Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:37

АКШ: Республикачылар Трампты сүрөөгө чогулушту


Республикалык партиянын курултайынын башталышы. Кливленд, 18-июль, 2016-жыл.
Республикалык партиянын курултайынын башталышы. Кливленд, 18-июль, 2016-жыл.

АКШда Республикалык партиянын шайлоо курултайы өтүп жатат. Анда миллиардер Дональд Трамптын президенттикке талапкерлиги расмий бекитилет деп күтүлүүдө. Курултайдын башталышы Республикалык партиянын өз ичинен Трампка каршылардын нааразылыгы менен коштолду. Келерки аптада шайлоо курултайына Демократиялык партия да чогулмакчы.

Огайо штатынын Кливленд шаарында адаттагыдай чоң шаан-шөкөт жана салтанат менен башталган курултай төрт күнгө созулат.

Курултайдын алгачкы иш күнүндө эле трибунага көтөрүлгөндөр арасында Дональд Трамптын теги боюнча словениялык жубайы Меланиа Трамп дагы болуп, жолдошунун мигранттарга, мусулмандарга каршы деген калың калк ичинде калыптанган пикирлерди жокко чыгарууга жардам берүүнү көздөгөндөй мазмундагы сөз сүйлөдү:

Меланиа Трамп, Кливленд, 18-июль, 2016-жыл.
Меланиа Трамп, Кливленд, 18-июль, 2016-жыл.

- Айымдар жана мырзалар, Дональд Трамп кызмат кылууга жана кийинки президент катары бул өлкөнү башкарууга даяр. Дональд айрымдардын эле эмес, бардык адамдардын кызыкчылыгын коргоону көздөйт. Алардын арасында испан тектүүлөр, афроамерикалыктар, азиаттар, жакырлар менен орто катмардагылар да бар. Эмгек жолунда Дональд Трамп түрдүү диний ишенимдеги, улуттагы адамдар менен ийгиликтүү иштеген.

Трамптын шайлоо өнөктүгүнүн башчысы Пол Манафорттун айтымында, алардын курултайда көздөгөнү - америкалыктар Трампты адам катары жакшыраак түшүнүүсүнө көмөктөшүү.

Курултай ошондой эле Трамптын шайлоо штабы үчүн Республикалык партия анын талапкерлиги боюнча бирдиктүү турумда экенин көргөзүү үчүн да мүмкүнчүлүк. Бирок республикачылардын шайлоо курултайынын ачылышы бул партиянын ичинде Трампка каршылардын нааразылыгы менен коштолду. Алар курултайда добуш берүү тартибин өзгөртүүгө аракеттенишип, бирок сунушу жетиштүү колдоо таппаган соң айрымдары жыйын залынан ызы-чуу салып чыгып да кетишти.

Курултайдын Трампка каршы делегаттары. Кливленд, 18-июль, 2016-жыл.
Курултайдын Трампка каршы делегаттары. Кливленд, 18-июль, 2016-жыл.

Трампты колдогондордун жана ага каршылардын акциялары Кливленд шаарынын курултай өтүп жаткан спорттук аренасынын сыртында да улантылды.

Миллиардер эле эмес, мурда тележылдыз катары да таанымал Трамп буга чейин шайланма же мамлекеттик кызматта иштеген эмес.

Сөздөрүндө саясий сыпайылыкты эске албаган, АКШнын саясий системасын “бурмаланган” деп сындап да жүргөн Трампка буга чейин республикачылардын истеблишментинен же башкаруучу чөйрөсүнөн колдоо алуу жагынан маселе чыккан эле.

Курултай өтүп жаткан учур. Кливленд, 18-июль, 2016-жыл.
Курултай өтүп жаткан учур. Кливленд, 18-июль, 2016-жыл.

Республикалык партиянын ичиндеги айрым фракциялар Трампка каршы кыймыл да башташкан. Бирок талапкер өзү өткөн аптада бул кыймыл токтоду деп ырастаган болчу.

Республикачылардын аттуу- баштууларынын арасынан курултайда Трампты колдоп, сүйлөй тургандардын катарында Сенаттагы лидери Митя МакКоннелл, Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Пол Райан, ички партиялык жарышта Трампка атаандаш болгон сенаторлор Тед Круз менен Марко Рубио, губернатор Крис Кристи бар болгону кабарланды.

Ал эми мурдагы президент Жорж Буш, президенттикке мурдагы талапкер Митт Ромни өңдүү республикачылар Трампты колдоодон баш тартышкан.

Курултайдын алгачкы күнү Трампты сүрөгөндөрдүн арасында Нью-Йорк шаарынын мурдагы мэри Руди Жулиани, бир катар тележылдыздар, актерлор да болду.

Меланиа жана Дональд Трамп. Кливленд, 18-июль, 2016-жыл.
Меланиа жана Дональд Трамп. Кливленд, 18-июль, 2016-жыл.

Курултайдын биринчи күнүнүн темасы Трамптын “Американы кайрадан улуу кылуу” деген ураанына үндөшүп, “Американы коопсуз кылуу” деп аталды:

- Бизге Америка кубаттуу жана дүйнөнү стабилдештирүүчү күч бойдон калышын жана үйүбүздө биздин коопсуздугубузду кепилдей турган лидер керек. Хиллари Клинтондон айырмаланып, Дональд Трамп өзүнө эмес, силерге көңүл бурат, - деди республикачылардын талапкерин сүрөгөндөрдүн бири, Айова штатынан сенатор Жони Эрнест.

Курултайдын экинчи күнүндө экономиканын, үчүнчү күнүндө тышкы саясаттын маселелери талкууланып, төртүнчү күнүндө Трамп өзү талапкер катары программалык сөзүн сүйлөгөнү жатат.

Трампка каршы демонстранттар. Кливленд, 18-июль, 2016-жыл.
Трампка каршы демонстранттар. Кливленд, 18-июль, 2016-жыл.

Бул аралыкта Трамптын болочок атаандашы Хиллари Клинтон ошол эле Огайо штатынын Синсинати шаарындагы чоң жыйынында сүйлөгөн кезинде Трампты демократия үчүн коркунуч деп атап, ал өз риторикасы менен расалык жана этникалык чыңалууга салым кошуп жатканы үчүн айыптады:

- Унутпайлы, Дональд Трамптын ысымы “Нью-Йорк Таймска” биринчи жолу 1973-жылы чыккан. АКШнын Юстиция министрлиги анын компаниясы афроамерикалыктарга батирди ижарага берүүдөн баш тартканын иликтеген. Трамп Кошмо Штаттардын президенти болот албайт.

Хиллари Клинтонду Демократиялык партиянын талапкерлигине расмий бекитүү боюнча курултай келерки аптада Филадельфия шаарында өткөнү турат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG