Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:53

Орусияда "Эркин Европа/Азаттыктын" мурдагы кабарчысы төрт жылга кесилди


Ника Новак сот залында.
Ника Новак сот залында.

Орусияда "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун мурдагы кабарчысы Ника Новак "чет элдик уюм менен жашыруун кызматташкан" деген айып менен жалпы тартиптеги абакка төрт жылга соттолду. Бул тууралуу 26-ноябрда тергөөнүн жүрүшүнөн кабардар булактар билдиришти.

Сот Чита шаарында өттү. "Сибирь.Реалии" программасынын мурдагы автору Новак былтыр декабрда Москвада кармалган, кийин аны Сибирге которушкан. Кылмыш иши жабык тергелип, эч кандай маалымат берилген эмес.

Журналист ChitaMedia тобунда иштеген жана Zab.ru сайтынын башкы редактору болгон. 2022-жылы ал "Эркин Европа/Азаттыктын" "Сибирь.Реалии" программасы менен кызматташкан.

"Мемориал" укук коргоо уюму кабарчыны саясий туткун деп тааныган. Орусияда 2022-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, чет элдик уюм менен купуя кызматташкан адамдарды мамлекеттик сыр деп эсептелбеген, купуя эмес маалымат алмашса деле кылмыш жообуна тартууга жол ачылган.

Бул берене менен алгачкылардан болуп орусиялык активист Павел Пищулик соттолгон. Пенза облусунун тургунуна иш 2022-жылы октябрда козголгон. Тергөөчүлөр ал Украинанын атайын кызматы менен кат алышканын билдиришкен.

Орусия бийлиги 2022-жылы февралда Украинага каршы согуш ачып, мындай саясатын колдобогон, сындаган жарандарын түрдүү себептер менен камакка алууда. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG