Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:26

АКШда вирусту жугузгандар миллиондон ашты


Детройт шаарындагы жапырт текшерүү, 28-апрель 2020-жыл.
Детройт шаарындагы жапырт текшерүү, 28-апрель 2020-жыл.

Кошмо Штаттарда коронавируска чалдыккандардын саны 1 миллиондон ашты. Европанын бир катар өлкөлөрүн улай Франция карантин чараларын жумшартуу жолдорун караштыра баштады.

АКШда айрым штаттарда жылыш байкалганы менен коронавируска чалдыккандардын жалпы саны өсүп жатканын соңку статистика күбөлөдү. Бул өлкөдө COVID-19 илдетин жугузуп алгандардын саны 1 миллион адамдан ашты. Бул дүйнө жүзүндө коронавируска чалдыккандардын дээрлик үчтөн бири Кошмо Штаттарга туура келет дегенди билдирет.

28-апрелдин таңына карата АКШда 58 348 адам өпкөнү сезгенткен бул илдеттен каза тапты. Бул 1955-1975-жылдар аралыгында Вьетнам согушунда мерт болгон америкалык аскерлердин санынан 128 адамга көптүк кылат.

Бирок бир миллион адамга канча өлүм туш келерин эсептегенде Кошмо Штаттар Бельгия, Испания, Италия сыяктуу тогуз Европа өлкөсүнүн артында турат. Президент Дональд Трамп илдетке чалдыккандардын санын көп болушун жапырт текшерүү аракети менен түшүндүрдү.

Президент Дональд Трамп.
Президент Дональд Трамп.

"Акыры бул сан нөлгө түшөт. Биз башкалардан кыйла көп тесттерди алып жатканыбызды түшүнүшүңөр керек. Тесттен өткөрсөң, илдетке чалдыккандардын саны өсөт", - деди АКШ президенти.

Буга чейин Ак үй АКШда эпидемия башталгандан бери 5,4 миллиондой адам коронавируска текшерилгенин, күн сайын 200 миңден адамды тесттен өткөрүү пландалып жатканын маалымдаган. Бирок АКШнын Аллергия жана инфекциялык оорулар боюнча улуттук институтунун башчысы Энтони Фаучи CNN телеканалындагы маегинде муктаж адамдарды тез арада текшерүүдөн өткөрүү маселеси көйгөй жаратып жатканын, мындай жарандардын баары май айынын аягына же июнь айынын башына чейин тесттен өтүүгө мүмкүнчүлүк алаарын билдирди.

АКШнын дээрлик бардык штаттарында бир нече аптадан бир ар кыл чектөөлөр иштеп келет. Бирок соңку күндөрү илдеттин жайылышы басаңдап бараткан Жоржия, Оклахома сыяктуу айрым штаттар чектелүү айрым бизнестердин ишин жандантта баштады.

Коронавируска байланыштуу карантинден улам Кошмо Штаттарда 25 миллиондой адам жумушсуз калды. Президент Трамп калкты тамак-аш менен туруктуу камсыз кылуу максатында эт азыктарын чыгарган ишканаларга ишин токтотпоо тапшырмасын берди.

Франция карантинди жумшартмай болду

Европанын айрым өлкөлөрүн улай Франция да жакында айрым чектөөлөрдү ала турган болду. Март айынын ортосунан бери карантин шартында жашап жаткан бул өлкөдө COVID-19 илдети 170 миңдей адамга жугуп, 23 миңден ашуун киши көз жумду.

Шейшемби күнү француз парламенти өкмөттүн чектөөлөрдү 11-майдан тартып четинен алууну караштырган планын колдоду. Бир нече депутаттар Францияда карантинди жумшартуу эрте экенин айтып, каршылык билдиргенине карабастан өкмөт башчы экономикага көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Франциянын премьер-министри Эдуар Филипп.
Франциянын премьер-министри Эдуар Филипп.

"Биз вирус менен жашашыбыз керек болот. Жакын арада вакцина табылбай турганын, дарылоо курсу жок экенин, жалпы иммунитет пайда боло электигин эске алганда вирус биздин арабызда жүрө берет. Бул факт", - деди Франциянын премьер-министри Эдуар Филипп.

Коңшу Испания да 4-майдан тарта төрт фаза менен карантинди жумшартканы жатат. Премьер-министр Педро Санчес вирус ушундай темп менен жайлай турган болсо, Испания июнь айынын ортосунда кадыресе турмушка кайтышы мүмкүндүгүн айтты. Испания коронавируска чалдыккандардын саны боюнча АКШдан кийинки экинчи орунда турат. Бул өлкөдө 232 миңден ашуун адам илдетке чалдыкса, 23 миңден ашууну каза тапты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму карантин чараларын алууда чебердеп туруу зарыл экенин, пандемия аягына чыкты деп айтууга эрте экенин билдирген. Уюмдун маалыматы боюнча, учурда Түштүк Америка, Чыгыш Европа, Африка жана Азия өлкөлөрүндөгү абал тынчсыздануу жаратып жатат.

СOVID-19 эң көп жайылган сегиз мамлекеттин катарына кошулган Орусияда соңку бир сутка ичинде 5841 адамдан вирус табылды. 29-апрелге карата илдетке чалдыккандардын жалпы 99 399 адамга жетти. Көз жумган бейтаптардын саны миңге чукулдады.

Вирус адеп башталган Кытайда соңку 13 күндөн бери бир дагы бейтап коронавирустан каза тапкан жок. Декабрь айынан бери бул өлкөдө жалпысынан 4633 киши COVID-19 илдетинен көз жумду. Бирок эл аралык эксперттер жана айрым Батыш өлкөлөрү Кытайдагы эпидемиянын масштабынан күмөн санап келишет.

Расмий Бээжин март айынын башында кийинки жылдырылган парламенттин жылдык эң чоң жыйынын 22-майда өткөрө турган болду. Бирок бул саясий иш-чара видео-конференция аркылуу өткөрүлөрү же 3 миңдей делегаттын баары Бээжинге чогулаары азырынча так белгисиз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG