Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

Трамп: Мексикага дубал курулат, Сирияга коопсуздук зонасы каралат


Доналд Трамптын шайлоо өнөктүгү
Доналд Трамптын шайлоо өнөктүгү

АКШ президенти Дональд Трамп шайлоо өнөктүгү учурунда берген убадаларынын бирин аткарып, өлкөсүнүн түштүк коңшусу Мексика менен чек арада дубал тургузуу боюнча жардыкка кол койду. Ал ошондой эле Сирияда коопсуздук зоналарын түзүүнү караштырып жатканын да ачыктады. Бул да Трамптын АКШга иммиграцияны чектөөгө байланышкан кеңири пландарынын алкагындагы чара болмокчу.

Чек аралардагы коопсуздукту чыңдоо жана АКШда мыйзамсыз жашаган мигранттарга чара көрүү боюнча шайлоо өнөктүгү учурунда берген убадаларын аткарууну караган алгачкы эки жардыкка президент Трамп 25-январда кол койду.

Ошол жардыктардын бирине ылайык эми АКШнын түштүк коңшусу жана мыйзамсыз мигранттар эң көп кирген Мексика менен 3200 чакырымга созулган чек арасында дубал курулмакчы.

- Биз түштүк чек арабыздагы кризистин ортосунда турабыз. Борбордук Америкадан миграциянын болуп көрбөгөндөй агымы Мексикага да, АКШга да зыянын тийгизүүдө. Биз дал азыртан тарта көрчү чаралар биздин эки өлкөнүн тең коопсуздугун чыңдайт деп эсептейм. Чек арасы жок өлкө, өлкө эмес. Бүгүнтөн тартып, Кошмо Штаттар чек араларын көзөмөлдөөгө, чек араларын алууга кайтууда. Ички коопсуздук министри чек ара дубалын курууну тезинен баштайт. Бул Мексикага да Борбордук Америкадан мыйзамсыз миграцияны токтотууга, кыянатчыл картел (кылмышкерлердин) түйүндөрүн талкалоосуна жардам берет, - деди президент Трамп Ички коопсуздук министрлигиндеги жыйында сүйлөп жатып.

АКШ менен Мексика чек арасынын бөлүктөрүндө дубал азыр деле бар, эми Трамптын планы боюнча чек араны бойлой толук жабыш керек.

Жардыкка кол койор алдында Эй- Би-Си телеканалы менен маегинде Трамп курулуш адегенде америкалык салык төлөөчүлөр эсебинен жүргүзүлөт, бирок чыгымды акыры аягында Мексика кайтарып берет деп ырастады, бирок ал төлөмдөр кандай жолдор менен алынарын чечмелеген жок.

АКШ президентинин жарыяларына тушташ Мексикадан президент Пенья Ньето да билдирүү менен чыкты.

- Мен Кошмо Штаттардын дубал курулушун улантуу боюнча чечимин колдобойм жана өкүнөм. Бул дубал бир нече жылдан бери бизди бириктирбестен бөлүп турат. Мексика дубалга ишенбейт. Мен кайра-кайра айткандай, Мексика кандай дубал болбосун төлөбөйт, - деген президент Ньето АКШдагы мексикалыктардын укуктарын коргоону да убада кылды.

Президент Трамп 25-январда кол койгон жардыктардын бирине ылайык мыйзамсыз мигранттарды кармап же камабаган АКШнын шаарларына федералдык бюджеттен бөлүнүүчү акча кыскартылат.

Америкалык медиадагы кабарларга караганда АКШнын администрациясы алдыдагы күндөрү антиимиграциялык чаралардын башкаларын да бекитет. Ал чараларды бири АКШга качкындардын келишине убактылуу тыюу салуу.

"Ассошейтед пресс", "Рейтер" агенттиктеринин жазганына караганда АКШга диний азчылыктардан башка качкындардын келүүсүнө тыюу салуу бийликтер келгиндерди текшерүү боюнча жаңы эрежелерди иштеп чыккыча бир нече айга созулат.

Мындан сырткары болочок чаралардын бири Ирак, Иран, Ливия, Сомали, Судан, Йемен, Сирия өңдүү өлкөлөрдүн жарандарына виза берүүнү токтотууну да карайт.

Маселен президенти Трамп 25-январда Эй Би Си телеканалы менен маегинде жарандык согуштан кутула элек Сириянын тургундары үчүн бул өлкөнүн өзүндө коопсуздук зонасын түзүүнү караштырып жатканын белгиледи:

- Мен, албетте, Сирияда адамдар үчүн коопсуздук зонасын түзөм. Менимче Европа миллиондогон адамдардын Германияга жана башка өлкөлөргө кирүүсүнө жол берүү менен абдан чоң ката кетирди деп эсептейм. Мен бул нерсе бизде кайталануусун каалабайм, бул апаатка жеринде көңүл буруу керек. Президент Обама, Хиллари Клинтон жана Керри (мурдагы мамлекеттик катчы) биздин өлкөгө он миңдеген адамдардын киришине жол берген. ФБР мурда террор менен байланышы бардыгын иликтеп жаткан адамдардын саны эң көп. Булар алар киргизген адамдардын тобунан.

"Рейтер" агенттиги көргөн документтин долбооруна караганда президент Трамп Сирияда коопсуздук зонасын түзүү боюнча планды үч ай ичинде даярдоону Мамлекеттик департамент менен Пентагонго тапшырат.

Сирияда кызыкчылыгы бар Орусия бул жаңылыкка этият мамилесин билдирип, Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Вашингтондун планы “качкындар боюнча кырдаалды курчутпоосу” зарылдыгына көңүл бурду.

Ал эми Сирияда коопсуздук зоналары түзүлүүсүн мурдатан жактап келген Түркия АКШ планын карап көрүүсү керектигин жана муну күтөрүн билдирди.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG