Орусиянын бийлиги украиналык согуш туткундарын жана жайкын адамдарды кыйноого алып, башка ырайымсыз мамиле кылууда.
Бул тууралуу эл аралык Amnesty International (AI) укук коргоочу уюмунун баяндамасында айтылат. Анда негизинен Орусияда толук изоляцияда, жакындары менен байланышуу мүмкүнчүлүгү берилбеген шартта кармалып жаткан украиналыктар тууралуу баяндалат. Көп учурда алардын кайда кармалганын туугандарына да айтышпайт. Уюм согуш туткундарынын көзүн тазалаган учурлар болгонун белгилейт. Иликтөө украиналык 104 кишинин айтып бергендерине негизделген.
Amnesty International кеп айрым окуялар эмес, орус бийлигинин максаттуу саясаты тууралуу жүрүүдө деп, мындай аракеттер согуш кылмышы жана адамзатка каршы кылмыш болуп эсептелиши мүмкүн экенин белгиледи.
Баяндаманын авторлору Орусияда кармалып жаткан Украина жарандарынын так саны белгисиз экенин, миңдеген киши тууралуу сөз болгонун айтышат. Алардын көбүнүн кайда экени беймаалым.
Уюм орус бийлигин кыйноолорду жана ырайымсыз мамиле кылууну токтотууга чакырды. Ошондой эле ыктымал кылмыш үчүн күнөөлүү адамдарды эл аралык мыйзамдарга жараша жоопко тартууга үндөдү.
Согуш башталгандан бери жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары украиналык туткундардын укуктары бузулганын, алар кордолгонун айтып келатышат.
Москва мындай айыптоолорду четке кагат.
Шерине