Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:35

Трамптын Иран боюнча жаңы чечими жарыяланды


Доналд Трамп.
Доналд Трамп.

Кошмо Штаттарда президент Доналд Трамптын Иран боюнча жаңы чечими жарыяланды.

АКШ президентинин 12 -январдагы билдирүүсүнө караганда, ал бул жолу Иран боюнча санкцияларды жеңилдетүү мөөнөтүн узартат. Бул 2015-жылкы өзөктүк келишимдин шарты сакталат деген сөз.

Билдирүүсүндө Доналд Трамп санкциялар боюнча Иранга берилген жеңилдиктин мөөнөтүн "акыркы ирет" узартып жатканын, өзөктүк келишим өзгөртүлүүсү керектигин, болбосо АКШнын андан "чыгып кетүү тобокелчилиги" бардыгын эскерткен.

Ирандын борбордук банкына, мунай индустриясына каршы санкциялардан баш тарткан буга чейинки жобонун сакталып калганы менен, президент Трамп билдиргендей, АКШ Ирандын жогорку даражалуу адамдарына каршы жаңы санкцияларды киргизет.

Ал санкциялар Ирандын өзөктүк келишимге тикелей байланышы жок 14 адамы менен мекеме-ишканасына каршы багытталууда.

АКШнын Каржы министрлиги жаңы санкциялар Иранда адам укуктарынын "олуттуу бузулушуна", цензурага жана курал маселесине тиешелүү экенин маалымдады.

Санкциялык жаңы тизмедеги адамдардын эң таанымалы - Садик Ларижани, Ирандын сот системасынын башчысы жана парламент төрагасы Али Ларижанинин бир тууганы.

Каржы министрлигинин билдирүүсүндө Ларижани "Ирандын жарандары менен жашоочуларынын укуктары олуттуу бузулушуна буйрук берип, көзөмөлдөп, ишке ашырганы үчүн жоопкер экени" көргөзүлгөн.

АКШнын каржы министри Стивен Мнучин президент Трамптын чечими жарыяланга чейин, 11-январдагы басма сөз жыйында буларга токтолгон эле:

- Мен Иран боюнча жаңы санкцияларды күтүп жатам. Биз аларды караштыруудабыз, алдыда Иран боюнча көбүрөөк санкция болот. Президент ачык айткандай, Иран келишиминин көп жактары өзгөртүлүшү керек. Баллистикалык ракеталар болобу, башка маселелер болобу, Ирандын бул келишимден башка да ишмердиги көп. Биз бул келишимден тышкары иштер үчүн санкцияларды улантабыз, - деди

Стивен Мнучин.
Стивен Мнучин.

Ак үйдөгү өкүлдөрдүн айтымында, президент Трамп өзү мурдатан сындап, каршы чыгып келген Иран келишимин карманууну каалабаганы менен, башкы кеңешчилери аны мындайга барбоого чакырган. Бул маселеде ага Европадагы өнөктөштөрү да басым жасаган.

Келишимге Евробиримдиктен катышкан Британиянын, Германиянын жана Франциянын тышкы иштер министрлери жана Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф менен Брюсселде бейшемби күнкү жыйында алар өз тарабынан келишимди сактай турганын кайрадан ырасташты.

- Евробиримдик өзөктүк келишим боюнча абдан так турумун билдирди. Биримдикке мүчө мамлекеттердин министрлеринин былтыр октябрдагы жыйынында айтылган нерсе бүгүн кайталанды. Келишим иштеп жатат. Ал Ирандын өзөктүк программасын бекем көзөмөл жана байкоо астында кармоо боюнча башкы максатын атарууда. Евробиримдик мурдагыдай эле келишимдин толук жана натыйжалуу аткарылышын кездөйт, - деди Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү​ Федерика Могерини.

Федерика Могерини.
Федерика Могерини.

Иран менен келишимди сактоонун маанилүүлүгүн Франциянын президенти Эммануэл Макрон да президент Доналд Трамп менен 11-январь күнкү телефондук сүйлөшүүсүндө билдирген. Трамп болсо бул телефондук сүйлөшүүдө Иран Жакынкы Чыгыштагы “туруктуулукту бузган ишмердигин” токтотушу керек экендигине басым жасаган.

Кошмо Штаттардагы эреже боюнча президент ар токсон күн сайын Конгресске Иран өзөктүк келишимдин шарттарын аткарып же аткарбай жатканы боюнча маалымат берип турушу керек. 12-январь - ошондой маалымат бериле турган кезектеги мөөнөт. Буга чейин 13-октябрда Трамп "Тегеран эки жыл мурун жетишилген макулдашуунун талаптарын аткарып жатат" деп расмий бышыктоодон баш тарткан.

Иран 2015-жылы жайда дүйнөнүн алты ири державасы менен түзгөн көп тараптуу макулдашууга ылайык, ал өзөктүк программасын кыскартып, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар дээрлик жоюлган. Бирок АКШ Конгрессинин санкциялары али күчүндө.

Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭ "Тегеран келишимдин шарттарын сактап жатат" деген тыянакка келгени менен АКШнын азыркы лидерлери Иранды өзөктүк дүрмөт алып жүрө ала турган баллистикалык ракеталарын кайра-кайра сыноо менен келишимдин “маңызын бузуп жатканын” айыптап келишет.

Вашингтон Тегерандын өзөктүк келишимге кол коюлгандан кийинки ракеталык сыноолоруна жооп чара катары бир нече айлампа менен санкцияларды да киргизген.

Иран болсо "ракета сыноо келишимди бузган жок жана коргонууна гана максат кылат" деп мүнөздөйт. Мындан тышкары, Тегеран эгер АКШ өзөктүк келишимден чыкса, ал да чыгарын айтып жүрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG