Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:09

Корей жарым аралын өзөктүк куралдан тазалоо аракети


Экранда АКШнын президенти Доналд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын тууралуу телеберүү көрсөтүлүп жатат. Түштүк Корея, 9-март, 2018-жыл.
Экранда АКШнын президенти Доналд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын тууралуу телеберүү көрсөтүлүп жатат. Түштүк Корея, 9-март, 2018-жыл.

АКШ, Түштүк Корея жана Жапония Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толугу менен тазалоону талкуулашты. Мындай жолугушуу Сан-Францискодо өткөнүн дүйшөмбүдө Сеул кабарлады.

АКШ президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт Макмастер түштүк кореялык кесиптеши Чун Ей Юн жана Жапониянын өкмөт башчысынын кеңешчиси Шотаро Ячи менен Сан Францискодо 18-мартта жолукканы белгилүү болду. Бул тууралуу расмий Сеул кабарлады. Маалыматка караганда, тараптар Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толугу менен тазалоо маселесин талкуулаган.

Жакында эле Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Түштүк Кореянын башчысы Мун Чже Ин менен апрелдин соңунда, ал эми Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп менен май айынын аягында жолугууга дилгир экени белгилүү болду.

Окуялардын мындай өнүгүшү Пхеньянды өзөктүк программадан баш тартууга алып барабы деген үмүткө жетелегени менен айрым байкоочулар буга анча ишенбей турушат. Алар расмий Пхеньян менен Вашингтон ортосунда сүйлөшүүлөр өтпөй калса, эки тарап ортосундагы касташуу күчөйт деп чочулашат.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана Түштүк Кореянын делегация башчысы Чон Ый Ён. 5-март, 2018-жыл. Пхеньян.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана Түштүк Кореянын делегация башчысы Чон Ый Ён. 5-март, 2018-жыл. Пхеньян.

Азырынча Түндүк Корея-АКШ сүйлөшүүлөрү кайда, качан болорун тактала элек. Буга чейин Швеция АКШ менен Түндүк Кореянын ортосундагы сүйлөшүүлөргө көмөкчү болуу ниетин билдирген. Бул тууралуу Швециянын тышкы иштер министри Маргот Вальсторм:

- Корей жарым аралындагы кырдаалга бүт дүйнө көз салып турат, анткени ал жактагы коопсуздук маселеси эч кимдин көңүл сыртында эмес. Азыр сүйлөшүүлөр абдан керек жана биз бул сүйлөшүүлөрдү уюштуруп берсек, кубанычтуу болмокпуз. Биз тараптар ортосундагы диалогго жана саясий процесске ишенебиз. Биз өз салымыбызды кошо алабыз деп ниеттенебиз, бирок тараптар өздөрү чечишет.

Мындай билдирүүнү Швециянын тышкы иштер министри Корей жарым аралындагы коопсуздук кырдаалы боюнча Стокгольмдо акыркы үч күн ичинде өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин жасады. АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын ортосундагы жолугушууну даярдоого жардам бериши мүмкүн делген бул сүйлөшүүлөргө Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ли Ён Хо катышты.

Түштүк Кореянын президенти Мун Чже ин жубайы менен жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Олимпиаданын ачылышында. Пхенчхан, 9-март, 2018-жыл.
Түштүк Кореянын президенти Мун Чже ин жубайы менен жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Олимпиаданын ачылышында. Пхенчхан, 9-март, 2018-жыл.

Ким Чен Ындын өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүгө макул болгонун айрымдар жакшы жышаан дегени менен көпчүлүк аналитиктер буга анча ишенбей турушат.

Алар Ким Чын Ын өлкөсү эл аралык кысымга карабай, далай жылдан бери өнүктүрүп келген өзөктүк программадан чын ниетинен баш тартпайт деп ишенишет.

Пхеньянга 5-6 мартта жогорку деңгээлдеги делегацияны жетектеп, Ким Чен Ын менен жолуккан Түштүк Кореянын президентинин коопсуздук боюнча кеңешчиси Чон Ый Ён "Түндүк Корея өзөктүк же ракета сыноодон карманууга" убада бергенин айткан эле.

Пхеньян буга чейин да эгер Түштүк Корея АКШ жана Жапония менен бирге өткөргөн аскерий машыгууну токтотсо, өзөктүк куралдан баш тартууга макул экенин билдирип келген.

Ал тапта Түндүк Кореянын жогорку даражадагы дипломаты Финляндияга барды. Ал жактан америкалык жана түштүк кореялык окумуштуулар, расмий адамдар менен жолугаары маалым болду.

Аналитиктер 20-21 март күндөрү өтө турган бул жолугушууда Түндүк Кореянын өзөктүк куралдан баш тартууга болгон ынтызарлыгын дагы бир ирет билдирет деген ниетте.

Түндүк Кореянын бийлик өкүлдөрү жана АКШнын мурдагы расмий адамдары, эксперттердин катышуусундагы жолугушуулар буга чейин да болуп келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG