Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:33

Днепр: Аза күтүү күнү жарыяланды, Зеленский жардам сурады


Днепрге жасалган чабуулдун кесепеттери. 03-июль 2024-жыл
Днепрге жасалган чабуулдун кесепеттери. 03-июль 2024-жыл

4-июлда облуста аза күтүү жарыяланды. Шаршембиде таңга маал Орусиянын чабуулдарынан Днепрде беш киши набыт болду, 27 киши жараат алды. Орусия Белгород, Брянск, Москва облусунун үстүнөн дрондор, Кара деңизде эки экипажсыз катер жок кылынганын билдирди.

Согуш башталгандан бери Киевге биринчи жолу келген Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан президент Владимир Зеленскийге ок атышууну токтотуп, тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоону сунуштады.

Днепр: Чабуулда беш киши мерт кетти

Украин президенти Владимир Зеленский 3-июлда Днепр аймагында Орусиянын кеминде беш кишинин өмүрүн алган кезектеги ракеталык чабуулунан кийин Батышты өлкөнүн абадан коргонуу системасын бекемдөөгө, алыска жете алуучу курал-жарак жагынан жардамдашууга дагы бир жолу чакырды.

"Орусиянын бул террорун эки гана нерсе токтото алат – заманбап абадан коргонуу системалары жана биздин курал-жарагыбыздын алыскы аралыкка жетүү мүмкүнчүлүгү. Дүйнө адамдардын өмүрүн сактап кала алат жана бул үчүн лидерлердин чечкиндүүлүгү зарыл болууда. Террордон коргоону кайрадан нормага айландыра ала турган жана ошого милдеттүү болгон чечкиндүүлүк ", - деп жазды Зеленский X (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүнө.

Зеленский Украинанын асманын коргоп берүүгө жардамды согуш башталгандан бери тынбай сурап келе жатат. 30-июнда Запорожье облусунун Вольнянск шаарында жети киши каза болгон, 35 киши жараат алган чабуулдан кийин ал «Орусиянын күнүмдүк террорун жеңип чыгуу» үчүн «орусиялык террорчуларды жана [ракета учурган] жабдыктарын жеринде талкалоо керек» экенин айткан.

Днепр шаарынын мэри Борис Филатов шаршембиде таңга маал орус армиясынын ракета жана дрон чабуулунан адам өмүрү кыйылып, жараат алгандар болгонун билдирди. Шаарда мектеп, бала бакча жана оорукана өрттөнгөнү кабарланды.

4-июлда облуста аза күтүү жарыяланды.

Харьков облусунун Изюм шаарына жакын Боровая айылында аба соккусунан бир жайкын тургун мерт болуп, бир киши жараат алганы айтылууда. Облустук прокуратура 10 турак жай, чарбалык курулуш, дүкөн жана административдик имарат зыянга учураганын маалымдады.

Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги шаршембиге караган түнү Белгород облусунун аймагында беш, Брянск аймагында төрт, Москва облусунун үстүнөн бир дрон, Кара деңизде Новороссийск багытында бараткан эки экипажсыз катер жок кылынганын кабарлады.

Новороссийск шаарынын мэри Андрей Кравченко түндө шаарга экипажсыз катерлер чабуул койгонун билдирип, тургундарды үйдөн чыкпоого чакырды. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Кремль шейшембиде Украинанын аскердик аэропортторуна кластердик бомбалар менен сокку уруп, беш согуштук учакты жок кылганын, соңку 24 сааттын ичинде дагы экөөнү талкалаганын билдирди.

Экипажсыз катер.
Экипажсыз катер.

"Интерфакс" агенттиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын расмий отчетуна шилтеме берип, соңку суткада 158 аскердик кагылышуу катталганын, анын 32си Торецк багытында болгонун жазды. Белгилей кетсек, Орусия Северск жана Торецк багыттарында чабуулдарын активдүү жүргүзүүдө.

Согушту изилдөө институту ( ISW ) орус аскерлери Торецкти басып алгандан кийин, бул аймакты түндүккө же түштүк-батышты көздөй чабуул жасоо үчүн трамплин катары колдонорун божомолдойт.

"Oк атышууну токтотуп, тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү мүмкүнбү?"

2-июлда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Киевде жолукту. Ал ок атышууну токтотуп, тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо сунушун айтты.

"Мен Зеленскийден адегенде ок атышууну токтотуп, андан кийин тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү мүмкүнбү деп сурадым. Анткени ок атышууну токтотуу бул сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн тездетүүгө шарт түзмөк", - деди Орбан.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жолугушуусу. Киев. 2-июль, 2024-жыл
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жолугушуусу. Киев. 2-июль, 2024-жыл

Ал эми Владимир Зеленский жакында Швейцарияда өткөн тынчтык саммитинин коммюникесин колдогону үчүн Венгрияга ыраазычылык билдирип, Орбандын сунушуна жооп берген жок.

Орбан Венгриянын украиналык качкындар үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылууну уланта турганын белгиледи. Белгилей кетсек, ал Зеленскийдин Венгрияда украин тилдүү мектеп ачуу сунушун колдоду.

Венгр өкмөт башчысы согуш башталгандан бери биринчи жолу Киевге келди. Будапешттин Украинадагы согуш боюнча позициясы ал мүчө болгон Евробиримдиктеги жана НАТОдогу көпчүлүктүн көз карашынан айырмаланат. Будапешт тынчтык сүйлөшүүлөрү эч кандай шарт койбостон уюштурулушу зарыл деп эсептейт. Киев үч жылдан бери агрессияга кабылып келаткан, жабыркап турган тарап катары шарт коюуга укуктуу экенин белгилөөдө.

Орбан Батыштын Украинага аскердик жардам берүүсүн да кескин сындап келет. Киевдин Европа Биримдигине мүчөлүккө кабыл алынышы боюнча сүйлөшүүлөргө да башында каршы болгон.

АКШ Украинага 2,3 млрд долларлык жардам бөлөт

Ал тапта Кошмо Штаттар жакында Украинанын коопсуздугу үчүн 2,3 миллиард доллардан ашуун өлчөмдөгү аскердик жардам бөлөрүн коргоо министри Ллойд Остин шейшембиде Вашингтондо украин коргоо министри Рустем Умеров менен жолукканда билдирди.

"Бул жолку жардам танк чабуулдарына каршы каражаттардан, абадан коргонуу тосмолорунан турат жана NASAMS, Patriot абадан коргонуучу тосмолорун сатып алууну тездетүүгө мүмкүндүк берет", - деди Остин.

Рустем Умеров жана Ллойд Остин.
Рустем Умеров жана Ллойд Остин.

Украина бийлиги Орусиянын чабуулдарынан коргонууга зарыл системаларды жөнөтүүнү союздаштарынан бир нече айдан бери өтүнүп келе жатат.

Орусиянын абадагы артыкчылыгы анын учактарына Украинанын позицияларын талкалоо үчүн башкарылуучу бомба сыяктуу оор ок-дары колдонууга мүмкүндүк берүүдө.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага кол салгандан кийинки алгачкы жылы Украина Батыштагы союздаштары жөнөткөн курал-жарактын жардамы менен орусиялык чабуулдарга туруштук бере алган, бирок былтыр андай жардам дээрлик токтоп, фронтто оор абал түзүлгөн. Быйыл жазында гана жардам кайра улана баштады.

30-июнда украин президенти Владимир Зеленский өлкө абадан коргонуусун бекемдөөгө абдан муктаж болуп жатканын билдирип, "Орусиянын күнүмдүк террорун жеңип чыгуу" үчүн "орусиялык террорчуларды жана [ракета учурган] жабдыктарын жеринде талкалоо керек" экенин жана Украинадагы заманбап абадан коргонуу системеларынын санын көбөйтүү зарылдыгын айткан.

Украина: Батыштын куралы Москвага чейин жетеби?
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:55 0:00

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG