Президент Трамптын жети мусулман мамлекетинин жарандарынын анын өлкөсүнө кирүүсүн убактылуу токтотуу боюнча жардыгын “мусулмандарга тыюу салуу эмес” деп ырастоодо. Ошону менен бирге иммиграциялык чаралар 90 күндүн ичинде даяр болгондон кийин АКШ бардык мамлекеттер үчүн виза берүүнү калыбына келтирерин кошумчалады.
"Америка иммигранттардын намыстуу өлкөсү, биз куугунтуктан качкандарга боорукерлик жасоону уланта беребиз, бирок биз муну жарандарыбызды жана чек араларыбызды коргоо менен жасайбыз. Түшүнүктүү болсун - бул медиа жалган кабарлагандай мусулмандарга тыюу салуу эмес. Бул дин жөнүндө эмес, террор жана биздин өлкөнү коопсуз кылуу жөнүндө”,- деп айтылат президент Дональд Трамптын расмий билдирүүсүндө.
АКШ президенти ошондой эле жардыгынын 40 мусулман өлкөсүнө эч тиешеси жоктугун да белгилеген.
Трамптын билдирүүсү алдында Ак үйдүн аппарат башчысы Рейнс Прибус да жекшемби күнү Эн-би-си телеканалы менен маегинде президенттин иммиграциялык жардыгынан улам 28-январда АКШнын аэропорттору хаоско кабылган деген көз-караштарды четке какты:
- Бул хаос эмес. Факт АКШга 28-январь ичи чет өлкөлөрдөн 325 миң адам келген, булардын ичинен 109 киши сурак бериш үчүн кармалган. Алардын да көпчүлүгү койо берилди. Бизде кармоодо жыйырмадай адам бар, эгер алар коркунучтуу эле болбосо, 29-январда койо берилсе керек. Балким, бул адамдардын айрымдары алдыда кармалат. Эгер алар бул өлкөдө жүрбөшү керек болсо, алар кармалышат.
АКШнын аэропортторунда миңдеген адам катышкан нааразылык акциялар 28-январда өткөн эле.
Ал эми өлкөсүн “чет элдик террорчулардан” коргоону убада кылган президент Дональд Трамп жети мусулман өлкөсүнөн иммиграцияны 90 күнгө, текшерүүнүн жаңы эрежелери иштелип чыкканга чейин, токтотууну караган жардыгына үч күн мурда, 27-январда кол коюлган.
Ал мусулман өлкөлөрү: Иран, Ирак, Ливия, Сирия, Сомали, Судан жана Йемен.
Президенттин жардыгына ылайык, АКШ ошондой эле 120 күнгө качкындарды кабыл алууну, ал эми сириялык качкындарды кабыл алууну белгисиз мөөнөткө токтотот.
Чектөө мекенинде диний негизде куугунтукка кабылган качкындарга карата жайылтылбайт.
АКШ ичиндеги нааразылык
Президент жардыгынын аткарыла баштоосу, алгачкы үч күндө, маалыматтарга караганда АКШнын аэропортторунан жүздөгөн адамдардын кармалышына же депортациялануусуна алып барды.
Кармалгандар арасында АКШга кирүүгө мыйзамдуу укугу, анын ичинде жашыл карта ээлери да болгон.
Ошол эле учурда жардыкты сотко берип утуп алгандар да чыкты.
Маселен, АКШнын Жарандык эркиндиктер боюнча союзу Нью-Йоркто эки ирактыктын атынан арыз берип, Федералдык судья Эн Доннели АКШнын визасы же качкын макамы барларды аэропорттон депортациялоого тыюу салды.
Ушундай эле чечимди Массачусетс жана Виржиня штаттарынан да эки федералдык судья чыгарган.
Бирок АКШда бажы жана чек ара кызматтарын, иммиграция саясатын тейлеген Ички коопсуздук министрлиги бул сот чечимдери президент жардыгынын жалпы аткарылуусуна эч таасир тийгизбей турганына көңүл бурду.
“Президент Трамптын жардыгы күчүндө, чектөөлөр кала берет. АКШ өкмөтү улуттук коопсуздук же коомдук коопсуздук талап кылса, визаларды качан болсо жокко чыгарууга укуктуу”,- деп айтылат бул мекеменин билдирүүсүндө.
Бул аралыкта жекшемби күнү АКШ шаарларында президенттин иммиграциялык жардыгынан улам он миңдеген адамдар көчөгө чыкты.
Борбор Вашингтондо миңдеген адамдар Ак үйдүн сыртына чогулуп, "Аларды койо бергиле!" деп кыйкырышып, "Биз баарыбыз мусулманбыз” деген жазууну да көтөрүп турушту.
Вашингтондогу демонстранттар ошондой эле шаар көчөлөрү боюнча жүрүш жасап, Конгресс имаратынан көп алыс эмес "Трамп" мейманканасына чейин барышты.
Конгресстен президенттин жардыгын жана анын аткарылуусун республикачылардын кеминде үчөө сындап чыкты, ал эми мындай турумдагы демократ мыйзамгерлердин саны өсүүдө:
- Бул жардык америкалык эмес. Бүткүл өлкө боюнча хаос, чалкештик жараткандай болуп ишке ашырылды. Ал бүткүл дүйнө боюнча бизге зыян келтиргиси келгендерди гана шыктандырып, аларга дем берет. Жардык тезинен жокко чыгарылуусу керек. Сенаттагы демократтар муну жокко чыгарыш үчүн мыйзам долбоорун колубуздан келишинче тезирээк киргизебиз, - деди Нью-Йорктон сүйлөгөн учурунда Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер.
АКШнын Конгрессинин эки палатасында тең азыр республикачылар көптүк кылат. Республикачыл сенатор, Сенаттын тышкы иштер комитетинин төрагасы Боб Коркер жардык начар ишке ашырылганын белгиледи.
Эл аралык реакция
Трамптын жардыгын анын тикелей тиешеси бар өлкөлөр, Вашингтондун айрым жакынкы өнөктөштөрү да сынга алды.
Өткөн аптада Трамп кызматка киришкенден кийин аны менен жолуккан алгачкы чет элдик лидер болгон британ премьер-министри Тереза Мэй чектөөлөр менен макул эместигин, эгер британ жарандарына таасири тийсе, Лондон Вашингтонго кайрыла турганын эскертти.
Берлинден Германия лидери Ангела Меркелдин басма сөз катчысы канцлер терроризмге каршы күрөш “кайсыл бир тектеги же кайсыл бир диндеги адамдардан жалпы шектенүүнү актабайт деп санай турганын” айтып чыкты.
Канада премьер министри Жастин Трюдо качкындарды өз мекенине чакырып, алар диний ишенимге көңүл бурбай турганына токтолду.
Иран АКШнын кызыкчылыгын коргогон Швейцария элчисин тышкы иштер министрлигине чакырды.
Өлкөнүн тышкы саясий мекемеси АКШга каршы жооп чарага барып, америкалыктарды киргизбей турганын айтса, кийинчерээк тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф чектөө Ирандын жарактуу визасы бар америкалыктарга жайылтылбай турганын тактады.
Иракта болсо парламент өкмөткө АКШнын чечимине “шайкеш” чара көрүүгө көрсөтмө берип, америкалык жарандардын визаларын жокко чыгарууну караган чечим чыгарганы кабарланды.