Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Киев: жикчилдер менен элдешүүгө каршылык


Украина -- Орусиячыл жикчилдерге каршы антитеррордук операцияларды улантууну талап кылган демонстрация. Киев, 29-июнь, 2014.
Украина -- Орусиячыл жикчилдерге каршы антитеррордук операцияларды улантууну талап кылган демонстрация. Киев, 29-июнь, 2014.

29-июнда Киевде Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдерге каршы антитеррордук операцияларды улантууну талап кылган демонстрация өттү. Ушул эле күнү өткөн телефон сүйлөшүүсүндө Орусия, Германия жана Франциянын лидерлери украин президенти Петро Порошенкону элдешүүнү улантып, ок атпоо шартын сактоого чакырышты.

Бүгүн, 30-июнда жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 11де украин армиясы менен орусиячыл жикчилдер ортосундагы элдешүү же өз ара ок атышпоонун мөөнөтү аяктайт. Бир жумага созулган ок атпай туруу жараянын президент Петро Порошенко 27-июнда дагы үч күнгө узарткан болчу. Ага карабай өкмөттүк күчтөр менен жикчилдер арасында жаңы салгылашуулар болду.

29-июнда украин армиясынын билдиришинче, соңку 24 саатта Орусияга чек аралаш аймактарда беш жоокер окко учуп, бери дегенде 17 жоокер жарадар болгон. Үч жоокер Донецк облусундагы Словянкс шаарынын четиндеги постко жасалган чабуул кезде катардан чыккан, а эки жоокер Луганск облусунда аскерий черүүгө жасалган чабуулда курман болгон.

Козголоңчулар жекшемби күнү Донецкидеги зениттик-ракеталык бөлүктү басып алышканы жана бир нече жоокерди туткунга алганы да кабарланды.

Мындай жагдайда Киевде өлкө чыгышындагы атышууларды токтоткон жарлыкты жокко чыгарууну жана аймакка аскерий абал киргизүүнү талап кылган демонстрация өттү. Алардын айрымдары аскерий формачан жана бет кап кийип жүрүштү.

Юра деген демонстранттын Ройтер агенттигине айтымында:

- Ок атпоо жөнүндөгү бир апта мурдакы бир жактуу жараян биздин жоокерлердин өлүмүнөн башка эч кандай жыйынтык бербеди. Кошумча жарыяланган 72 сааттан да эч натыйжа болбойт. Бул өз максатына жетүү үчүн колуна курал алган террорчулар менен алар сүйлөгөн тилде гана сүйлөшүү мүмкүн экенин жана бул күчтүн тили экенин түшүндүрөт.

“Азаттык” радиосунун украин кызматынын билдиришинче, Киевде президент кеңсесинин жанына чогулган миңдеген протестчилер “террорчуларга” каршы согушуп жаткан ыктыярдуулардын батальондоруна жетерлик каруу-жарак берүүнү жана өлкө чыгышындагы антитеррордук операциянын катышуучуларына социалдык кепилдиктердин берилишин да талап кылышты. Андан тышкары Порошенкону жикчилерди колдогону үчүн Орусияга каршы санкцияны күчөтүүнү Европа Биримдигинен суранганга үндөштү.

29-июнь күнү Украинанын чыгышындагы абалды Германия, Орусия, Франциянын лидерлери Ангела Меркел, Владимир Путин, Франсуа Олланд жана Петро Порошенко телефондон талкуулашты. Төрт жактуу телефон сүйлөшүүсү 2 сааттан узакка созулуп, лидерлер “коопсуздук кырдаалын жакшыртуу үчүн конкреттүү кадамдарды жасоонун, ок атышпоо шартын узартуунун” жана Порошенко сунуш кылган “тынчтык планын маанилүүлүгүн талкуулашканын” президент Олланд билдирди.

Эгер Порошенко сунуш эткен 15 пункттан турган тынчтык планын аткарууда оң жылыштар болбосо, Евробиримдик Москвага каршы “катаал чара” колдонууга даяр экенин канцлер Меркель мурда эскерткен.

Кремлдин билдиришинче, төрт лидер ошондой эле Порошенкону Украинанын чыгышындагы элдешүүнү улантууга чакырышкан. Порошенконун айтымында, төрт лидердин телефон баарлашуусу 30-июнда кайра болот.

XS
SM
MD
LG