Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:06

Иран маселеси: Еврошаркет АКШны көндүрө албай убара


Брюсселдеги жыйын. 11-январь, 2018-жыл.
Брюсселдеги жыйын. 11-январь, 2018-жыл.

Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жетекчиси Федерика Могерини бардык тараптарды Ирандын өзөктүк программасы боюнча түзүлгөн эл аралык келишимден тайбоого чакырды.

11-январда Брюсселде шаркеттин жогорку өкүлдөрү Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф менен жолугушту. Жума күнү болсо АКШнын президенти Доналд Трамп Тегерандын 2015-жылы түзүлгөн келишимди аткарып жатканын расмий бышыктаган же ага макул эмес экенин билдирген чечимин жарыялашы керек.

Могерини Ирандын, Франциянын, Британиянын жана Германиянын тышкы саясий мекемелеринин жетекчилери менен жолугушуудан кийин белгилегендей, мындан 2,5 жыл мурун жетишилген келишим негизги максатын аткарып жатат:

- Европа Биримдиги келишимди толук жана натыйжалуу ишке ашырууну колдой берет. Тегерандын өзөктүк пррграммасына байланыштуу киргизилген санкциялардын алынышы Иран менен экономикалык жана соода алакаларына, Иран элинин турмушуна оң таасир этишин камсыз кылыш үчүн аракеттенет.

Франциянын тышкы иштер министри Ив Ле Дриан “бардык тараптар келишимде каралган милдеттенмелерин аткарууга тийиш” деп, аны үзгүлткүккө учуратууга эч кандай жүйө жоктугун белгилеп, Кошмо Штаттарды документти урматтоого үндөдү.

Анын германиялык кесиптеши Зигмар Габриэл болсо Вашингтонго Тегерандын баллистикалык курал программасын жана анын Сирия согушундагы ролун өзүнчө бөлүп кароону сунуш кылды. Муну менен катар немис министри Ирандын Жакынкы Чыгыштагы ролуна кайрылууга АКШнын укугу бар экенин белгиледи.

12-январда АКШнын президенти Доналд Трамп Тегерандын 2015-жылы түзүлгөн келишимди аткарып жатканын расмий бышыктаган же ага макул эмес экенин билдирген чечимин жарыялашы керек.

Маселе менен жакындан тааныш айрым маалымат булактарынын ырастаганы боюнча, президент макулдашууда каралгандай жазалоочу чараларды алууну уланта берүү тууралуу жарыялайт деп күтүлүүдө.

Ошол эле учурда алар Трамп чечим кабыл алганда ирандык компанияларды бутага алган жаңы санкцияларды киргизиши мүмкүн экенин айтышат. Мындай чечим Ирандын алыска учуучу баллистикалык ракета чыгаруу программасына байланыштуу кабыл алынышы ыктымал.

"Андай болсо, Тегеран өзөктүк келишимди аткаруудан баш тартып коюшу мүмкүн", дешет байкоочулар.

Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсондун пикиринде, Ирандын өзөктүк куралга ээ болушун алдын алыш үчүн мындан жакшы альтернативаны азырынча эч ким ойлоп таба элек.

- Менимче, келишимге каршы болгондор маселени жөнгө салууга жардам берчү жакшыраак бир чечим сунуш кылышсын. Азырынча андай чечим жок. Ошол макулдашууну сактап калып, Иран калкы анда каралган экономикалык артыкчылыктардан пайдалана алат деп ишенем.

Трамп дүйнөлүк алты держава менен Иран 2015-жылдын жайында кол койгон келишимди сындап келатканы менен "АКШ андан чыгат" деп айта элек.

Тегеран Вашингтон андай кадамга барса, келишимден баш тартаарын 10-январда кайрадан эскертти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG