Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Трамптын жардыгы чет өлкөдө да сынга кабылды


АКШ президенти Дональд Трамптын иммиграцияны чектөө максатындагы буйругу жана анын кесепеттери Вашингтондун өнөктөштөрү арасында, ошондой эле мусулман өлкөлөрүндө да сынга кабылды.

Германиянын канцлери Ангела Меркел терроризмге каршы глобалдуу күрөш мындай чараны - кайсы бир өлкөдөн чыккан, кайсы бир динди туткан адамдардан шектенүүнү актай албайт деп билдирди.

Франциянын тышкы иштер министри Жан Мрак Эро болсо, качкындарды кабыл алуу Европадагы тилектештиктин бир бөлүгү деп баса белгиледи:

- Согуштан, басмырлоолордон качкан адамдарды кабыл алуу – биздин милдетибиз. Биз бул жараяндын адилет, туура жана тилектештик маанайда жүрүшүн камсыздашыбыз керек. Европалык диалог, европалык тилектештик мурдагыдай эле өз ролун ойноого тийиш, ар бир өлкө өз милдеттенмелерин аткарышы керек. Биздин өз коомдорубузду дүрбөтпөй, ошол эле маалда жалпы баалуулуктар жаатында алган милдеттенмелерибизди камсыздоо зарыл. Жакында кабыл алынган чечимдер болсо бизди тынчсыздандырат.

Британияда Доналд Трамптын сапарын болтурбоого үндөгөн он-лайн кайрылууга бир миллиондой киши кол койду. АКШ президентинин келишине каршы чыккандардын арасында оппозиция лидери, Лондондун мэри да бар.

27-январда Трамп Ирак, Сирия, Иран, Судан, Ливия, Сомали жана Йемен жарандарынын АКШга иммиграциясын 90 күнгө токтотуу буйругуна кол койгон. Анын күчкө кириши колунда визасы же айрым учурларда АКШда жашоо укугу бар миңдеген кишинин аэропорттордо топтолуп же артка кайтарылышына алып келди.

Трамптын жардыгына каршы акциялар
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:28 0:00

Шайлоо алдында Трамп өлкөнү “чет элдик террорчулардан" коргоо убадасын берип келген.

Ал тапта Канада кошуна өлкөдөгү жаңы эрежеден улам ара жолдо калган элге убактылуу баш паана берүүнү сунуш кылды. Өкмөттүн чечимин Канаданын иммиграция министри Ахмед Хусейн ишемби күнү Оттавадагы пресс-конференцияда бышыктады:

- Иммиграциялык программабыздын боорукер, натыйжалуу болушун, ошол эле маалда канадалыктардын экономикалык кызыкчылыктарын, алардын саламаттыгын, коопсуздугун биринчи орунга койгон системаны камсыздоону уланта беребиз. Куугунтуктан, терроризм жана согуштан жан сактап качкандарды кабыл алабыз.

Президент Дональд Трамптын иммиграциялык жардыгына каршы нааразылык акциялар АКШнын кеминде он бештей шаарында өттү.
Трамптын буйругуна нааразы адамдар. Чикаго аба майданы. 29-январь, 2017-жыл
Трамптын буйругуна нааразы адамдар. Чикаго аба майданы. 29-январь, 2017-жыл

Ошол эле маалда Канада АКШ менен түзүлгөн “үчүнчү тараптын коопсуздугу” тууралуу келишимден чыгууну караштырбайт. Ага ылайык, качкындар Кошмо Штаттарга келип, ал жерден Канададан баш паанек сурап кайрыла алышпайт же, тескерисинче, Канададан АКШга өтө алышпайт.

30-январда Индонезиянын тышкы иштер министрлиги Трамптын иммиграция боюнча соңку буйругуна өкүнүчүн билдирди.

- Буйрук чыгаруу ар бир өлкөнүн укугу болгону менен, АКШ өкмөтүнүн соңку чечими терроризм менен глобалдуу күрөшкө жана качкындар кризисин жөнгө салууга каршы келет деп катуу тынчсызданабыз жана андай документтин чыгышына өкүнөбүз, - деди тышкы мекеменин маалымат катчысы Арманата Насир.

"Радикализм жана терроризм маселесин кайсы бир дин менен байланыштыруу туура эмес, динди теракт, радикализмге байлоо жаңылыштык", - деп кошумчалады дипломат.

Дүйнөдөгү эң көп мусулмандар жашаган өлкө – Индонезия карама-каршылыктуу тизмеде жок экенини айта кетүү зарыл.

Манилада болсо ондогон студент активисттер АКШ элчилиги алдына нааразылыгын билдирип чыгышты.

Судан, Йемен бийликтери да Трамптын буйругун сындашса, расмий Тегеран адекваттуу жооп кайтараарын эскертти.

XS
SM
MD
LG