29-мартта өтчү шайлоодо Каримовго атаандаш катары Элдик Демократиялык партиянын лидери Хатамжан Кетмонов чыгары белгилүү болду. Бирок серепчилер анын талапкерлиги атаандаштык жаратуу үчүн коюлганын, Каримов турганда өлкөдөгү саясатчылар өз талапкерлигин даап көрсөтүшү күмөн экенин айтышууда.
Өзбек президенти Ислам Каримовдун талапкерлиги өзү түзгөн Либералдык Демократиялык партиясы менен Ишкерлер кыймылынын 15-январдагы биргелешкен жыйынында көрсөтүлдү. Мындай жол менен аталган партия президент Каримовдун жүргүзүп жаткан саясатын улантууга дагы беш жылдык мөөнөт мүмкүндүк берүүнү чечишти.
Президенттик шайлоо 29-мартта өтөт. 27-декабрда расмий башталган шайлоо өнөктүгүндө Каримов алгачкы талапкер болду. АКШда жашап жүргөн өзбек саясат таануучусу Ташбулат Юлдашевдин айтымында, Каримовдун кезектеги мөөнөткө ат салышары буга чейин эле белгилүү болчу:
- Ал чейрек кылымдан бери өлкөнү башкарып келатат. Бирок Баш мыйзам боюнча эки мөөнөт гана шайланууга укук бермек. Ага карабай 25 жылдан бери такта отурат. Эми Каримов өмүрүнө аягына чейин бул кызматта калууга аракет кылат. Анткени кызматтан кеткен күнү ал үчүн саясий жана физикалык жактан өмүрүнүн соңу болот. Ошондуктан ал акыркы огу калганча бийликте калууга аракет кылат.
Өлкөнү 25 жылдан бери башкарып келаткан 77 жаштагы Ислам Каримов 2007-жылы жети жылдык мөөнөт менен президенттикке шайланган. Бул шайлоодо эл аралык байкоочулар добуш берүү демократиялык талаптарга жооп бербегенин, реалдуу оппозиция болбогон катуу кайтаруудагы саясий кырдаалда өткөндүгүн билдиришкен.
Бирок эл аралык уюмдардын сынына карабай Каримов бийликти өз чеңгелине бекем кармап келатат. Бул жолку шайлоодо деле реалдуу талапкер болбой турганын байкоочулар билдиришүүдө.
Бирок Каримовдун талапкерлиги көрсөтүлгөн күнү Өзбекстандын Элдик Демократиялык партиясы өзүнүн Борбордук Кеңешинин төрагасы Хатамжан Кетмоновду президенттикке көрсөттү. 45 жаштагы жердиги анжияндык Кетмонов аталган партиянын төрагалыгына өткөн жылы шайланган. Ага чейин 2005-жылы элдик толкундоолор чыккан Анжиян вилайетинин акиминин орун басары болгон. Ал толкундоолордо 180ден ашык адам өлгөн эле.
Саясат таануучу Ташбулат Юлдашев Кетмоновдун талапкерлигин эл көзүнө шайлоо альтернативдүү өттү деп сооротуу үчүн гана койду деген пикирде. Андан башка саясатчылардан деле даап, шайлоого катышчулар жокко эсе, ошондуктан Каримовдун бешинчи мөөнөткө шайланары айкын дейт Юлдашев:
- Бул жолку шайлоо деле альтернативасыз өтөт. Ал эми анын жанында талапкерлигин коюп жаткандар бийликтен уруксат алып, эл көзүнө Өзбекстанда демократия бар деген сөздү ырастап коюш үчүн эле коюшат. Мисалы, буга чейин шайлоолордо Каримов экинчи жолу шайланып жатканда Элдик Демократиялык партиянын мурдагы лидери Абдулхафиз Жалалов деген профессор талапкерлигин коюп, шайлоо күнү Каримов үчүн добуш берген. Бул жолу деле ошондой болот. Альтернатива болбогон соң албетте Каримов кайра шайланат. Башкача болушу да мүмкүн эмес.
Юлдашев кошумчалагандай, Өзбекстанда оппозиция өз пикирин айтып, элге программасын тааныштырууга шарт жок. Мындай болгон соң карапайым калктын Каримовдон башка адамды көрүп-билиши деле мүмкүн эмес.
Чындыгында эле былтыр 23-декабрда өткөн парламенттик шайлоого оппозициячыл партиялар катышкан жок. Анда парламенттин мыйзам чыгаруу палатасына төрт партия Либерал-демократиялык, Элдик-демократиялык, Демократиялык Улуттук кайра жаралуу жана Социал-демократиялык "Адилет" партияларынын талапкерлери шайланып келди. Булардын баары президент Ислам Каримовдун саясатын колдошот.
Эки жыл мурда Конституция өзгөртүлүп, парламентке айрым укуктар берилгени айтылган. Анын алкагында президенттик мөөнөт жети жылдан беш жылга кыскарган. Ошентип Каримов бул жолу шайланса, 2020-жылга чейин Өзбекстанды башкаруу укугуна ээ болот.