Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:26

Дания Гренландияны АКШга сатпайт


Гренландия.
Гренландия.

АКШнын президенти Дональд Трамп Данияда сентябрдын башында өтмөкчү болгон сапарын токтотту.

Буга Даниянын өкмөт башчысы Гренландияны сатуу маселесин талкуулоодон баш тартканы себеп болду. Даниянын премьер-министри Трамптын аралды сатып алуу тууралуу ниетин «абсурд» деп атаган.

АКШнын президенти Данияга пландалган иш сапарын токтото турганын 20-августта «Твиттер» баракчасына жазды. Ал бул чечимин Даниянын премьер-министри Метте Фредериксендин аны менен жолугушууда Гренландияны сатуу мүмкүнчүлүгүн талкуулабай тургандыгын айтканы менен түшүндүрдү.

«Дания – сонун эли бар өзгөчө өлкө, бирок премьер-министр Метте Фредериксендин Гренландияны сатуу маселесин талкуулоого кызыкчылыгы жоктугун айтканына байланыштуу эки жумадан кийинкиге пландалган жолугушууну башка учурга жылдырам», деп жазды Трамп «Твиттерге».

Ошол эле кезде ал Метте Фредериксенге оюн түз айтканы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Премьер-министр тартынбастыгы менен АКШ үчүн да, Дания үчүн да көптөгөн чыгымдарды жана күч-аракетти үнөмдөп калды. Бул үчүн ага ыраазычылык билдирем», деди АКШнын президенти «Твиттерге» кийинки жазган сөзүндө.

Дональд Трамп Данияга 2-3-сентябрда бармак. Ал Даниянын жетекчилиги менен Арктикага байланышкан маселелерди талкуулаганы жаткан. Ак үйдөгү булактар сапар толук токтотулганын ырасташты. Трамп өткөн жума күнү Гренландияны сатып алуу тууралуу «стратегиялык кызыкчылыгы» бар экенин жеке өзү тастыктаган.

«Дания чындыгында ага ээлик кылат. Биздин Дания менен жакшы байланышыбыз бар. Биз дүйнөнүн көп бөлүгүн коргогондой эле Данияны да коргойбуз. Стратегиялык жактан биз буга кызыкчылыгыбыз бар жана биз бул тууралуу кичине сөз кылабыз. Бирок бул күн тартибиндеги биринчи маселе эмес», - деген ал.

Метте Фредериксен 19-августта Гренландиянын, Даниянын жана АКШнын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты мындан ары да күчөтүүгө кызыкчылыгы бар экенин айтып, бирок Трамптын сунушун «абсурд» деп атаган. Ал Трамп Гренландия тууралуу айткан кезде ушул аймакта жумуш сапары менен жүргөн.

Метте Фредериксен.
Метте Фредериксен.

«Гренландия сатылбайт. Гренландия – бул Дания эмес. Гренландия Гренландияга карайт. Мен чын дилимден бул сөздөр жөн гана айтылды деп үмүттөнөм», - деген ал «Sermitsiaq» гезитиндеги маегинде.

Гренландия - Атлантика менен Түндүк муз океанынын ортосунда жайгашкан ири арал. Аны сатып алуу маселеси өткөн кылымда АКШнын башка президенттеринин учурунда да сөз болгон. Дания менен Кошмо Шаттардын ортосунда 1951-жылы түзүлгөн келишимге ылайык, Гренландиянын түндүгүндөгү Туле аба базасында америкалык аскерлер жайгаштырылган.

Гренландия – Дания падышачылыгынын курамына кирген, ошол эле кезде кеңири укуктары бар автономиялык аймак. Бул чоң арал 1536-жылдан 1953-жылга чейин Даниянын колониясы болгон. 1978-жылы Дания парламенти Гренландияга автономия укугун берген. Аймак ички иштери менен өзү алектенсе, Копангаген анын тышкы саясаты жана коргонуу маселелери менен алпурушат.

Аймак 1973-жылы Дания Европа Биримдигинине мүчө болгондо автоматтык түрдө ага кирип калган. Бирок 1982-жылы референдумда аймактын эли уюмдан чыгууну колдогон.

Гренландия.
Гренландия.

Жергиликтүү эл Еврошаркеттин катаал талаптары аралдын тышкы соодасына терс таасир этет деп эсептеген. Гренландиянын башкы соода өнөктөштөрү – АКШ менен Канада экени белгилүү.

Копенгаген автономиялык аймактын экономикасын колдоо жана социалдык программаларын каржылоо үчүн ири суммадагы каражат бөлөт. Гренландиянын киреше бөлүгүнүн жарымын Даниянын бюджетинен берилген дотациялык каражат түзөт. 2015-жылдагы маалымат боюнча, аралда жумушсуздуктун деңгээли 9% түзгөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG