Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:54

АКШ: Клинтонду сүрөгөн демократтар, уурдалган каттар


Хиллари Клинтон шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүгө катышып жаткан ыктыярчылар менен. Түндүк Каролина, 25-июль, 2016-жыл.
Хиллари Клинтон шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүгө катышып жаткан ыктыярчылар менен. Түндүк Каролина, 25-июль, 2016-жыл.

АКШда Демократиялык партиянын шайлоо курултайы өтүп жатат. Анда партиялаштары тарабынан сүрөөгө алынган мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон талапкерликке расмий бекитилет деп күтүлүүдө.

Курултайдын жуп алдында Демократиялык партиянын Улуттук комитетинин электрондук каттарынын уурдалып, жарыяланып кетиши бир топ талкууларды жаратты. Орусиялык хакерлердин катыштыгы бардыгы айтылган уурдоо боюнча учурда ФБР да атайын иликтөө жүргүзүүдө.

Айтылуу WikiLeaks сайты жарыялап жиберген 19 миң даанадан ашуун электрондук каттардын арасында Демократиялык партиянын Улуттук комитетинин адамдары ички партиялык жарыш учурунда бейтараптыкты сактабай, Хиллари Клинтондун атаандашын жыдытуу жолдору боюнча пикир алышкандарын күбөлөгөн кат алышуулар да бар.

Муну менен Клинтондун ички партиялык күрөштөгү же праймериздердеги башкы атаандашы сенатор Берни Сандерстин колдоочуларынын Демпартиянын Улуттук комитети мурдагы мамлекеттик катчыга жан тартып жатат деп ырастоолору далилденгендей болду.

Сандерс Клинтонду колдойт

Демократиялык партиянын курултайы. Филадельфия, 25-июль, 2016-жыл.
Демократиялык партиянын курултайы. Филадельфия, 25-июль, 2016-жыл.

Каттардын курултайдын жуп алдында шардана болушунан улам партиянын беделине, анын ичиндеги биримдикке сокку урулду деген пикирлер, ырастоолор айтылып жатат.

Бирок дүйшөмбүдө Филадельфия шаарында ачылган курултайдын алгачкы күнүндө сөз алган сенатор Берни Сандерс шайлоодо Клинтонду сүрөй турганын дагы бир жолу ырастап, өз колдоочуларын да мына ушундай кадамга барууга үндөдү:

- Биздин өлкө үчүн стресс жараткан азыркы учурда бул шайлоо элди бөлбөстөн, кайра бириктирүүсү керек. Дональд Трамп бир тайпадан кийин экинчисин кемсинтүү менен алектенип жаткан кезде, Хиллари Клинтон ар түрдүүлүгүбүз биздин эң күчтүү жагыбыз экенин түшүнөт. Клинтон жана мен бир катар маселелер боюнча ар башка пикирде экенибиз жашыруун эмес. Шайлоо өнөктүгү мына ушул жөнүндө болду, демократиянын маңызы мына ушунда. Бирок мен эки штаб кыйла жакындашып, Демократиялык партиянын тарыхындагы эң прогрессивдүү платформаны даярдаганыбызды кубануу менен айта алам. Хиллари Клинтон эң мыкты президент болот. Бүгүн кечте аны менен бирге турганыма сыймыктанам.

74 жаштагы сенатор Сандерсти ички партиялык жарышта көбүнесе жаштар колдогон эле.

Жаштарды анын миллиарддаган доллар акча айланган - Уолл Стритке көзөмөлдү күчөтүү, акчанын саясаттагы ролун азайтуу, жогорку билим берүү менен медициналык камсыздандыруунун акысын жеткиликтүү кылуу өңдүү сунуштары жана чакырыктары тарта алган.

Демократиялык партиянын шайлоо курултайы ачылган күнү да анын жактоочулары “Биз Сандерсти каалайбыз!” деп ураан чакырышып, Филадельфияда жүрүшкө чыгышты.

Берни Сандерстин жактоочулары курултайда. 25-июль, 2016-жыл.
Берни Сандерстин жактоочулары курултайда. 25-июль, 2016-жыл.

Курултай өтүп жаткан жерде болсо Берни Сандерстин жактоочулары анын ысымы жазылган баракчаларды көтөрүп турушту.

Каттардын уурдалышын иликтөө иши

Ал эми курултайдын алдында коомчулукка тарап кеткен электрондук каттардын айрымдарынын мазмунунан улам демократтардын Улуттук комитетинин төрайымы Дебби Вассерман –Шульц кызматынан кетүүгө мажбур болду.

Учурда комьютерлик серверлердеги электрондук каттар качан жана кантип, ким тарабынан уурдалганын ФБР иликтеп жатат:

- ФБР алар бул кырдаалды иликтеп жатканын билдирди. Ал эми президент жана анын командасы кибер коопсуздукка эң жогорку артыкчылык берет. Биз АКШдагы кибер коопсуздуктун аялуу жерлерин издеген бир топ оюнчулар: мамлекеттер да, кылмышкерлер да бар экенин билебиз. Алардын катарына Орусия да кирет. Бирок, азыркы кырдаал боюнча ФБР өтө кылдат иликтөө жүргүзүүсү керек,- деди Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест.

Каттарды уурдоонун артында Орусия турабы?

Демократиялык партиянын Улуттук комитетинин электрондук каттарынын уурдалышына байланышкан маселени Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Лаостогу жолугушууда көтөргөнүн АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри билдирип, ал да ФБРдин иликтөөсүнүн аягына чыгышы жана фактыларга негизделген тыянактын берилиши маанилүү экенин белгиледи.

Курултайда Клинтонду Биринчи айым Мишель Обама да сүрөдү. 25-июль, 2016-жыл.
Курултайда Клинтонду Биринчи айым Мишель Обама да сүрөдү. 25-июль, 2016-жыл.

Электрондук каттар Орусиянын бийлигине байланышы бар хакерлер тарабынан уурдалганын кибер коопсуздук боюнча эксперттердин бүтүмүнө таянуу менен Клинтондун шайлоо штабы айтып чыккан эле.

Клинтондун шайлоо штабынын башкаруучулардын бири Робби Мук CNN телеканалы менен маегинде Орусия тарап Демократиялык партиянын электрондук каттарын уурдоо менен Республикалык партиянын талапкери, эгер шайланса Орусия менен мамилени оңдой турганын айтып жүргөн Дональд Трампка жардам берүүнү көздөдү деген пикирин билдирген. Ушундай эле ойлорун партиянын башка ишмерлери да айтып жатышат:

- Менимче, Орусиянын өкмөтү биздин шайлоону солкулдатууга аракеттенип жатканы анык. Алар (орусиялыктар) Трампка артыкчылык беришет. Анткени, Трамптын шайлоо штабынын башчысынын (Пол Манафорт) Орусия менен байланыштары бар жана бул Трамптын Путиндин дарегине айткан жылуу пикирлеринен улам да болууда. Менимче, Путин биздин шайлоодо ойноого аракеттенүүдө, бирок бул иштейт деп ойлобойм, - деди демократ сенаторлордун бири Клэр Маккаскилл (Claire McCaskill) курултайдан кабарчыларга.

Республикалык партиянын президенттикке талапкери Дональд Трамптын шайлоо штабынан болсо демократтардын ырастоолорун “абсурд” жана “тамаша” деп мүнөздөштү.

Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков болсо шайлоо өнөктүгү учурунда “орус темасын колдонуу америкалык саясатчылардын салттуу оюну” экенин ТАСС агенттиги аркылуу айтып чыкты.

АКШда соңку коомдук пикирди сурамжылоонун биринин жыйынтыгына караганда, республикачыл Дональд Трамп атаандашы Хиллари Клинтондон бир аз алдыда.

CNN/ORC өткөргөн сурамжылоо азыр америкалыктардын 48% Трампты, 45% Клинтонду колдой турганын көргөзгөн.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG