980-1988-жылдардагы Ирак менен согуштун башталышына арналган болчу.

I
I

​Тегеран чабуул үчүн жоопкерчиликти Хузестандын бөлүнүүсүн көздөгөн "Ахвазды бошотондукка чыгаруу араб кыймылы" деген уюмдун жикчилерине жүктөгөн. Ондогон кишини кармаган.

Октябрдын башында болсо Ирандын аскер-аба күчтөрү кол салууга аралашкан деп шек саналган Сириядагы согушкерлерди баллистикалык ракеталар менен аткылаган.

Ал эми Ахвазды боштондукка чыгаруу кыймылы терактты айыптап, ага тиешеси жоктугун билдирген.

Үстүбүздөгү апта башында Хузестан чөлкөмүнүн губернатору кармалган 22 киши тымызын атылган деген маалыматты “карандай калп” деп сыпаттады жана Ахваздагы окуяга байланыштуу камакка алынгандарга айып тагылганын билдирди.

Эл аралык Мунапыс уюму Иран бийлигин бардык кармалгандардын тагдыры эмне болгонун ачык айтууга, адвокаттарына алар менен жолугушууга уруксат берүүгө, кыйноо, ыдык көргөзүүдөн коргоону камсыздоого чакырды.

“Кармалгандар жөнүндө кабар берилбей жаткан учурда жакындары алар өлтүрүлгөн жокпу деп тынчсызданышууда. Губернатордун маалыматтарды танганы ал кишилердин үй-бүлөлөрүнө жеңилдик алып келбейт", - деди уюмдун өкүлү Лютер.

Эл аралык укук коргоочулар “өз оюн эркин билдирүү, тынч чогулуу укугунан пайдаланганы үчүн же жөн гана этникалык тек-жайына карап камалган” арабдарды бошотууга кылууга чакырды.

Тегеран "22 араб атылган" деген маалыматты четке кагууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.


XS
SM
MD
LG