Огайо штатынын тургуну, 20 жаштагы Жэймс Алекс Филдс адам өлтүрүүгө айыпталууда. Федералдык тергөөчүлөр 12-августта болгон окуянын чоо-жайын иликтеп жатышат.
Филдске ошондой эле 20 чакты кишини жарадар кылганы жана окуя болгон жерден качкандыгы үчүн да айып тагылууда. Ал ашынган улутчулдардын жүрүшүнө катышуу үчүн кошуна штаттан атайын келгени аныкталган.
Виржиния университетинин медициналык борборунун дарыгерлери жараат алган 19 кишиге жардам көргөзүлгөнүн, тогузу үйлөрүнө чыгып кеткенин билдиришти.
Ал күнү оңчул улутчулдар Шарлоттсвилл шаарчасына келип жарандык согуштагы карама-каршылыктуу кол башчы, генерал Роберт Линин эстелигин алуу планына нааразылыгын билдиришмек. Арасында расист, неонацист, жөн гана түштүк штаттардын тарыхын коргойбуз дегендер бар болчу. Айрымдары курал-жарак көтөрүп чыгышкан жана бири-бири менен ачыктан-ачык нацисттердей оң колун алдыга шилтеп учурашып, расисттик ураандарды чакырып жатышты. Алардын жолун антифашисттер менен солчул активисттер тороого аракеттенгенде ортодо кагылышуу тутанган.
Штаттын губернатору Терри Маколифф чукул кырдаал киргизип, эстеликти алууга каршы жүрүшкө берилген уруксатты чакыртып алды. Губернатор өздөрүн патриот деп көргөзүүгө аракеттенген улутчулдарды америкалык коом кабыл албасын айтып, үйлөрүнө кетүүгө чакырды.
- Биздин штатыбызга келген ак расынын артыкчылыгын жактагандарга жана неонацисттерге айтаарым: Шарлоттсвиллде , Виржинияда, Америка кошмо штаттарында да силерге орун жок!
Полициянын атайын бөлүктөрү ызы-чуу түшкөн паркты курчоого алганда жогоруда сөз болгон машина топ адамды сүзгөн.
Тополоң ал күнү дагы эки кишинин өмүрүн алып кетти. Окуяны асмандан көзөмөлдөгөн тартип коргоочулардын тик учагы шаар четине кулаганда эки полициячы каза тапты.
АКШнын башкы прокурору Жефф Сешнс “Шарлоттсвиллдеги зомбулук, адам өлүмү Америкадагы мыйзамдуулукка жана адилеттүүлүккө сокку урду” деп билдирди.
Оңчулдардын акиясын уюштурган блогер пресс-конференция өткөрүүгө аракеттенди, бирок чогулгандар аны сүйлөтпөй коюшту.
Президент Доналд Трамп ошол эле күнү Твиттер аркылуу элди биримдикке чакырып, ажал тапкандардын жакындарына көңүл айтты.
Бирок бир катар белгилүү демократ саясатчылар, укук коргоочу активисттер жана кээ бир респубикачылар президент Шарлоттсвиллдеги акцияга катышкан неонацист, "Ку-клукс-кланы" уюмунун мүчөлөрүн, ак расанын үстөмдүгүн жактагандарды айыптаган жок деп сындашты.
Мындай сындан кийин Ак үй эртеси, 13-августта билдирүү жасады. Анда президент Трамп Шарлоттсвиллдеги кагылышууга катышкан экстремисттерди айыптады деп айтылат.
"Президент кечээки билдирүүсүндө зордук-зомбулуктун, фанатизмдин жана жек көрүүчүлүктүн бардык түрлөрүн айыптаарын так айткан. Албетте, буга ак расанын артыкчылыгын жактагандар, "Ку-клукс-кланы", неонацисттер жана башка экстремист топтор кирет. Президент улуттук биримдикке жана бардык америкалыктардын биригүүсүнө чакырды", - деп белгиленет билдирүүдө.
Колумбияда сапарда жүргөн вице-президент Майк Пенс да экстремист топторду айыптады:
- Өздөрүн супер раса деп атагандардын, неонацист же "Ку-клукс-кландын" жек көрүүчүлүк, зордукчул аракеттерин карап отура бербейбиз. Американын коомдук турмушунда андай кооптуу топторго орун жок. Биз аларды мүмкүн болушунча катуу айыптайбыз.
Баса, 2014-жылы АКШнын улуттук экономикалык изилдөө бюросу Шарлоттсвиллди өлкөдөгү эң бактылуу шаар деп атаган.